Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:02

Жапаров менен Чудиновго иш козголду


Акылбек Жапаров жана Игорь Чудинов
Акылбек Жапаров жана Игорь Чудинов

Жогорку Кеңештин депутаттары Игорь Чудинов, Акылбек Жапаров баштаган бир нече адамга карата коррупция беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Аларга өкмөттү башкарып турган учурда өз жакындарына таандык ишканага мыйзамды бузуу менен мамлекеттен ссуда алып, аны төлөбөй жүргөн деген кине коюлууда. Бул иш боюнча депутаттар менен мурдагы эки министрге да айып тагылганы маалымдалды. Бирок аталган депутаттар тагылган айыптарды четке кагып жатышат.

Жогорку Кеңештин "Бир бол" фракциясынан депутаттар Игорь Чудинов, Акылбек Жапаров жана башка адамдарга карата Кылмыш кодексинин "коррупция" беренеси боюнча иш 29-майда козголду.

Башкы прокуратуранын өкүлү Назик Байгазинованын кабарлашынча, кылмыш иши аталган депутаттарга карата "Машина сыноочу станция" ишканасына мамлекеттик ссуданы мыйзамсыз бөлүү фактысы боюнча козголгон:

- Кылмыш иши 2009-2015-жылдар аралыгында бюджеттик ссудалардын эсебинен “Машина сыноо станциясы” акционердик коомуна 200 миллион сомдун мыйзамсыз берилгендиги жана аларды максатсыз колдонуу фактысы боюнча козголду. Бул боюнча материалдар Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен келип түшкөн. Аталган кылмыш ишин тергөө Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө башкармалыгына тапшырылды.

Мындан соң Улуттук коопсуздук комитети депутаттарга карата козголгон кылмыш иштин чоо-жайы боюнча кеңири маалымат таратты.

Маалыматка караганда, 2009-жылы ал кездеги премьер-министр Игорь Чудиновдун буйругу менен Экономиканы өнүктүрүү фондунан "Машина сыноочу станцияга" 200 миллион сом насыя бөлүнгөн.

Ал учурда ишкананын акцияларына Чудиновдун кайненеси жана ошол кездеги экономика министри Акылбек Жапаровдун жубайы ээлик кылып турган.

Келишим боюнча "Машина сыноочу станция" ишканасы мамлекеттен бөлүнгөн насыяны 2012-жылы кайтарып бериши керек болчу.

Бирок Каржы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүү фонду аталган насыяны төлөө мөөнөтүн эки жолу мыйзамсыз узартканын Улуттук коопсуздук кызматынын расмий өкүлү Рахат Сулайманов "Азаттыкка" билдирди:

- 2017-жылдын 1-мартындагы абал боюнча Экономика жана каржы министрлигинин алдындагы «МИС» ААК карызы 237 млн 791 миң 75 сомду түзөт. Мындан тышкары ушул эле учурда кылмыш иштин материалдары боюнча «МИС» ААК 95 пайыз акциялары депутат Акылбек Жапаровго байланышы бар адамдарга тиешелүү болуп саналат. Соттук эксперттин корутундусуна ылайык, «МИС» ААК түшкөн республикалык бюджеттин насыялардын 68 млн 248 миң 50 сому максатсыз пайдаланылган. Ошентип, Игорь Чудинов, мурдагы айыл чарба жана мелиорация министрлери Чыңгызбек Узакбаев, Таалайбек Айдаралиев, мурдагы экономика министри Акылбек Жапаров жана башка адамдардын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Мындай жол менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети учурдагы Жогорку Кеңештин депуттары Акылбек Жапаров жана Игорь Чудинов менен катар мурдагы айыл чарба министрлери Чыңгызбек Узакбаев менен Таалайбек Айдаралиевге кине тагууда. Учурда ишти УКМКнын тергөө башкармалыгы иликтеп жатат.

Депутат Акылбек Жапаров өзүнө карата козголгон кылмыш иш боюнча кабары жок экенин билдирди. Жапаров “Азаттыкка” сүйлөп жатып, бул иш боюнча тергөө органдарына сурак бере электигин маалымдады:

- Бул маселе боюнча эч ким чакырган эмес. Мен деле маалымат каражаттарынан окудум. Бизди чакырып, кеңири маалымат алган соң комментарий беребиз

Игорь Чудинов болсо бул боюнча эч кандай комментарий бере элек.

Ал эми мурдагы айыл чарба министри Таалайбек Айдаралиев болсо өз дарегине айтылган кинени четке кагып, тескерисинче кызматта турган мезгилде мыйзамсыз аракеттерге каршы турганын билдирүүдө:

- Бул эми Бакиевдердин учурунда болгон экен. Кийин мен министр болуп турганда насыянын мөөнөтүн узартабыз деп келишкен. Мен ага кол койбой койгом. Тескерисинче каршы тургам. Анан кандай болгону эсимде жок.

Игорь Чудинов мурдагы президент учурунда өкмөт башчысы болсо, Акылбек Жапаров буга чейин Экономика, Финансы министрликтерин жетектеген жана өкмөттө биринчи вице-премьерликти аркалаган.

Учурда экөө тең парламенттеги салмактуу саясатчылардын катарына кирет. Буга байланыштуу аларга козголгон кылмыш иште саясий боёк жокпу деген суроо талкууланууда.

Саясий эксперт Марс Сариев аталган саясатчыларга кылмыш иштин ири саясий өнөктүк алдында козголушу ар кандай жоромолдорго түртүп жатат деген пикирде:

- Бул биздин өлкөдө көнүмүшкө айланган. Кылмыш иштер болсо да сейфке убагы келгенче сактап коюшат. Анан кайсы бир саясий процесстерди башкарып, тескөө үчүн аны чыгарып, козгоп башташат. Балким бул депутаттардын кадамында кылмыш курамы бардыр, бирок президенттик шайлоо алдында чыга калышы саясий жакка бурулган жокпу деп суроо туудурат.

Ошол эле кезде Кыргызстанда жогорку кызматты ээлеп, бирок өз бизнесине жан тарткан учурлар көп кездешет. Муну саясатчылар өздөрү да айтып, моюнуна алып келишет.

Мамлекеттик ишке келген адам мурда бизнес менен алектенип келсе, андан баш тартышы керек.
Азамат Аттокуров

Экономикалык эксперт Азамат Аттокуров мамлекеттин эсебинен өз бизнесин калкалап, өнүктүрүү саясатчылар арасында көндүм адатка айланганын айтууда:

- Мамлекеттик ишке келген адам мурда бизнес менен алектенип келсе, андан баш тартышы керек. Башка адамдарга өткөрүп бериши керек. Бул дүйнөлүк практика. Бизде болсо бизнести туугандарына өткөрүмүш болуп коюшат. Өздөрү колдоп турат. Ошондуктан, бизде чоңдордун жубайлары, балдары ийгиликтүү бизнесмен деп саналат.

Чудинов менен Жапаров иш козголгон алгачкы депутаттар эмес. Буга чейин оппозициядагы "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев, мүчөлөрү Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматовго жана бийликтеги Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Музаффар Исаковго кылмыш иши козголгон. Ошондой эле Игорь Чудиновго буга чейин экс-депутат Карганбек Самаковго козголгон кылмыш иши боюнча да айып тагылган. Чудинов премьер-министр болуп турганда Бишкектин айланасындагы бир нече жер тилкесин Самаковго мыйзамсыз бөлүп берүүгө чечим чыгарган деп айыпталып, мамлекеттик айыптоо аны 11 жылга кесүүнү суранган. Учурда бул иш боюнча сот чечими чыга элек.

Чүйдөгү Ысык-Ата районунда жайгашкан "Машина сыноочу станция" союз учурунда айыл чарба техникаларын сыноочу ири ишкана болгон. Ал курамында бир нече объектти камтыган. Эгемендик жылдары менчиктештирилип, мүлктөрү сатылып кеткен эле. Учурда аталган ишкананын базасында асыл тукум мал багылып, сүт азыктары өндүрүлүп келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG