Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 05:19

Жогорку Кеңеште медиа уюмдарды жана журналисттерди кирешесин ачык айттыруу демилгеси көтөрүлдү. Депутат Акылбек Жапаров бул сунушун айрым журналисттер акча өндүрүүгө кынык алышкан деп түшүндүрдү. Депутаттын демилгеси дароо талкуу жаратып, колдогондор да, сындагандар да болду.

Жогорку Кеңештин "Бир Бол" фракциясынан депутат Акылбек Жапаров журналисттерге байланыштуу пикирин парламентте "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, өлкөдөгү айрым журналисттер "рэкетке" айланып, опузалап акча табууга кынык алган.

Акылбек Жапаров
Акылбек Жапаров

- Жалпыга маалымдоо каражаты менен алектенип, ошону менен бизнес кылып, ошол жол менен атак-даңкын чыгарам деген адам киреше-чыгашасын ачык жарыяласын. Ар бир журналист, басылманын ээси бир тыйынга чейин элге отчет бериши керек. Болбосо булар рэкетке айланды. Бир күнү 100 доллар сурап келет, аны берсең, экинчи күнү 500 доллар сурайт, бербесең айлаңды кетирет. Буларды ооздуктабаса, ушак-айыңды жазып, коомду былгытып, акчага байып, жыргап, мыскылдап жүрүшөт.

Жапаровдун пикиринде, нускасы миңге жетпеген гезиттердин редакторлору кымбат машине минип, заңгыраган үйдө жашап жатканы алардын ишинде көмүскө бизнес бар экенинен кабар берет.

Буга байланыштуу депутат журналисттердин жоопкерчилигин көтөрүү үчүн Кылмыш кодексине, Административдик кодекске да өзгөртүү киргизүүнү сунуштады.

Акылбек Жапаровдун демилгеси коомчулукта талкууга түшүп, эки ача пикир жаратты.

Социалдык тармактарда депутаттын билдирүүсүн жалпы журналисттердин дарегине көлөкө түшүргөнү үчүн сындап, сунушунун жүйөсүз экенин айткандар жок эмес.

Коом жапырт коррупциялашкан шартта журналисттер эле таза деп айтууга болбойт. Бирок ошол эле журналисттерге ким акча берип жатат деген суроо жаралат.
Тамара Валиева

Маселен, Журналисттер көз карандысыз союзунун төрайымы Тамара Валиева дал ушундай пикирди кармангандардын бири:

- Тилекке каршы, Акылбек Жапаров рекетчилик менен алектенет делген журналисттердин атын ачык айткан жок. Эгер ачык айтса, коррупция менен күрөшкө өз салымын кошмок. Өлкөдөгү коррупция ушул журналисттерден улам эле чыгып жатат деген ойдо болсо, анда абдан эле көңүл чөгөт. Бирок коом кандай болсо, журналисттер деле ошондой. Коом жапырт коррупциялашкан шартта журналисттер эле таза деп айтууга болбойт. Бирок ошол эле журналисттерге ким акча берип жатат деген суроо жаралат. Эгер саясатчылар акчаны бербесе, мындай абал жаралмак эмес.

Журналист Олжобай Шакир айрым калем ээлеринин кесибин чайкоочулукка айландырганы журналистиканын кадыр-баркын кетирип жатат деген пикирде:

- Кыргыз журналистикасынын беделин түшүргөн "чөөлөр" пайда болду. Муну моюнга алуу керек. Албетте, баары эле кесиптештер, балким аларга оор тийиши мүмкүн. Бирок мен андайларды көп кезиктиргем. Бирөөнөн тыйын өндүрүп, бербесе опузалаганды оро-парага деле албай калышкан. Бул абдан өкүнүчтүү. Себеби, коомдун алдыңкы өкүлү саналган, кесибин сыйлагандар мындайга такыр барбашы керек.

Карасартова: КТРК баштаган каналдар бийликти мактай берсе, аны эч ким кабыл албай калат. Анткени, азыр айылдагы ар бир адам өз телефону аркылуу эле маалыматты кайдан болбосун алган күндө жашап атабыз.

Ал эми парламенттеги эркин депутат Жанар Акаев медиа айдыңдагы кемчиликтер үчүн саясатчылар да жоопкерчиликтүү экенин белгилейт. Депутаттын айтымында, каралоолордун артында көбүнесе саясатчылар өздөрү турат жана кыңыр иштерин жашыруу үчүн өздөрү журналисттерге акча сунуштайт:

- Мен журналисттерди да, саясатчыларды да жакшы билем. Журналисттер эле байып, саясатчылар итке минип калды деген туура эмес. Тескерисинче, бай саясатчылар гезиттерди, сайттарды каржылап, журналисттер аркылуу өз оппоненттерин каралашат. Бирок өздөрүнө келгенде жалаң гана мактоо, жакшы сөздөрдү уккусу келет.

Негизинен эксперттер Кыргызстандын шартында медиа тармакты кирешелүү тармак катары атоого болбой турганын айтышат. Көбүнесе гезит жана маалымат каражаттарын саясатчылар каржылап, саясий максатта пайдаланып келет. Маселен, төрт жылдан бери эркин гезит чыгарып келген журналист Дилбар Алимова бул иштин кирешесинен чыгашасы менен түйшүгү көп экенин белгиледи:

- Биздин тармакты кирешелүү деп деле санаганга болбойт. Көбүнесе кесибин сүйгөндөр иштеп келет. Гезит чыгарып байып, катар-катар үй салгандарды деле билбейм. Кирешени сураса ачык айтканга деле даярбыз.

Кыргызстанда маалымат каражаттарында чыккан макалалар үчүн административдик жаза каралган. Мындан сырткары этикалык кодекс кабыл алынган. Кодекске ылайык, журналист бирөөдөн акча алып, буйрутма макала жазууга акысы жок. Акчага даярдалган макала коммерциялык мүнөздө экени көрсөтүлүүгө тийиш.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG