Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 01:59

Апта: Шайлоого даярдык, Париж келишиминин талашы


Жогорку Кеңеш президенттик шайлоону 15-октябрда өткөрүүнү колдоду.

Узап бараткан аптанын урунттуу окуяларына сереп.

Жогорку Кеңеш шайлоо мыйзамына киргизилген толуктоолорду жактырып, президенттик шайлоо 15-октябрда өтөрү белгилүү болду. Парламенттеги "Бир бол" фракциясынын эки депутатына кылмыш иштери ачылды.

Ооган башкалаасында 90дон ашуун адамдын өмүрүн алган террордук чабуул болду. Президент Дональд Трамп АКШ климаттын өзгөрүүсү боюнча кабыл алынган Париж келишиминен чыгарын жарыялады.

Шайлоо күнүн аныктаган шайлоо мыйзамы

31-майда Жогорку Кеңеш шайлоо мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөрдү 106 депутаттын колдоосу менен жактырды. Айрым өзгөртүүлөргө оппозиция жана жарандык коом каршы чыгып, байкоочулардын укугун чектейт деп сындап жатышат.

Президенттин кароосуна жиберилген мыйзамга толуктоолор эң маанилүү саясий өнөктүктү өткөрүү боюнча олуттуу өзгөртүүлөрдү камтыйт.

Биринчиси күзүндө өтчү президенттик шайлоонун мөөнөтүн аныктайт. Буга чейин мамлекеттеги эң жогорку кызматка шайлоону ноябрь айынын үчүнчү жекшембисинде өткөрүү каралса, жаңы мыйзам долбоору боюнча президенттик шайлоо 15-октябрда өтмөй болду.

Экинчи өзгөртүү - президенттикке талапкерлердин шайлоо күрөөсү 100 миң сомдон бир миллион сомго жогорулатылды.

Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Үчүнчүсү – көз карандысыз байкоочулардын макамы өзгөртүлдү. Бейөкмөт уюмдардын жана саясий партиялардын байкоочулары экиге бөлүнүп, алардын ыйгарым укуктары дагы ажыратылды. Көз карандысыз байкоочулардын шайлоо комиссияларынын жыйындарына эркин катышуу жана алардын чечимдерин сотко даттануу укугу алынды.

Шайлоонун демократиялык принциптердин негизинде, таза жана адилет өтүшүнө дал ушул бейтарап байкоочулардын салымы эбегейсиз болуп келгенин жергиликтүү жана эл аралык коомчулук баса белгилейт.

Баш кеңсеси Варшавада жайгашкан ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча кеңсесинин басма сөз катчысы Томас Раймер "Көз карандысыз байкоочулар добуш берүү процессине аралашып, шайлоо ЕККУнун алдындагы эл аралык милдеттемелердин аткарылышына шайкеш келип жана ошондой эле улуттук мыйзамдарды сактадыбы – ошого ишенимди арттырат" деп белгиледи "Азаттык" радиосуна комментарий бергенде.

ЕККУнун өкүлү Кыргызстандын шайлоо мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө киргенден кийин эл аралык уюм мыйзамды анализдеп, өз баасын берерин дагы айтты.

Ал эми 15-октябрда өтчү шайлоого эл аралык байкоочулардын миссиясын жиберүү үчүн алдын-ала мониторинг жасай турган команда Бишкектен чакыруу келгенден кийин Кыргызстанга сапар алат.

Мыйзамдагы кызуу талкууланган дагы бир берене парламенттик шайлоого катышкан партиялар үчүн босого эми мурунку 7% ордуна 9% көтөрүлдү. Демилгени сунуштаган “Республика – Ата Журт” фракциясынын мүчөсү Мирлан Жээнчороев жаңы чекти багындыруу үчүн “саясий жетекчилер бири-бири менен сүйлөшүп, коомго стабилдүүлүктү алып келет, парламентке саясий маданияттуу партиялар келет” деген ойдо.

Мирлан Жээнчороев.
Мирлан Жээнчороев.

Жогорку Кеңештеги эч бир фракцияга кирбеген эркин депутат Жанарбек Акаев эми “саясий жаңы күчтөргө жасалма тоскоолдуктар жаралат” деген кайчы пикирин айтты.

Парламенттик шайлоо демекчи, Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков “Азаттык” радиосуна курган кеңири маегинде 2020-жылкы шайлоонун тартибин өзгөртүү боюнча сунуштар талууланып жатканына токтолгон. "​Биз азыр депутаттарды шайлоонун эки жолун ойлонуп жатабыз. Биринчиси – Монголиянын ыкмасы. Көп мандаттуу округ, бирок ар бир партия өз тизмесин түзөт. Ошол округга бир же эки талапкерин жиберет, анан утканына жараша киргизет. Экинчиси – Кыргызстанда мурда дагы сунушталган Бишкек, Ош шаарлары жана жети облустан турган округ. Ошондо тогуз тизме болот, депутат Ош шаарынан шайланган болсо Ошко барып, эл менен байланышып, иштеп турушу керек болот. Ошол эле маалда мыйзам жазып, өзүнө тагылган милдетти да аткаруусу керек" - деген төрага депутаттардын көбү ушул жолду туура көрүп жатышканын, балким 2020-жылкы парламенттик шайлоону утурлай шайлоо системасы өзгөрүшү ыктымал экенин айткан.

Чыныбай Турсунбеков.
Чыныбай Турсунбеков.

"Бир болдун" эки депутатына ачылган кылмыш иш

29-майда Жогорку Кеңештеги “Бир бол” фракциясынын мүчөлөрү Игорь Чудинов, Акылбек Жапаров баштаган бир нече адамга “коррупция” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Алардын арасында мурдагы айыл чарба министрлери Чыңгызбек Узакбаев менен Таалайбек Айдаралиевге да кине коюлууда.

Башкы прокуратуранын өкүлү Назик Байгазинова "Кылмыш иши 2009-2015-жылдар аралыгында бюджеттик ссудалардын эсебинен “Машина сыноо станциясы” акционердик коомуна 200 миллион сомдун мыйзамсыз берилгендиги жана аларды максатсыз колдонуу фактысы боюнча козголду” - деп билдирди.

Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө башкармалыгы иликтеп жаткан иштин коомчулукка айтылган жагдайына караганда 2009-жылы премьер-министр Игорь Чудиновдун буйругу менен Экономиканы өнүктүрүү фондунан “Машина сыноочу станцияга” 200 миллион сом насыя бөлүнгөн. Ошол маалда бул ишкананын акцияларына Чудиновдун кайненеси жана экономика министри Акылбек Жапаровдун жубайы ээлик кылып турган.

Келишим боюнча “Машина сыноочу станция” ишканасы мамлекеттен бөлүнгөн насыяны 2012-жылы кайтарып бермек. Каржы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүү фонду мурдагы өкмөттү тейлеп турган аткаминерлердин жакындары алган насыяны төлөө мөөнөтүн эки жолу мыйзамсыз узартканын, анын айынан 68 миллиондон ашуун сом максатсыз колдонулуп, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилгенин” Улуттук коопсуздук кызматынын маалымат катчысы Рахат Сулайманов “Азаттыкка” билдирди.

Депутат Акылбек Жапаров жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине 2009-жылы экономика министринин кызматын ээлеп турган маалда мамлекеттик бюджеттен ссуда премьер-министрдин токтому менен бөлүнгөнүн айтып “мыйзам боюнча ссуда бөлүүгө адегенде парламент бекитип, анан президент кол коюшу керек. Эгер баары ошол тартипте болсо анда мыйзам бузулган эмес. Эгер ссуда туура эмес же майнапсыз пайдаланылса анда жетекчилер, бухгалтерлер жана башка жооптуу адамдар жоопкерчиликти алышы керектигин” айткан.

Игорь Чудинов азырынча эч кандай комментарий бере элек.

Ал эми мурдагы айыл чарба министри Таалайбек Айдаралиев министр кезинде насыянын мөөнөтүн узартпай койгонун “Мен ага кол койбой койгом. Тескерисинче каршы тургам. Анан кандай болгону эсимде жок» деп таң калгандай жооп кайтарды.

Ысык-Ата районунда жайгашкан “Машина сыноочу станция” советтик заманда айыл чарба техникаларын сыноочу, курамына бир нече объектти камтыган ири ишкана болгон. Эгемендик жылдары менчиктештирилип, мүлктөрү сатылып кеткен. Учурда ишкананын базасында асыл тукум мал багылып, сүт азыктары өндүрүлөт.

31-майда Жогорку Кеңеш Жапаров менен Чудиновдун ишин иликтөөнү депутаттык комиссияга тапшырды. Буга чейин «Кыргызстан» фракциясынын мүчөсү Канат Исаевдин иши боюнча түзүлгөн комиссия эми эки депутаттын ишин кошо иликтейт. Жогорку Кеңеште ушуну менен үч депутатка кылмыш иш ачылып, тергөө жүрүп жатат. Оппозициялык “Ата Мекен” фракциясынын үч депутатынын иштерин сот карай баштайт.

АКШ Париж макулдашуусунан чыгат

1-июнда президент Дональд Трамп 2015-жылы дүйнөнүн дээрлик бардык мамлекеттери кол койгон Париж келишиминен АКШ чыгаарын жарыялады. Америкалыктар бул келишимден чыгышы керек деген Трамптын шайлоодогу убадаларынын бири болчу. Буга чейин эле Париж келишимине кирүү АКШ үчүн пайдасыз экенин, завод-фабрикалардын жабылышынан жумуш орундары азайып, анын зыяны америкалыктардын бакубат жашоосуна тийерин айткан.

Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

Трамп Вашингтон климаттын өзгөрүүсү боюнча келишимди адилет жана Кошмо Штаттар үчүн пайдалуу шарттарда сүйлөшүүнү баштарын дагы айтты. “Бул келишим климат эле эмес, Кошмо Штаттардын эсебинен башка өлкөлөрдүн артыкчылыкка ээ болуп жатканы тууралуу” – деген Трамп Париж келишими АКШга “ченебеген милдеттемелерди” артаарын белгилейт.

2015-жылы Улуттар Уюмуна кирген 197 мамлекеттин лидерлери Парижде жактырган макулдашуу 2020-жылга чейин атмосферага чыккан көмүр кычкыл газынын көлөмүн азайтууну көздөйт.

Жашыл планетадагы абаны булгаган уулуу газдардын 10% Евробиримдик өлкөлөрүнө тиешелүү болсо, 40-45% дүйнөнүн биринчи жана экинчи экономикасы саналган АКШ менен Кытайдын үлүшүнө туура келет. Эки өлкө тең Киото протоколуна кошулган эмес.

АКШ Париж макулдашусуунан чыккандан кийин анын кесепети кандай болорун Дүйнөлүк жаратылыш фондунун “Климат жана энергетика” программасынын жетекчиси Алексей Кокорин мындайча түшүндүрөт:

- Терс таасир тийгизе турган жери – каржылоо. Париж макулдашуусу негизинен абага чыккан булганыч газдарды токтотуу жөнүндө эмес. Келишим климаттын өзгөрүшүн токтотууну каржылоо жөнүндө. Аны адаптация жасоо өтө маанилүү. Анткени жүздөгөн экономикалык чабал өлкөлөр өз алдынча бул жаатта эч нерсе жасай албайт. Аларга сырттан көмөктөшүү керек. Трамптын андан баш тартып жатканы абийирсиздик. Анткени бул зарыл болгон гуманитардык миссия. Башкалардын бардыгы буга макул. Трамптын “миллиарддар кетет” деп кайра-кайра айтканы - фактыны апыртып атканы. Эсеп жеткис миллиарддар тууралуу сөз жок. Өнүккөн өлкөлөр үчүн бир жылда 100 миллиард доллар, буга жеке компаниялардын 60 миллиардай инвестициялары дагы кирет. Бул мамлекеттик бюджеттин акчасы эмес. Мунун баары калп.

Алексей Кокорин.
Алексей Кокорин.

Эксперт Кокорин белгилегендей, Париж макулдашуусунун алкагында Жашыл климат фондуна жылына 100 миллиард доллар салым кошуу белгиленген. Негизинен дүйнөдөгү экономикасы өнүккөн өлкөлөр өз эрки менен берген акча өнүгүп келаткан мамлекеттерде жашыл планетаны коргоо жаатындагы долбоорлорду, программаларды колдоого жумшалмакчы.

Президент Обаманын тушунда АКШ бул фондго жылына үч миллард доллар берүүгө милдеттеме алган. Фонд ушул жылдын 12-майында жарыялаган тизмеде Кошмо Штаттар 1 миллард доллар берген. 43 мамлекет, анын ичинде 9 өнүгүп келаткан өлкөлөр ар түрдүү суммадагы акча которгон. Маселен, Германия 1 миллиард, Жапония 1,5, Британия 1,2 миллард доллар которгон.

2015-жылы Парижде кол коюлган макулдашууга ылайык, бардык мамлекеттер өндүрүштөн чыккан көмүр кычкыл газын 1990-2013-жылдардагы орточо көрсөткүчтөн 2 градуска түшүрүүгө өз эрки менен милдеттеме алышкан. Бул деген 2025-жылга чейин абага чыккан уулуу газдардын көлөмү 26-28% азайышы керек дегенди туюнтат.

Орусия 2030-жылы 1990-жылга салыштырганда 25-30% азайтууга милдеттеме алган. Кытай болсо абага чыккан газдардын абсолюттук көлөмүн эмес, интенсивдүүлүгүн 2005-жылга салыштырмалуу 2030-жылы 64-70% азайтууга максат койгон.

Трамптын Европадан кайтып барып, Ак үйдө бир нече күн кеңешип жарыялаган мындай чечими ар түрдүү реакция пайда кылды. Улуттар Уюмунун баш катчысынын өкүлү Стефан Дюжаррик “АКШнын Париж макулдашуусунан чыгуу чечими глобалдык коопсуздукту сактоо үчүн зыяндуу газдарды азайтууга салым кошкондордун көңүлүн чөгөргөнүн” белгиледи.

АКШнын экс-президенти Барак Обама Ак үйдүн жаңы администрациясынын мындай чечимин “келечекти тануу” деп атады. Электромобилдерди чыгарган "Тесла" компаниясынын негиздөөчүсү Илон Маск АКШ президентинин алдындагы бардык кеңештерден чыгарын айтты.

Вашингтондун келишимден чыгуу чечимине карабай Кытай макулдашууну аткара турганын билдирет. Германиянын, Франциянын жана Италиянын жетекчилиги чогуу билдирүү жасап, Париж келишими кайра каралбай турганын жарыялашты. Германиянын канцлери Ангела Меркел Трампка телефон чалса, француз лидери Эммануэл Макрон АКШнын өзү гана эмес, жалпы планета үчүн туура эмес чечим деп атады.

Кошмо Штаттардын өзүндө Трамптын глобалдык макулдашуудан чыгуу чечимин республикачылардын көбү колдоду.

Кабулдагы кандуу булоон

31-майда Ооганстандын баш калаасы Кабулдун чок ортосунда террордук чабуул болуп, жардыруудан 90го жакын кишинин өмүрү кыйылып, 460тан ашууну жараат алган. Кол салуу үчүн азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек.

Кубаттуу жардыруу эртең менен эл кымгуут учурда президенттик сарайга, чет өлкөлөрдүн элчиликтери жайгашкан аймакка жакын жерде болду.

Кабул. 31-май
Кабул. 31-май

Полиция бомба күйүүчү май тарткан унаага же автоцистернага катылганын, өлгөндөр менен жараат алгандардын көбү жайкын тургундар экенин билдирди.

Кандуу булоонго чейин Ооганстанда “Талибан“ тобу жазгы чабуулун баштаганын жарыялаган. Бирок Кабулдагы террордук чабуулга алардын тиешеси бардыгын четке какты.

Ооган башкы чалгын мекемеси террордук чабуулду "Талибанга" байланышы бар "Хаккани" кыймылы уюштурганын, буга Пакистан тараптан да жардам келген деп эсептейт.

Коңшу Пакистандын өкмөтү болсо жардырууну “террордук чабуул” катары айыптап, Ооганстанга тилектештигин көргөздү.

Кабулда ишемби күнү да үч жарыдыруу болду. Андан кеминде жети киши каза болуп, жүздөн ашык адам жараат алды. Жардыруулар жума күнкү полиция менен кагылыштан каза болгон Ооганстандын Сенатынын төрага орун басары Мухаммад Алам Изадиярдын уулу Салемдин тажыясы өтүп жатканда болгон.

Өлкөнүн башкы аткаруучусу Абдулла Абдулланын айтымында, үч жанкечти өзүн жардырган. Тажыяда Абдулла өзү да болгон, ал жабыркаган эмес.

2-июнда Кабулда коопсуздукту камсыз кылуу талабы менен чыккан демонстрацияда полиция ок чыгарып, беш адам каза болгон эле.

Кабул.
Кабул.

Ооганстандык журналист Кадыр Хабиб “ооган талаасындагы” жаңы оюнчулар жалпы кырдаалды курчутуп жатканын "Азаттыкка" берген маегинде түшүндүрдү. "Маселени саясий жагын карасак, “ооган талаасында” жаңы оюнчулар пайда болгонун көрөбүз. Америкалык расмийлер белгилегендей, Орусия бул “оюнга кирип, "Талибанды" колдоп, алар менен байланыш түзүүдө. Ошондой эле "Талибанды" Орусия финансылык жана курал-жабдык жагынан камсыздап жатат" - деген журналист “Ислам мамлекети” сыяктуу жаңы топтор чыкканын, Ооганстандагы АКШнын аскерий күчтөрүнүн жетекчиси Ооганстан-Пакистан аймагында 20га чукул козголоңчул топтор бардыгын айтканын" кошумчалап, "ооган картасы" ушул тапта өтө чиелешкенине басым жасады.

Эксперттердин дагы бир тобу болсо “Ислам мамлекети” сыяктуу террордук топтор күчтөнгөн заманда Ооганстандын өз тагдырын өзүнө тапшыруу регионалдык, жалпы эле глобалдык тынчтык үчүн кооптуу экенин эскертишет.

Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Мирослав Ниязов ооган коркунучуна, жалпы эле терроризге каршы күрөштө чоң державалардын милдети олуттуу экенин белгилейт.

Апрель айынын соңунда "Талибан" жоочулары жазгы чабуулдарын баштаганын, АКШ жетектеген коалиция менен ооган коопсуздук күчтөрүнө сокку урарын билдирген.

Ооганстандагы кырдаалга байкоо салган америкалык уюм талиптердин колунан каза тапкан коопсуздук кызматкерлеринин саны өтө жогору болуп жатканын эскерткен. Учурда Ооганстанда жергиликтүү күчтөргө жардам көрсөтүп, машыктырып жүргөн НАТОнун 13 миңдей жоокери бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG