Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:25

Шыкмаматовдун соту белгисиз мөөнөткө калды


Алмамбет Шыкмаматов абактагы партиялашы Өмүрбек Текебаевди коргоо митингинде сүйлөп жатат.
Алмамбет Шыкмаматов абактагы партиялашы Өмүрбек Текебаевди коргоо митингинде сүйлөп жатат.

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидеринин милдетин аткаруучу Алмамбет Шыкмаматовдун 24-майда башталган соту белгисиз мөөнөткө жылып калды.

Буга айыпталгандар жана алардын жактоочуларынын ишти Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук соту эмес Свердлов райсоту карасын деген өтүнүчү канааттандырылбаганы себеп болду. Айыпталгандар мындан улам кассациялык даттануу менен Бишкек шаардык сотуна кайрылганы жатат.

Шыкмаматов баштаган үч адамга Башкы прокуратура быйыл 17-февралда "коррупция" беренеси менен иш козгогон. Алар "мыйзамсыз, жасалма тендер өткөргөн, мамлекетке зыян келтирген" деп айыпталып жатат. Айыпталгандар дооматтарды четке кагып келишет.

Депутат Шыкмаматовго кылмыш иши козголду

Депутат Шыкмаматовго кылмыш иши козголду

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматовго “коррупция” беренеси менен кылмыш иш козгоду.

Биринчи сот процессинде бул ишти Бишкек шаарынын кайсы райондук соту карашы керек деген маселе чыкты. Айыпталып жаткандар жана алардын жактоочулары кылмыш ишти Биринчи май райондук соту эмес, Свердлов райондук соту карасын деген өтүнүч келтиришти. Муну кылмыш иште аты аталган, тендерди уткан деген "Барат-Люкс" компаниясынын аталган райондо жайгашканы менен негиздешти. Бул өтүнүчкө мамлекеттик айыптоочулар каршы чыгышты. Судья Айбек Эрнис уулу да аны канааттандырган жок:

- Кылмыш иши ошол райондун сотунда каралышы керек. Эгер кылмыш иши бир райондо башталып, башка райондо бүтсө анда тергөө бүткөн райондо каралат. Эгер кылмыш болгон жерди аныктоо мүмкүн болбосо же кылмыш ар кайсы жерде жасалса, анда тергөө бүткөн райондо каралат. Тендерди Эсеп палатасы өткөргөн жана ал Биринчи май районунда жайгашкан. Кылмыш ишин болсо УКМКнын Тергөө бөлүмү тергеген. Ал дагы Биринчи май районунда жайгашкан. Ушундан улам сот адвокаттардын өтүнүчүн четке кагат.

Мындан улам айыпталгандардын бири, башка кылмыш иши менен 2013-жылдан бери абакта отурган Эсеп палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиев менен анын адвокаты Бишкек шаардык сотко кассациялык даттануу менен кайрыларын билдиришти. Мындан улам бул ишти эми кайсы район карашы керектиги так аныкталып жогорку инстанциялардын чечими чыккыча сот процесси белгисиз мөөнөткө жылды. Мыйзам боюнча, кассациялык даттануу арыз түшкөн күндөн тартып бир жуманын ичинде каралышы керек.

Анткен менен судья Айбек Эрнис уулу биринчи процессте адвокаттар менен айыпталгандардын айрым бир өтүнүчтөрүн канааттандырды. Мисалы, сот процессинин ачык өтүшүнө, журналисттер катышып, аудио, видеого жаздырууга уруксат берди. Андан сырткары кылмыш иши боюнча унаанын баасы боюнча көз карандысыз эксперттердин корутундусун алып ишке тиркөөгө макул болду.

Алмамбет Шыкмаматов сотто күнөөсү жок экенин далилдей турганын билдирип, көз карандысыз экспертиза жүргүзүү зарыл экенин белгиледи:

- Прокуратура, тергөө органдары койгон ар бир күнөөгө биздин күчтүү аргументтер бар. Мисалы, 158 миң сом зыян келтирди деп, унааны 10 миң долларга баалап жатат. Бирок ошол он миң деп баалаган эксперттин колу жок, экспертизанын өзү дагы бүдөмүк. Ошондуктан башка көз карандысыз экспертиза жүргүзүүнү өтүндүк. Аны дагы далилдейбиз. Андан сырткары тендерге биздин тиешебиз жок экенин да далилдеп беребиз. Ал тендерге менин тиешем жок экенин мен мыйзамда каралган тартипте далилдеп бере алам.

Сотто Алмамбет Шыкмаматов, Жусуп Иманалиевден сырткары дагы бир адамга - "Барат Люкс" фирмасынын ээси, Кыргызстанда туруктуу жашаган Германиянын жараны Али Юкселге айып тагылганы маалым болду. Юксель кылмыш иш боюнча пикирин билдирүүдөн баш тартты.

Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен алынган материалдардын негизинде Алмамбет Шыкмаматов баштаган үч адамга ушул жылы 17-февралда кылмыш ишин козгогон. Анда Шыкмаматов 2011-жылы Эсеп палатасынын аудитору болуп турганда мекемедеги бир катар жооптуу аткаминерлер менен тымызын сүйлөшүп алып, кызматтык унаа сатып алуу үчүн жасалма тендер өткөргөнгө катышкан, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып тагылган. Тактап айтканда, тендер менен сатылып алынды деген "Мерседес-Бенц-Е" үлгүсүндөгү беш унаанын арасында Шыкмаматовдун жубайына катталган, баасы жогорулатылган унаа болгон деп айтылган.

"Маалымат болбосо, бүдөмүк ой жаралат"

Алмамбет Шыкмаматов парламенттеги оппозициячыл "Ата Мекен" фракциясынын кылмыш иши козголгон үчүнчү депутаты. "Атамекенчилер" бул иштерди саясий куугунтук катары баалап келишет. Жогорку Кеңештеги Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөш жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин мүчөсү, Социал-демократтар фракциясынын депутаты Бакыт Жетигенов кылмыш иштеринин саясий өңүтү жок деп эсептейт:

- Жогорку Кеңештин азыркы, мурунку чакырылышында деле депутаттарга, министрлерге кылмыш иштери козголуп жатпайбы. Тиешелүү органдар өздөрү карап, териштирип жатпайбы. Калганын, эмне болгонун, кандай болгонун сот көрсөтөт. Бир эле фракциянын же жалаң эле оппозициянын мүчөлөрүнө козголсо, куугунтук десе болот эле. Азыр эми оппозициядан, позициядан, ар кайсы фракциянын мүчөлөрүнө козголуп жатпайбы. Бул жерде саясат деле жок го.

Коррупция маселелери боюнча эксперт Эркайым Мамбеталиева бийликтин коррупцияга каршы күрөшү кандайдыр бир күдүк ойду, шек саноону жаратпашы керек деп эсептейт:

- Күдүк ойлорго эч качан негиз болбошу керек. Өзгөчө коррупцияга каршы саясатта маалымат жетиштүү болушу керек. Маалымат берилмейинче элде бүдөмүк ой туула берет. Кийин түшүндүрүү кыйын да болот. Юридикалык жактан тактала элек болчу, фактылар чогултула элек болчу деп айтууга кыйын болуп калат. Маалымат убагында берилиши керек. Коррупция менен канчалык күрөшсө дагы маалымат жактан аксап атсак, элге жеткире албасак анда элде көп суроо жаралат, коррупцияга каршы күрөш жүргөн жок деген тыянак чыгарылат.

Жогорку Кеңеште "атамекенчи" үч депутаттан сырткары "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Канат Исаев менен Социал-демократтар фракциясынын депутаты Музаффар Исаковдун дагы кылмыш иштери тергелип жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG