Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:42

Бакыт Төрөбаевдин саясий дымагы


Бакыт Төрөбаев
Бакыт Төрөбаев

Соңку учурда бийликке ыктаган айрым маалымат каражаттары Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын төрагасы Бакыт Төрөбаевди сындаган макалаларды жарыялай баштады.

Жарыяланган макалаларда Төрөбаевдин партиясын мурунку президент Курманбек Бакиевдин жакын чөйрөсүндөгү адамдар каржылайт деген жоромолдор айтылат.

Президент Алмазбек Атамбаев кийинки мамлекет башчылыкка Төрөбаев барып калса таң калбай турганын, анткени ал системалуу иш жүргүзүп жатканын айтып өткөн. “Өнүгүү-Прогресс” шаардык кеңештерге шайлоого катышты жана жалпысынан начар эмес добуш жыйнады. Талдоочулар Бакыт Төрөбаевдин саясий баралын ар түрдүүчө баалашат.

“Ак жолдон” кесилген тушоо

Бакыт Төрөбаевдин саясаттагы тушоосу Курманбек Бакиевдин “Ак жол” партиясында кесилген. Ал 2007-2009-жылдары бул партиянын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болгон. Парламентте жүргөндө “Ак жол” өлкөдө саясий туруктуулукту орнотту, оппозицияны эл ээрчибейт деген сөздөрдү айтканы белгилүү.

2009-жылдын этегинде өкмөт башчы Данияр Үсөнов менен ачык араздашып кызматтан кеткен Камчыбек Ташиевдин ордуна чукул кырдаалдар министри болуп Төрөбаев күтүүсүз дайындалган. Бул тармакта бир да күн иштебеген, тажрыйбасы жок адамдын мындай секиригин бийликтеги эки ири топтун тиреши, регионалдык фактор менен да байланыштырышкан.

Ал министр болуп жарым жылга жетпеген гана убакыт иштеди. 2010-жылы бийлик күч менен алмашканда чет өлкөгө чыгып кеткен. Бакыт Төрөбаевди “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов өзү чакырган. Ушул чөйрөнү ичинен билгендердин айтымында, Төрөбаев адеп "коомчулук Бакиев жана анын айланасында жүргөндөрдү кодулап, жерийт" деп санааркап, макул болгон эмес экен. Бирок Бабанов аны бир топ аракет менен көндүргөн.

“Республиканын” тизмесине кирген Төрөбаев “Азаттыкка” берген маектеринин биринде бул партиянын парламентке келишине чоң салым кошконун айткан. Аны менен катар биринчи жолу “Ак жол” партиясынан депутат болгонуна мактанган:

- Анда биз жаштардын атынан келгенбиз. Ошол кезде ушундай сунуш болсо жаштардын баары эле ага макул болмок. Мен өзүм так жүрдүм. Бюджеттин акчасын уурдаган жокмун. Кимдир бирөөнү мажбурлап, анын мүлкүн тартып алган эмесмин. Мен эл алдында тазамын. Эгерде кимде ким мамлекетке зыян келтирсе, аны соттош керек.

2013-жылы Бакыт Төрөбаев баштаган төрт депутат “Республика” фракциясынан бөлүнүп чыгып “Өнүгүү” деген депутаттык топ түзгөн. Андан бир жыл мурун Төрөбаевдин “Өнүгүү” партиясы жергиликтүү кеңештерге шайлоого өз алдынча катышкан.

Бириндеген биригүүлөр...

2013-жылдын этегинде Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов менен ачык жакындаша баштаган. Жыл этегинде Ошто Мырзакматовду колдогон митингде жүздөгөн адамдын алдында эки партия бириге турганы, атайын келишимге кол коюлганы, саясий айдыңда чогуу болуп шайлоого бирге аттанары жарыяланган.

Мырзакматов менен Төрөбаев бири-бирине калпак кийгизип, чепкен жаап айтор бул биригүү чоң шаан-шөкөт менен коштолгон. Андан көп узабай Мырзакматовго кылмыш иши козголуп, төбөсүнөн кара булут айлана баштаганда Төрөбаев үн каткан эмес, экөө эки башка жолго түшкөн.

Төрөбаев 5-чакырылышта депутат болуп турганда коалициялык көпчүлүк, Кумтөр маселесин чече албай жаткан өкмөт боюнча кескин билдирүүлөрдү жасаган.

"Республиканы" парламентке биз алып келгенбиз"

"Республиканы" парламентке биз алып келгенбиз"

"Республиканы" парламентке биз алып келгенбиз"
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:44 0:00

"Азаттыктын" эки-бир форматындагы саясий маектин кезектеги коногу "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясынын лидери, Жогорку Кеңешке "Республика" партиясынын тизмеси аркылуу шайланган депутат Бакыт Төрөбаев. Саясатчы кабарчыларыбыз Бурулкан Турдубек кызы менен Айданбек Акмат уулунун суроолоруна жооп берди.

2015-жылкы парламенттик шайлоонун алдында Төрөбаев башка партиялар менен биригүүгө аракет жасаган.

Тактап айтканда, белгилүү ишкер Аскар Салымбековдун “Эмгек” партиясы менен сүйлөшүү жүргүзгөн. Бирок эки ишкер тил табыша албагандыктан бириккен эмес. Экөө эмнеден улам келише албай калганы бүдөмүк бойдон калган.

Шайлоого өз партиясын сүрөп чыгып, 13 мандат алды. Быйыл жазында Асылбек Жээнбеков Жогорку Кеңештин төрагалык кызматынан кеткенде спикерлик орун үчүн талаш чыккан. Ага атаандаш болуп ошол кездеги “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канат Исаев чыккан.

Анын фракциялашы Мирлан Бакиров Төрөбаевдин лидерлик сапаттарын мактады:

- Саясаттагы лидерлик касиет, сапат – калыстык жана тазалык. Мындай сапаттар Бакыт Төрөбаевде бар. Партиялашы болобу, жөнөкөй катардагы адам болобу, баарына бирдей мамиле кылганга аракет кылат. Мына ушундай сапаттар жанына команда топтоого, келечекке жол салууга жакшы шарт түзүп, өбөлгө болуп келе жатат.

Конституциялык реформага каршылык

Төрөбаев конституциялык реформаны башында колдогону менен кийин караманча каршы чыкты. Ал парламентте айрыкча Социал-демократтар фракциясынын Баш мыйзамды чукул өзгөртүү демилгесин бир канча жолу айыптады:

- Урматтуу депутаттар, бул жерде жол-жобо бузулуп жатат. Жоопкерчилик бизде болот, анткени биз добуш берип, чечимди биз кабыл алып жатабыз. Эртең буга ким жооп берет? Тарыхта биз калабыз. Силер Конституцияны мыйзам бузуу менен өзгөрткөнсүңөр деп эртең бизден сурап калышы мүмкүн.

Төрөбаев: Эртең жооп берип калабыз
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:03 0:00

Бакыт Төрөбаев конституциялык реформа боюнча каршы пикирин байма-бай билдирип жаткан чакта аны президент Атамбаев каарып өткөнү белгилүү.

Сирияда согушта өлгөн орус жоокердин үй-бүлөсүн Ысык-Көлдө эс алдырып, ошонун чыгымынын баарын Төрөбаевдер төлөгөн. Мына ушинтип ал Кремлдеги адамдарга жол таап жүрөт. Алмазбек Атамбаев президент болушу мүмкүн деп Бабанов экөөнүн атын бекер атаган жок. Менин баамымда, президент экөөнү кайраштыргысы келип жатат.
Турат Акимов

Сентябрда Бишкекте "Газпром” ишканасы курган спорт комплексинин ачылышында Баш мыйзамды өзгөртүүгө мурунку президент Курманбек Бакиевдин командасында жүргөндөр каршы чыгып жатат, алар мансапкорлор деп айыптаган:

- Азыр бийликти сындап жаткан “Бир Бол” партиясындагы адам учурунда “Ак жол” партиясында кызмат кылып жүрчү. Бизди түндүк-түштүк альтернативдик жолго насыя алып жатканыбызды жылуу үйүндө отуруп алып сындап жатат. Ошол эле учурда башка айдоочулар жүк ташуучу автоунаа менен ашууда жүрөт. Сындагандардын катарында Бакыт Төрөбаев да бар. Булар дагы деле Бакиевдерге кызмат кылып жатат окшойт. Азыр Конституцияны сындап жатат, аларга өлкөнүн жарык болгонунун, жолдордун курулганынын кереги жок. Аларга мандат жана байлык керек.

Ушул ай башында Атамбаевдин Бакыт Төрөбаев тууралуу пикири өзгөргөнү маалым болду. Маалымат жыйында Төрөбаевди ырааттуу саясат жүргүзгөн адамдардын катарына кошкон жана президент болуп калса таң калбай турганын айткан.

Ушул тушта бийликчил жана бийликке ыктаган маалымат каражаттары маал-маалы менен Бакыт Төрөбаевди сындаган макалаларды жарыялап жатат. Анда Төрөбаевдин партиясын мурунку президент Курманбек Бакиевдин чөйрөсүнө жакын адамдар каржылайт деген мазмундагы дооматтар айтылган.

Төрөбаевдин партиясы соңку шаардык кеңештердеги шайлоого катышты жана жакшы эле добуш топтоп, шаардык кеңештин басымдуу бөлүгүнө илине алды. Бишкекте шаардык кеңешке өткөн беш партиянын ичинен үчүнчү болду. Бул партияны “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев өзү колдоп чыкты.

Учурда Бакыт Төрөбаев Өмүрбек Текебаев жана мурунку өкмөт башчы Темир Сариев менен биригиши ыктымал деген жоромол бар.

Президенттикке план

Эксперттер Бакыт Төрөбаевдин саясатчы катары дареметин, чарк-чамасын ар түрдүүчө баалашат.

Бир топ партияга кирип-чыгып жүрүп саясий көз карашы тез эле алмаша берген адам экени анык болуп калды. Ал бийлик менен тымызын иштеген топтун эле адамы. Анын жанындагы, тобундагы адамдардын баары акчалуу, ошол акчасын сактап көбөйтүүгө аракет жасаган балдар.
Турат Акимов

Талдоочу Турат Акимов саясий көз карашы туруктуу эмес экенин жана артында убагында саясатта жүргөн, жооптуу кызматтарды ээлеген адамдар турат деп жоромолдойт:

- Бир топ партияга кирип-чыгып жүрүп саясий көз карашы тез эле алмаша берген адам экени анык болуп калды. Ал бийлик менен тымызын иштеген топтун эле адамы. Анын жанындагы, тобундагы адамдардын баары акчалуу, ошол акчасын сактап көбөйтүүгө аракет жасаган балдар. Ошондуктан саясий көз карашы туруктуу болбой кайсы жакта күч болсо ошол жакка ыктап жүрөт. Бакыт Төрөбаевдин азыр сөзүн айта турган трибунасы, акчасы, тажрыйбасы бар. Президент, анын жакын адамдары менен чабышып, кармаша элек. Бийликтен кысым көрө элек. Өзүн этият алып жүрөт, өздөрүнүн позициясын көрсөткөнгө аракет кылат. Бирок бизде чоң саясатка келүү үчүн административдик ресурстун күчүн, сүрүн сезип-билип туруш керек. Оолугуп эле өзүмдү өзүм билем дей берсе же Урмат Барыктабасовдой болот, же Мырзакматовдун тагдырын кайталайт. Саясий куугунтукка кабылат. Бизде саясий күрөштүн ыкмасы ушундай, муну эске алуу керек.

Бакыт Төрөбаев президенттикке дымагын жашырбайт. Турат Акимов президенттикке түрдүү ыкма менен жол чаап, анын ичинде Кремл менен ымаласын бекемдөөгө аракет жасап жүрөт дейт:

- Москвада мурда Ошто КГБда иштеп кеткен адам менен жолугуп, ошолор менен сүйлөшүп, таасирлүү орус аткаминерлери менен мамиле курганга, колдоосун алганга аракет кылып жүргөнү тууралуу маалыматым бар. Сирияда согушта өлгөн орус жоокердин үй-бүлөсүн Ысык-Көлдө эс алдырып, ошонун чыгымынын баарын Төрөбаевдер төлөгөн. Мына ушинтип ал Кремлдеги адамдарга жол таап жүрөт. Алмазбек Атамбаев мунун баарын билет. Президент болушу мүмкүн деп Бабанов экөөнүн атын бекер атаган жок. Менин баамымда, президент экөөнү кайраштыргысы келип жатат. Эми Төрөбаевди жаман деп айта албайм. Ал жогорку кызматтарды ээлеп, коррупциялык айла-амалдар менен аты чыгып, кайсы бир кылмыштар боюнча айыпталган эмес. Акырын тапталып келе жатат. Акчалуу адам. Мунун атасы чоң саясатчы болгон, маанилүү кызматтарда жүргөн. Кубанычбек Кулматов, Бакыт Төрөбаев дегендер Советтер Союзунун тушунда “эркетайлар” болгон деп айтса болот.

43 жаштагы Бакыт Төрөбаев жогорку билимдүү, 1999-жылы Улуттук университеттин экономика факультетин аяктаган. Ишин 1995-жылы “Жамиля жана К” деп аталган коммерциялык фирмада биштаган. 1998-1999-жылдары дыйкан чарбаны жетектеген. 2000-2007-жылдары “Мариям” ун комбинатын башкарган.

Бакыт Төрөбаев тектүү жерден чыккан. Анын атасы Эргеш Төрөбаев Жогорку Кеңештин бир канча жолку чакырылышынын депутаты болгон. Советтер Союзунун тушунда Жалал-Абад облусунда энергетика тармагында жооптуу кызматтарда иштеген.

2014-жылы Жогорку Кеңештеги “Ар-намыс” партиясы өзүнө тийген Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси кызматына Бакыт Төрөбаевдин бир тууган ага Аскар Төрөбаевди сунуштаган. Бул ызы-чуу менен коштолгон, айрым депутаттар Аскар Төрөбаев бул кызматка келүү үчүн депутаттарга ири көлөмдөгү акча таратканын айтып чыгышкан. Натыйжада дайындалбай калган.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG