Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 03:06

Борбор Азиядагы медиатехнология жана тынчтык орнотуу мектеби Кыргызстандагы жалпыга маалымдоо каражаттарында исламофобия күчөгөнүн изилдеп чыкты.

Иликтөөнүн жыйынтыгына таянсак ислам динине каршы терс пикирлерди жарыялагандардын көч башында гезиттер турса, кийинки сапты интернет басылмалар ээлеген.

Дин жаатындагы эксперттер тенденциянын өсүшүнө бир катар фактыларды келтирип, муну журналисттер арасында дин тууралуу маалыматтын жетишсиздиги менен түшүндүрүшүүдө.

Иликтөөдө өлкөнүн маалымат каражаттарындагы 470 диний темадагы макалага талдоо жүргүзүлгөн. Алардын көпчүлүгүндө журналисттер ислам динине терс көз караштарды, радикалдуу кыймылдарды динге байлаган. Иликтөөдө 2014-жылга салыштырмалуу исламга каршы пропаганда үч эсе өсүп, жетиден 39 пайызга жеткени көрсөтүлөт.

Баяндамада маалым болгондой ислам динине каарын төккөн макала жазгандардын көч башын 34 пайыз менен гезиттер ээледи. Интернет сайттар 31 пайыз болсо, социалдык тармакта 30 пайызга жеткен. Ал эми телеканалдарда эң төмөнкү - 5 пайыз катталган.

Муфтият: иликтөө реалдуу эмес

Дин жаатындагы эксперттер ислам динине каршы тенденция дүйнө жүзүндө да өсүп жаткандыктан анын кесепети Кыргызстанды кыйгап өтпөгөнүн айтышат. Бирок интернет айдыңында жарыяланган макалалар коомдун исламга көз карашы менен шайкеш келе бербесин Кыргызстан муфтийинин орун басары Акимжан ажы Эргешов белгилейт.

- Биздин коом интернет менен чектелбейт. Интернеттин да өзүнүн аудиториясы бар, бирок виртуалдуулуктан чыгып, эл менен беттешкенде дин жаатында көйгөйлөр бар экендиги билинбейт. Интернетте атайын эки жаатты козуткандар да бар. Ал эми эл менен жолугуша келгенде абал анчалык деле кооптуу эмес экенин түшүнсө болот. Андыктан муфтият ар дайым динди туура жагынан жеткирүү үчүн мечиттерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келет.

Борбор Азиядагы медиатехнология жана тынчтык мектебинин жылдык иликтөөсүндө маалым болгондой дин темасындагы журналисттердин жазгандарынын 54 пайызында авторлор мусулмандарга карата негативдүү мамилесин көрсөткөн. Анализденген макалалардын 27 пайызында ислам дини Кыргызстандын маданиятына терс таасир тийгизип жатканы жазылган. Ал эми 11 пайызы мусулмандарды экстремисттик үгүт жүргүзүп жүргөндөр катары чагылдырышкан.

"Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фондунун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков жогорудагы көрсөткүчтөр журналисттер арасында диний түшүнүктүн аздыгын далилдерин айтат. Сенсациялуу жаңылыктын артынан сая түшкөн калем ээлери ислам дининдеги майда, бирок маанилүү жагдайларды эске албай жазып жатат.

- Чындыгында журналисттер тарабынан кандуу окуя, кыйын кырдаалдар көбүрөөк чагылдырылат. Ошондой учурларда түшүнүп-түшүнбөй дин менен байланыштырып койгон жагдайлар болуп жатат. Терминология маселесине аябай жакшы көңүл бурулушу керек. Мисалы, "исламчылар" деген кимдер же "ислам экстремизми" деген эмнени түшүндүрөт деген суроолорго толук кандуу жоопту журналисттерден алуу кээде мүмкүн эмес. Ислам өзү терроризмге каршы экенин баарыбыз билебиз, бирок бул жагдайларды кээде журналисттер эсине албай жатышат.

Светтик өлкөдө дин тышта калбашы керек

Сириядагы согушка кыргызстандыктардын азгырылышы, жума намазга түшкү тыныгууну узартуу, мечиттерде азандын үнүн басуу, чуулгандуу баннерлер сыяктуу диний темалар жергиликтүү медиада жыл ичинде кенен чагылдырган. Бул темалар коомчулуктун кызуу талкуусуна жем таштап турганы иликтөөдө да камтылган.

Сурамжылоодо жарандардын 77 пайызы антиисламдык риториканы интернет айдыңынан укканын айтса, суралгандардын дээрлик жарымы талкууну журналисттер баштаганын билдирген.

Нуржигит Кадырбеков мектептерде жакынкы жылдары дин маданиятынын тарыхы боюнча сабактар кирип жатканын кошумчалады.

Нуржигит Кадырбеков
Нуржигит Кадырбеков

- Биз светтик өлкөбүз деп эле мектептерде диний билимди киргизбей жатабыз. Германия, Норвегия, Түркия светтик өлкөлөр болгону менен аларда дин жөнүндө илим-билим мектептерден баштап бериле баштайт. Мамлекет өзү динди үйрөтпөсө, аны экстремисттер, динди пайдаланган саясатчылар үйрөтөт. Азыр мектептерге пилоттук негизде Дин маданиятынын тарыхы деген сабак кирди. Тилекке каршы, бул сабактын өзү боюнча, андагы китеп куралдары боюнча дагы деле талаш-тартыштар болуп жатат.

Исламофобия чыңалууну жаратат

Исламофобиянын өрчүшү конфессиялар аралык тирешти күчөтөрүн Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасынын милдетин аткаруучу Закир Чотаев айтат. Мунун алдын алуу үчүн Коргоо кеңеши диний концепция иштеп чыккан. Чотаев Кыргызстандын коңшу өлкөлөрдөн өзгөчөлүгү дин саясатынын либералдуулугунда жатат дейт.

- Биз бул жаатта өтө активдүү иштеп жатабыз. Кыргызстан бардык динге бирдей мамиле кылат. Албетте, конфессиялар аралык чыр чыгып кетүүсүнө тобокелчиликтер бар. Бирок маселе азырынча анчалык курч турган жок. Биз айрым чыңалууларды байкап турабыз, бирок алар турмуштук багытта гана катталууда. Андыктан укук коргоо органдары менен биргеликте диний маселени ырбатып албоо үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турабыз.

Изилдөөдө камтылгандай, 2016-жылы исламды талкуулаган медиаканалдар көбөйгөн, анда диний адамдар менен исламофобдордун ачык айтышы күч алган. Натыйжада өлкөдөгү исламофобиялык жагдайды радикал агымдарга азгыруучулар пайдаланып кетүүсү толук ыктымал экендигин эскертүүдө.

Башкы прокуратура 2016-жылы Кыргызстанда экстремизм жана терроризмди жайылткан 86 интернет-булак соттун чечими менен жабылганын билдирди. Мындан тышкары дагы 13 сайттын ишмердүүлүгүн токтотуу маселеси сотто каралууда.

Башкы прокуратура мындай чаралар кыргызстандык жарандар арасында интернет аркылуу радикал идеяларды жайылтууну, согуштарга жалданма күч катары катышуусун алдын алуу максатында көрүлүп жатканын белгилөөдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG