Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:21

Исаев президенттин кадр саясатын сынга алды


Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Канатбек Исаев президент Алмазбек Атамбаевди кадр саясатына байланыштуу Баш мыйзамды бузуп жатат деп айыптады.

Буга Социал-демократтар партиясына тиешеси бар анын аппаратында иштеген жана иштеп кеткен, жогорку кызматтарда турган адамдарды мисал келтирди. Бийлик өкүлдөрү Исаевдин билдирүүсүн "кызылдай саясат, кылмыш иштерине байланыштуу сотко карата басым" деп баалап жатат. Мунун алдында Башкы прокуратура Исаев Токмок шаарынын мэри болуп тургандагы иштерине байланыштуу козголгон кылмыш иш жанданганын маалымдаган эле.

Канатбек Исаев парламентте президент Алмазбек Атамбаев тымызын Социал-демокарттар партиясын башкарып жатканын, партияга тиешеси бар адамдар өзүнүн аппаратында, мамлекеттик жооптуу кызматтарда иштеп жатканын жана иштеп кеткенин айтып чыкты. Ал жалпысынан өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков, башкы прокурор Индира Жолдубаева, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, Кыргыз-орус фондунун жетекчиси Кубанычбек Кулматов өңдүү аттуу-баштуу 20дай адамдын атын атады:

- Конституциянын гаранты президент деп айтабыз. Эгер өзү Конституцияны бузуп жатса кантип кепил болот? Баш мыйзамдын 63-беренесинин 3-пунктунда так жазылып турат: президент өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырган мезгилде саясий партияга мүчөлүгүн токтото турат жана саясий партиялардын иштерине байланыштуу кандай гана аракеттер болбосун токтотот деп жазылып турат. Президент бул беренени аткарып келе жатабы? Албетте, жок. Эгер президент партиядан сырткары болсо анда аппарат жетекчиси Фарид Ниязов, анын орун басары Сапар Исаков КСДПнын саясий кеңешине мүчө болот беле? Эгерде президент бардык партияларга бирдей, калыс мамиле кыла турган болсо эки кеңешчиси – Калыкбек Султанов менен Икрам Илмиянов КСДПнын саясий кеңешине мүчө болот беле?

​Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Молдакун Абдылдаев Канатбек Исаевге ошол жерден эле жооп берүүгө аракет кылды. Ал мамлекеттик кызматкер партиянын иштерине өзүнүн иш убактысынан башка маалдарда аралаша берсе болот деп негиздеп берди:

- Өзүнүн кызмат иштерине байланыштуу жана кызмат убагында саясий партияларды, коомдук бирикмелерди жана диний уюмдарды түзүүгө жана алардын ишине кандайдыр бир формада катышууга же көмөктөшүүгө, кызматтык иштерин партиялык программаларга жана чечимдерге баш ийдирүүгө тыюу салынат деген норма бар. Ошонун негизинде эгер өзүнүн кызматына байланышпаган маселелер болсо президенттин аппаратындагы кызматкерлер жумушунан сырткары катышууга мыйзам жол берет.

Прокуратура Исаевдин “иштерин” эстеди

Прокуратура Исаевдин “иштерин” эстеди

Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Канат Исаевдин Токмок шаарынын мэри болуп тургандагы иштерин Башкы прокуратура териштире баштаганын айтып чыкты.

Исаевдин билдирүүсү боюнча президенттик аппараттын маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөнов да пикирин билдирди. Ал Канатбек Исаевдин кадр саясаты боюнча билдирүүсүн негизсиз, кызылдай саясат, жеке таарыныч жана сотторго басым жасоо аракети деп атады:

- Ал жерде комментарий бере тургандай эч нерсе жок. Ал чыгарган тыянак жөн гана абсурд. Бул жерде чылгый саясаттан башка эч нерсе жок. Балким ал өзүнүн кадрлары бийлик бутактарында аз деп ойлоп жатса керек. Мүмкүн партиялаштарына, укук коргоо органдарына таарынычы бардыр. Ошол эле учурда сотторду коркутууну көздөп да жаткандыр. Балким кандайдыр бир соттук териштирүүлөргө даярданып жатса керек. Бул эски ыкма экенин билебиз. Ал кылмыш иш козголоор замат сот системасына чабуул жасаган биринчи саясатчы эмес. Канатбек Исаев эң ириде өзүнүн иштерин териштирип алсын, анан биз ага комментарий беребиз.

Анткен менен парламентте Канатбек Исаевдин билдирүүлөрүнө реакция жасоо керектиги тууралуу сунуштар айтылды. “Бир бол” фракциясынын депутаты Мыктыбек Абдылдаев президенттин кадр саясатына, жооптуу кызматтарда отурган, ошол эле учурда партиянын иштерине аралашкан адамдар боюнча фактыларга Жогорку Кеңеш баа бериши керек деген пикирде:

- Бизде бир дагы кызматтын өкүлү көзөмөлсүз болбошу керек. Баары көзөмөлдөн чыкпашы керек. Президент болобу, Жогорку Кеңеш болобу, өкмөт болобу, ошол алкактан чыкпай иш алып барышы керек. Ошондуктан Канатбек Исаевдин сөзүнө баары бир баа беришибиз керек. Ал айтылып кетти да.

Мыктыбек Абдылдаев.
Мыктыбек Абдылдаев.

Канатбек Исаевдин парламенттеги чуулгандуу билдирүүсүнүн алдында Башкы прокуратура ага байланыштуу кылмыш иштерди тергөө кайра жанданганын расмий жарыялады. Көзөмөл органдын маалымат кызматынын өкүлү Алмамбет Абдрамановдун билдиришинче, атайын түзүлгөн жумушчу топ кылмыш иши былтыр негизсиз токтотулганын аныктап чыкты:

- Текшерүүнүн жыйынтыгында кабыл алынган чечимдер жокко чыгарылды. Ошонун ичинде Токмок шаардык мэриясынын кызмат адамдары тарабынан жасалган кызматтык жана коррупциялык фактылар боюнча козголгон кылмыш иштери тууралуу кабыл алынган чечимдер жокко чыгарылган.

Башкы прокуратура Канат Исаевди 2008-2010-жылдары Токмок шаарынын мэри болуп турганда туугандык, кызматтык байланыштарын колдонуп жерлерди кылмыштуу жол менен ээлеп алган, бир катар коррупциялык иштерге жол берген деп айыптап жатат.

Кыргыз мыйзамдары боюнча Жогорку Кеңештин депутатын жоопко тартуу үчүн парламенттин макулдугу керек. Бирок эгер иш “коррупция” беренеси менен козголсо же ал кылмыш кылып жаткан маалда кармалса, мындай уруксат алуунун зарылчылдыгы болбойт.

XS
SM
MD
LG