Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:38

УКМК Исаевге айыбын угузду


Канатбек Исаев
Канатбек Исаев

УКМК парламенттеги "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Канатбек Исаевге 11-майда айыбын угузду жана эч жакка чыкпоо тууралуу тил кат алды.

Канатбек Исаев Токмок шаарынын мэри кезинде коррупцияга жол берген деп айыпталып жатат.

Апрель айында кылмыш ишти Башкы прокуратура атайын кызматка өткөрүп берген эле. Депутат Исаев күнөөсү жоктугун, актыгын далилдөөгө даяр экенин айтып жатат. Ал арада айрым эксперттер коррупцияга каршы күрөш күдүк ойлорду жаратпашы керек дешет.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Канатбек Исаевге козголгон кылмыш иш тууралуу 11-майда учкай маалымат таратты. Анда "Исаев Токмок шаарынын мэри болуп турганда жалпы колдонуудагы муниципалдык жерди жеке менчик соода жайын куруу үчүн мыйзамсыз берген, муниципалдык имаратты мыйзамсыз түрдө өз баасынан кыйла арзан баада саткан" деп айтылат.

Исаев президенттин кадр саясатын сынга алды

Исаев президенттин кадр саясатын сынга алды

Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Канатбек Исаев президент Алмазбек Атамбаевди кадр саясатына байланыштуу Баш мыйзамды бузуп жатат деп айыптады.

Ошондой эле мэриянын дагы башка жооптуу кызматкерлери менен жең ичинен келишип алып шаардык бюджеттин эсебинен каржыланып жаткан автостанция курууну өздөрүнө тиешелүү компанияга берген деп белгиленген. Бул маалыматты атайын кызматтын басма сөз өкүлү Рахат Сулайманов "Азаттыкка" ырастады:

- Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү - коррупция боюнча айыбы угузулду. Тактап айта турган болсок, Токмок шаарынын мэри болуп турганда мыйзамсыз иш-аракеттерди жасаган. Мыйзамсыз иштердин негизинде мамлекетке ири көлөмдөгү зыян чыгым келтирилген. Бүгүнкү күндө тергөө органдары тарабынан Исаевге эч кайда чыкпоо боюнча баш коргоо чарасы каралды.

Канатбек Исаев 12-майда журналисттерге комментарий берип жатып, атайын кызматка көрсөтмө берип чыкканын бышыктады. Ал күнөөсү жоктугун, актыгын далилдей турганын билдирди:

- Мени кечээ УКМКга чакырышты. Мага бир нече суроо берип, анан айыпты угузушту. Айтылган айыптар боюнча биз да өзүбүздүн көз карашыбызды айттык. Кечээ менин көрсөтмөлөрүмдөн кийин ушунун баары аныкталат. Тергөөчүлөр дагы кээ бир нерселерди тактап туруп бир жыйынтыкка келсе керек. Токмокто мэр болуп тургандагы иштерим боюнча тергөөчү менден ачык маалымат бербөө тууралуу тил кат алды. Ошондуктан иш боюнча айта албайм. Негизинен мени күнөөлөгөнгө эч кандай мыйзамдык негиз жок. Кылбаган иштердин баарын кылды деп айыптап жатышат. Эртеби-кечпи ак экенибизди, күнөөбүз жок экенин далилдеп беребиз. Андан эч убакта коркпойм. Эгер мен кылмыш кылган болсом эч убакта бийликке сын айтмак эмесмин. Биздин жогорку бийликке сын айтканга эркибиз жетип жатат.

Эксперт: шек саноо болбошу керек

Канатбек Исаев Чүйдөгү Токмок шаар бийлигин 2008-2010-жылдары башкарган. Апрель ыңкылабынан кийин бийликке келген Убактылуу өкмөттүн тушунда ага каршы эки кылмыш иш козголгону айтылган. Бул кылмыш иштерди тергөө ара жолдо калып, сотко жеткен эмес.

Жогорку Кеңешке эки жолу депутат болгон Канатбек Исаевдин кылмыш ишинин жанданышы, айып тагылышы боюнча "Азаттык" парламенттеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөш жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин мүчөсү Бакыт Жетигеновдун пикирине кызыкты. Ал мындай иштерден саясат жасабоо керектигин белгиледи:

- Жогорку Кеңештин азыркы, мурунку чакырылышында деле депутаттарга, министрлерге кылмыш иштери козголуп жатпайбы. Тиешелүү органдар өздөрү карап, териштирип жатпайбы. Калганын, эмне болгонун, кандай болгонун сот көрсөтөт. Бир эле фракциянын, же жалаң эле оппозициянын мүчөлөрүнө куугунтук, же дагы бир нерсе десе болот эле. Азыр эми оппозициядан, позициядан, ар кайсы фракциянын мүчөлөрүнө козголуп жатпайбы. Бул жерде саясат деле жок го.

Анткен менен коррупция маселери боюнча эксперт Эркайым Мамбеталиева бийликтин коррупцияга каршы күрөшү кандайдыр бир күдүк ойду, шек саноону жаратпашы керек деп билдирди:

- Күдүк ойлорго эч качан негиз болбошу керек. Өзгөчө коррупцияга каршы саясатта маалымат жетиштүү болуп, маалымат берилмейинче элде бүдөмүк ой туула берет. Кийин түшүндүрүү кыйын да болот. Юридикалык жактан тактала элек болчу, фактылар чогултула элек болчу деп айтууга кыйын болуп калат. Маалымат убагында берилиши керек. Коррупция менен канчалык күрөшсө дагы маалымат жактан аксап атсак, элге жеткире албасак анда элде көп суроо жаралат, коррупцияга каршы күрөш жүргөн жок деген тыянак чыгарылат.

Башкы прокуратура Канатбек Исаевге байланыштуу ишти былтыр күзүндө жанданткан. Анын алдында Исаев конституциялык реформага кескин каршы чыгып жаткан жана Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршыларды жаманатты кылгандарды токтотууну ачык талап кылган.

Исаев андан кийин парламентте президент Алмазбек Атамбаев тымызын Социал-демокарттар партиясын башкарып жатат, партияга тиешеси бар адамдар өзүнүн аппаратында, мамлекеттик жооптуу кызматтарда иштеп жатат жана иштеп кеткен деп айтып чыккан. Ал жалпысынан өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков, башкы прокурор Индира Жолдубаева, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун жетекчиси Кубанычбек Кулматов өңдүү аттуу-баштуу 20дай адамдын атын атаган:

- Конституциянын гаранты президент деп айтабыз. Эгер өзү Конституцияны бузуп жатса кантип кепил болот? Баш мыйзамдын 63-беренесинин 3-пунктунда так жазылып турат: президент өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырган мезгилде саясий партияга мүчөлүгүн токтото турат жана саясий партиялардын иштерине байланыштуу кандай гана аракеттер болбосун токтотот деп жазылып турат. Президент бул беренени аткарып келе жатабы? Албетте, жок. Эгер президент партиядан сырткары болсо анда аппарат жетекчиси Фарид Ниязов, анын орун басары Сапар Исаков КСДПнын саясий кеңешине мүчө болот беле? Эгерде президент бардык партияларга бирдей, калыс мамиле кыла турган болсо эки кеңешчиси – Калыкбек Султанов менен Икрам Илмиянов КСДПнын саясий кеңешине мүчө болот беле?

Алмаз Үсөнов
Алмаз Үсөнов

Исаевдин билдирүүсү боюнча президенттик аппараттын маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөнов пикирин билдирген. Ал Канатбек Исаевдин кадр саясаты боюнча билдирүүсүн негизсиз, кызылдай саясат, жеке таарыныч жана сотторго басым жасоо аракети деп атаган:

- Ал жерде комментарий бере тургандай эч нерсе жок. Ал чыгарган тыянак жөн гана абсурд. Бул жерде чылгый саясаттан башка эч нерсе жок. Балким ал өзүнүн кадрлары бийлик бутактарында аз деп ойлоп жатса керек. Мүмкүн партиялаштарына, укук коргоо органдарына таарынычы бардыр. Ошол эле учурда сотторду коркутууну көздөп да жаткандыр. Балким кандайдыр бир соттук териштирүүлөргө даярданып жатса керек. Бул эски ыкма экенин билебиз. Ал кылмыш иш козголоор замат сот системасына чабуул жасаган биринчи саясатчы эмес. Канатбек Исаев эң ириде өзүнүн иштерин териштирип алсын, анан биз ага комментарий беребиз.

Канатбек Исаев Жогорку Кеңештин өткөн чакырылышында “Республика” партиясы менен шайланып келген. “Республикачылар” менен “Ата Мекен” фракциясы тирешкенде Исаев “атамекенчилерди” ачык колдогон жана өзүнүн фракциясын ыдыратып, бөлүп-жаргандардын башында турганы айтылган.

Акыркы парламенттик шайлоого өзү негиздеген "Кыргызстан” партиясы менен катышып, маарага үчүнчү болуп келген. Бирок бул фракция эң ириде мандат чыры менен аты чыккан болчу. Исаев фракция лидерлигин өткөн жылы күзүндө өз эрки менен тапшырып берген.

Жогорку Кеңеште Исаевден сырткары "Ата Мекендин" төрагасы Өмүрбек Текебаевге кылмыш иш козголуп, февраль айынан бери атайын кызматтын тергөө абагында отурат. Анын фракциялаштары Аида Салянова менен Алмамбет Шыкмаматовго козголгон кылмыш иштер сотко өткөн. Социал-демократтар фракциясынын депутаты Музаффар Исаковго козголгон кылмыш иши учурда тергелип жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG