Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:12

Кыргыз жаштарына диндер тууралуу нейтралдуу маалымат жетишпейт


Айзада Касмалиева, Бишкек Жакынкы 2-3 жылда жалпы билим берүү системасына “Дүйнөлүк диндердин тарыхы” деген дарс киргизилиши мүмкүн. Учурда бул документтин үстүндө дин иштери боюнча агенттиги жана Билим берүү министрлиги иштеп жатышат. Документ Билим берүү министрлигинин кароосунан өткөн соң, мектеп программаларына коюлат.

Дин боюнча жаңы мыйзам долбоору каралып жаткан учурда, парламенттин айрым депутаттары тарабынан мектеп программасына “Дин таануу” сабагын киргизүү сунушу айтылган. Дин иштери боюнча агенттиктин директору Каныбек Осмоналиевдин айтуусунда, чындыгында окуучуларга дин тууралуу маалымат берүүнүн убагы келип жетти. Анткени дин жагынан чала сабат мектеп жашындагы балдар ар кандай диний агымдардын азгырыгына кирип кетип жатышат:

- Жаш балдардын диний сабатсыздыгынан пайдаланып, экстремисттик маанайдагы диний лидерлер, “биздин ислам динди чектеп жатышат” деген терс көз караштарды таңуулап, балдар кыздарыбызды өздөрүнө тартууга жетишишти.

Бирок Каныбек Осмоналиев дин таануу сабагын дароо эле киргизүүгө мүмкүн эмес экенин да белгиледи. Анткени бул өтө сыйымдуу предмет болгондуктан, ага атайы окуу китептер, программа жана, эң негизгиси, бул багыттагы адистер даярдалышы керек. Ошондуктан дин агенттиги азырынча бул сабакка альтернативдүү “Дүйнөлүк диндердин тарыхы” дарсын сунуштап жатат.

- Атайын мугалимдерди даярдоого көп убакыт керек. Ошондуктан биз альтернатива катары “Дүйнөлүк диндердин тарыхы” предметин сунуштоодобуз. Бул секулярдык багыттагы предмет болуш керек. Аны мектептерде тарых адистигиндеги мугалимдер берсе болот. Бирок сөзсүз түрдө стандарттар иштелип чыгышы керек.

2003-жылы балдарга рухий, адептик, ыймандык билим берүү концепциясы кабыл алынган. Ага ылайык мектептерге ыйман сабагы киргизилген эле. Мураталы Ажы Жумановдун айтуусунда, ошол учурда кадрлардын жоктугунан ыйман десе эле билими жок молдолор да сабак берүү сунушу менен кайрылып, дин маселеси боюнча түшүнбөөчүлүктөр пайда болгон.

- Негизи дин таануу, ыйман сабактарынын максаты бир эле - балдардын жакшы инсан болушуна көмөк берели деген эле ой. Ыйман сабагы жаңы дарс катары киргизилип, айылдарда кадр жоктугунан дин кызматкерлери сабак берип, “демек мектепте дин иштерин жүргүзүп, намаз окутабыз, шариятты үйрөтөбүз” деген сөздөрдөн улам терс жагдайлар түзүлгөн. Ошондон кийин мектепти исламдаштырабыз деп жатышат деген да сөздөр чыгып кетти.

Мындай мүчүлүштүктөрдөн улам, бир жылдан кийин ыйман сабагы адеп сабагына алмаштырылды. Азыр мектептерде Адеп сабагы 1-класстан 11-класска чейин окутулат. Билим берүү министрлигинин мектеп бөлүмүнүн адиси Кылым Сыдыкназарова бул сабактын өзү деле балдардын адеп-ахлактык, руханий калыптануусуна жетиштүү жардам боло алат деп ишенет.

- Адеп сабагын деле окуучулар терең билсе жакшы болмок, азырынча дин сабагы киреби, кирбейби - билбейбиз. Ал жөнүндө сөз боло элек. Дин сабагынын зарылчылыгы боюнча эч нерсе айта албайм. Анткени жалпы билим берүүчү мектептер дин менен байланышы жок да. Адеп сабагы деле балдарга жакшы тарбия берет деп ойлойм. Бул сабактын да көтөргөн жүгү оор. Балдардын моралдык-этикалык түшүнүктөрүн, адептик-ыймандык ынанымдарын, атуулдук сезимдерин калыптандырууга шарт түзөт.

Каныбек Осмоналиев, чындыгында, жаңы сабакты киргизүүгө аяр мамиле кылуу керектигин эскертет. Адеп сабагынан айырмаланып, дүйнөлүк диндердин тарыхы сабагы 9-10-11-класстагы окуучуларга окутулушу керек. Ошондой эле бул предмет билим берүү министрлигинин эле эмес, коомчулуктун да сынынан өтүшү зарыл дейт.

- Балдар мектепти бүткөндө, алардын көз карашы калыптанып калышы керек. Алар дүйнөлүк диндер тууралуу билим алып, аларга карата өздөрүнүн көз караштарын аныктоого жетишиши зарыл. Бирок Конституция боюнча биз дин эркиндигин эле эмес, атеисттердин да укугун камсыз кылышыбыз шарт. Ошондуктан буга өтө аяр мамиле керек. Демек, сөзсүз стандарт болушу лаазым жана бул предмет катуу сындан өтүп туруп бекиши абзел.

Азыр жогоруда аталган жумушчу топ жаңы сабактын окуу программаларын, стандарттарын иштеп жатат. Осмоналиевдин айтымында, документ 3-4 ай аралыгында иштелип бүтүп, коомчулуктун сынынан өтсө, анда ал жакынкы 2010-2011-жылдары окуу пландарына киргизилет.
XS
SM
MD
LG