Самаковду коргогондор митингге чыкты
Бүгүн Нарын облустук бийлик имаратынын алдына Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковду коргоо комитети митинг уюштурду. Анда соттон акыйкаттыкты, экс-депутатты актоону талап кылышты. Мындай акциялар маал-маалы менен жер-жерлерде уюштурулуп жатат. Карганбек Самаков баштаган үч мамлекеттик кызматкерге карата айдоо жерди мыйзамсыз трансформациялады деп козголгон кылмыш иштин негизинде сот жүрүп жатат. Октябрь райондук сотундагы акыркы сот отурумунда мамлекеттик айыптоочу айыпталуучуларга 19 жылга чейин жаза чектөөнү соттон сураган.
Чыгарылыштар
-
Октябрь 06, 2026“Үч кыргыз жараны жараат алып, ооруканага түшкөн”
-
Октябрь 02, 2026Иликтөө: Өкмөт бекер баскан китептер кантип базарга түшкөн?
-
Сентябрь 17, 2026Анар-Бак: "Жер деп жүрүп оорукчан болуп калдык"
-
Сентябрь 16, 2026"Мектепте жок китеп базарда турат"