Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:58

Прокуратура Исаевдин “иштерин” эстеди


Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Канат Исаевдин Токмок шаарынын мэри болуп тургандагы иштерин Башкы прокуратура териштире баштаганын айтып чыкты.

Анын алдында Исаев конституциялык реформа боюнча сын пикирин айткан эле. Бийликтин саясий оппоненттеринин айрым бир иштерин эми эстеп жатканы саясий куугунтук тууралуу сөздөрдү жаратты.

Канат Исаевди каралоо ал конституциялык реформа тууралуу баштапкы оюн түп тамырынан бери өзгөртүп, референдумга каршы добуш бергенден кийин башталды. Жогорку Кеңештин соңку жыйындарында ал Баш мыйзам өзгөрбөсүн дегендерди жаманатты кылганды токтотууну талап кылган эле:

- Конституцияга каршы чыккандарды коомдук каналдан сындап, керек болсо эл душманына айлантып жатат. Конституцияны өзгөртпөш керек деген адамдардын ою ошондой. Аны биз добуш менен эле чечишибиз керек. Аларды биз кысып, коркутуп, жаманатты кылып каралоону токтотушубуз керек. Эртең кимдики туура, кимдики туура эмес экенин тарых тастыктайт. Мындай жол менен Конституцияны өзгөртпөш керек. Биздин артыбыздан эч ким кубалаган жок. Алты жыл татынакай эле ушул Баш мыйзам менен жашадык.

Исаевди четке сүргөн чечим

Исаевди четке сүргөн чечим

Парламенттеги “Кыргызстан” фракциясында бийлик алмашты. Референдум боюнча мыйзамга каршы добуш берген Канатбек Исаев фракция лидерлигинен кетип, анын ордуна Алмазбек Батырбеков шайланды. Исаев фракция башчылыгынан өз каалоосу менен кеткенин айтканы менен, мындай кадам парламенттеги коалиция куроого байланыштуу экенин саясий эксперттер белгилешүүдө.

Мындай билдирүүдөн көп өтпөй Канат Исаев жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине Токмок шаарынын мэри болуп тургандагы иштерин Башкы прокуратура териштире баштаганын айтып чыкты. “Азаттык” бул макала жазылып жаткан чакта Исаевдин өзүнөн комментарий ала алган жок.

Исаев Токмок шаарын 2008-2010-жылдары башкарган. Апрель ыңкылабынан кийин бийликке келген Убактылуу өкмөттүн тушунда ага каршы эки кылмыш иш козголгону айтылган. Башкы прокуратура Исаев мэр болуп турганда “Ак-Була” ишканасынын мурунку жатаканасын өз баасынан кыйла арзан сатып жиберген, шаардык китепкананы мыйзамсыз жеке менчикке өткөргөн деп айыптаган. Бул кылмыш иштерди тергөө ара жолдо калып, сотко жеткен эмес.

Ал арада “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиевдин “Эркин Тоо” басмаканасын менчиктештирүү маселеси боюнча прокуратура иш козгой баштаганы маалым болду. Депутат кылмыш иштерди жандантууга негиз жок деп билдирди:

- Азыр ошентип айтып жатышат. Бирок ал жерде мага күнөө койгудай эч негиз жок. Бул факт боюнча эки жолу иш болгон. Анда мен күнөөкөр эмес, күбө катары да чакырылган эмесмин. Анан алты жыл унчукпай жатып, мен 19-октябрда чыгып сүйлөгөндөн кийин 29-октябрда прокуратурага кайра текшерсин деген тапшырма берилди деп айтып чыгышты. Эми көрөлү, мен иштер менен тааныша элекмин. Эгер таанышсам кенен айтып берет элем.

Бийлик саясий көз караштары келишпей калганда сот системасын оппозициячыл, сын айткан саясатчыларга каршы колдонуп келген.
Эмил Жураев

Башкы прокуратура айрым депутаттарга карата териштирүү башталганы тууралуу азырынча түшүндүрмө бере элек. Юстициянын генералы Кубатбек Кожоналиев укуктук баа берүү, сот жообуна тартуу тандалган адамдарга гана колдонулуп жатат деген пикирде:

- Бийликти сындаган адамдарды текшерип, ошолорго каршы гана иш козголуп жаткандай сезилет. Ага мисалдар, фактылар көп. Ошол эле убакта бийликтин сөзүн сүйлөп, бийликтин акырынан жем жеп жүргөндөргө эч кандай чара колдонулбайт. Буга дагы мисалдар көп.

Саясат таануучу Эмил Жураев каршылаштарына каршы кылмыш иш козгоо, алардын оозун жабуу аракети эски бийликтерден калган ыкма экенин белгиледи жана саясий куугунтуктун кесепети оор болоруна токтолду:

- Бийлик саясий көз караштары келишпей калганда сот системасын оппозициячыл, сын айткан саясатчыларга каршы колдонуп келген. Бул мурдатан келе жаткан көрүнүш. Мисалы, Каныбек Иманалиевге каршы иштер бир жылдай мурун көтөрүлгөндө депутат катуу унчукпай, тымызын жүрүп калган. Соңку бир айдын ичинде Конституцияга байланыштуу катуу, көбүрөөк сүйлөй баштаганда анын иштери кайра жанданып калды. Канат Исаевдики деле ушундай эле. Бул жерде териштирип, адилеттүүлүккө, тактыкка жетүү деген ниет жок. “Кыргызстан” коалицияга кирген чакта Канат Исаев керектүү киши, анын саясий жүрүш-турушун, сөздөрүн көзөмөлдөп туруу үчүн жасалган аракет деп ойлойм.

Анвар Артыков
Анвар Артыков

Анткен менен бийликти колдогондор саясий куугунтук тууралуу дооматтарды четке кагып келет. Парламенттеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Анвар Артыков Исаев боюнча буга чейин айтылып-жазылып жүргөн жагдайларды териштирүү азыркы учурга туура келиши атайын деп эсептебейт:

- Канат Исаевдин эмне кылганын мен билбейт экенмин. Бирок аны прокуратурага жөн эле чакырбаса керек. Ал жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттары көптөн бери эле жазып келе жатпайбы. Эми ошолор такталып жатса керек. Териштирүү мөөнөтү, убактысы азыркыга туура келип калса керек. Күнөөсү жок эле кишини куугунтуктайт дегенден алысмын. Андай заман өтүп кетти. Мурунку президенттердин доорунда бизди жолдон кетип жаткан жерибизден кармап, эч нерсе кыла электе камаган учурлар болчу. Азыр андай жок. Саясий куугунтук кайдан болсун?

Канат Исаев Жогорку Кеңештин өткөн чакырылышында “Республика” партиясы менен шайланып келген. “Республикачылар” менен “Ата Мекен” фракциясы тирешкенде Исаев “атамекенчилерди” ачык колдогон жана өзүнүн фракциясын ыдыратып, бөлүп-жаргандардын башында турган.

Акыркы парламенттик шайлоого өзү негиздеген "Кыргызстан” партиясы менен катышып, маарага үчүнчү болуп келди. Бирок бул фракция эң ириде мандат чыры менен аты чыкты.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG