Линктер

шейшемби, 12-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 16:10

Ислам дини Кыргызстанда ар түрдүү улуттардын башын бириктире алабы? Кыргызстанда 80ге жакын улут жашайт. Ал улуттардын көпчүлүгү мусулман динин тутунат, бирок эмне үчүн алар исламдын айланасында бириге албай жатышат?

Улуттук азчылыктардын диний лидерлери менен муфтияттын мамилеси кандай, мусулмандар жамааты улуттук өзгөчөлүгүнө жараша бөлүнөбү? Ушул жана башка суроолорго президенттик аппараттын этностор аралык мамиле жана дин тармагындагы саясат бөлүмүнүн эксперти Санжарбек Тажиматов жана Кыргызстандын муфтийинин орун басары Аким Эргешов жооп берди.

"Азаттык": Санжарбек мырза, Кыргызстанда 80ге жакын улут жашайт. Ал улуттардын көпчүлүгү мусулман динин тутунат, бирок эмне үчүн алар исламдын айланасында бириге албай жатышат? 2010-жылы улуттук касташуу болду, исламда мусулмандар бир тууган деп айтылат эмеспи.

Санжарбек Тажиматов: Кыргызстанда бир эле улут бар, ал кыргыз улуту. Ал эми башкалар болсо, этнос болуп эсептелинет. Бүгүнкү күндө улуттук мамлекеттик курулушта “кыргыз жараны” деген жалпы белгиге биз элди алып барышыбыз керек. Ал эми этностордун тили, дини жана башка өзгөчөлүктөрү сакталып кала берет.

Себеби дүйнөлүк практикада мамлекет менен улут бирдей эле каралат. Мамлекет - бул улут. Мисалы улуттук университет дегенде мамлекеттик университетти, улуттук драма театры дегенде мамлекеттик драма театрды түшүнөбүз. Ал эми мусулман динин тутунган этностордун тил табыша албай жатканында советтик доордун таасири бар деп эсептейм.

"Азаттык": Дайыма эле советтик доорго күнөөнү оодара салуу канчалык туура?

Санжарбек Тажиматов: Советтик мурас жана союз убагындагы атеисттик саясаттын таасири тийип келүүдө. Мындан сырткары элибиздин 85 пайызы мусулман. Бирок сөз жүзүндө мусулманмын деп айтып койгондор менен чындап динди тутунгандарды, ишенгендерди, динди жашоо образы катары кармагандарды бөлүп карашыбыз керек. Бул жөнүндө так изилдөөлөр азыркы учурда жок. Өздөрүн мусулманмын деп эсептешкени менен алардын ислам жөнүндөгү түшүнүгү аз. Ошондуктан ушундай түшүнүктү жеткирүүдө Муфтияттын алдына аябай чоң иш турат.

Апта: бийлик менен муфтияттын ажырымы

Кыргыз коомунда улуттук идентификация, тагыраак айтканда, диний турмушта жашоо боюнча айгышкан күрөш жана талаш-тартыш өкүм сүрүүдө. Өлкө бул жагынан кандайдыр бир айрылыш жолго келип калгандай.

Бул жерде идентификация маселеси бар. Адамдар улуттук жана диний иденттүүлүгүнө аябай чоң маани беришет. Ошондуктан этностук топтордун ортосундагы кагылышууда кандайдыр бир маалыматтардан улам алардын этностук иденттүүлүгү басымдуулук кылып жаңжал чыгып кетти. Ошондуктан этностук иденттүүлүк басымдуулук кылган учурлар болот, бирок таза этностук жаңжал табиятта жок. Этностук кагылышууларга социалдык, экономикалык, саясий факторлор түрткү болушу мүмкүн. 2010-жылкы кагылышууда көбүрөөк саясий себептер таасир берди.

"Азаттык": Аким мырза, молдокелер, диний лидерлер, имамдар 2010-жылдагы түштүк тараптагы этностук кагылышуудан жана Бишкектин айланасындагы араздашуулардан кийин элди тынчтандырууда чоң жоопкерчилик алышты. Бирок булар "өрт өчүргүч" болуп калышпадыбы? Айтайын дегеним, эмне үчүн дин кызматкерлери, диний лидерлер жаңжалдын алдын алууда ошончолук мобилдүү жана активдүү боло алышпайт?

Аким Эргешов: Диний кызматкерлердин "өрт өчүргүч" болуп калышында жогоруда айтылгандай, башка маселелер таасирдүү болууда. Эң негизгиси, биз диний көз карашы жаңы эле калыптанып бара жаткан коомбуз. Мен мусулманмын дегеним менен исламдын окуусунан алыс болсом, исламдын маани-маңызын аңдабасам, маданиятын тутунбасам, анда кандайча мени мусулман деп эсептешет эле.

Бирок Санжарбек мырза айткан таза этностук кагылышуу болбойт деген пикирге кошула албайм. Тилекке каршы, тарыхта эң чоң көйгөйлөрдү ушул нерсе жараткан. Мындан сырткары, этностук кагылышуулар жалгыз эле мусулмандардын караңгылыгы же алсыздыгынын айынан эмес, аларга таасир тийгизген тараптардын айынан, сырткы факторлордун айынан да болууда. Алла таала адамдар ушундай нерселерден сактансын, адамдарда ушуга окшогон нерселерге каршы күрөшүүчү жөндөм пайда болсун деп динди жиберген.

"Азаттык": 2010-жылкы окуялардан кийин мамлекет, жарандык коом эмне себептен бул окуялар болуп кетти деген суроонун айланасында ойлонушту. Кандай жыйынтык чыкты? Улуттар аралык мамиледе диндин, исламдын, дин кызматкерлеринин орду кандай болушу керектиги жөнүндө кандай жыйынтык чыгарылды?

Санжарбек Тажиматов.
Санжарбек Тажиматов.

Санжарбек Тажиматов: 2010-жылкы окуяларды улуттук жана эл аралык комиссиялар изилдеп чыгышкан. Диндин орду өзгөчө белгиленген. Араздашуудан кийинки элдик дипломатия, диний лидерлердин эки элди элдештирген аракеттери жогорку деңгээлде бааланган. Эки эл тең бир динди карманышкандыктан ислам чоң ролду ойногон. Бирок кагылышуулардын алдын алууда дин кандай жардам бере алат деген маселе турат. Бул жерде Муфтияттын да өкүлү отурат. Бизде дунган мечит, өзбек мечит деп, мечиттер этностук өзгөчөлүгүнө жараша бөлүнүп калган учурлар кездешүүдө. Бирок жалпысынан алып караганда ислам универсалдуу, адамзаттык баалуулуктарга негизделген дин да. Түштүктөгү окуяларда этностук иденттүүлүк сезими ойгонуп, дин сыяктуу жалпы адамзаттык сезим ойгонбой жатат.

"Азаттык": Аким мырза, мечиттердин этностук өзгөчөлүккө жараша айырмаланышы жана бөлүнүүсүнүн өзү канчалык көйгөйлүү маселе?

Аким Эргешов: Адамдык фактор дайыма маанилүү бойдон кала берет. Керек болсо темирдей коммунисттик доордо да бул фактор өзүн көрсөтүп келген жана ошол мезгилде да түштүктө ушул көйгөй чыккан. Ошондуктан дин эле баарын жолуна салат деп айтпаш керек. Ал үчүн диний билим берүүнү жөнгө салуу сыяктуу белгилүү бир эмгек жумшалгандан кийин гана оң натыйжа күтсөк болот.

Нооруз элдик-салттык майрамбы же динийби?

Дин чөйрөсүндө Ноорузду майрамдоо керекпи же жокпу деген суроолор кызуу талкууланып келет. "Азаттык" мына ушул маселенин тегерегинде талкуу уюштурду.

Бирок сиздин айтып өткөн маселе жок эмес. Себеби, этностор бизде топ- топ болуп жашашат. Шаарда аралашып атышса да, элет жеринде, маалелерде жалаң өзбектер жашагандыктан, ал жерде өзбек мечит болот, өзбек имам элге өзбекче кайрылат. Кайсыл бир кыргыз үчүн өзбекче түшүнүү оорураак. Бул нерсе жек көргөндүктөн эмес, турмуштук зарылчылыктан болууда. Бирок намаз убактысы болуп калса, “кой, мен бул мечитте намаз окубайынчы” дебейт, окуй берет. Болгону эл оозунда ушул “уйгур мечит”, “өзбек мечит”, “кыргыз мечит” деген кеп бар. Биздин максатыбыз ушул нерсени жок кылуу болуп эсептелинет. Исламдын келишинин максаты ошол.

"Азаттык": Ар бир этностук азчылыктын, уйгур туугандардын, өзбек туугандардын диний лидерлери, муну менен катар кыргыздардын да диний таанымалдары бар эмеспи. Ушул диний лидерлердин ортосунда диалог барбы?

Аким Эргешов: Албетте, андай диалог бар. Салмактуу диний лидерлер бар. Алар мечиттин имамы, райондун имам хатиби же болбосо Аалымдар кеңешинин мүчөсү болуп иштеп жатышат. Бул нерселер жалпы диний кырдаалга оң таасир тийгизүүнү максат кылат.

"Азаттык": Санжарбек мырза, Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана этникалык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргызстан элинин ассамблеясы сыяктуу этностор аралык мамилелерди жөнгө салууну көздөгөн уюмдар бар эмеспи. Бул уюмдар канчалык деңгээлде диндин мүмкүнчүлүгүн, диний лидерлерди колдонуп жатышат?

Санжарбек Тажиматов: Кыргызстанда Элдик биримдикти чыңдоо жана улуттар аралык мамилени бекемдөө боюнча атайын концепция, анын негизинде план иштелип чыккан. Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жана этникалык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик ушул багытта иш алып барууда, бир катар иш-чараларды уюштурууда. Кыргызстан элинин ассамблеясы да ар түрдүү тилдеги, ар түрдүү диндеги, ар түрдүү улуттагы этностук топторду колдоого аракет кылууда.

"Азаттык": Аким мырза, исламдын ар кыл улуттардын мамилесине карата көз карашы жөнүндө айтып берсеңиз. Мусулман болгон бир улуттун өкүлү мусулман болгон башка улуттун өкүлүнө кандай мамиле кылышы керек?

Аким Эргешов: Эн кымбат нерсе - бул Алланын сөзү жана пайгамбардын насааты. Куранда Алла таала “Эй адамдар, биз силерди ар түрдүү улут, ар түрдүү уруу кылып жараттык, бири-бириңерди таанып билишиңер үчүн” деп айтылат. Мисалы, Кыргызстанда кээ бир турмуштук маселелерде түштүк элинин жөндөмү түндүк элине караганда өйдөрөөк. Себеби жанындагы өзбек элинен, кошунасынан көп нерсе үйрөнүшкөн. Ошол эле мезгилде түштүк эли менен жашаган өзбектер башка жактагы өзбектерге караганда тыңыраак. Себеп дегенде алар да бизден көптөгөн нерсени үйрөнүп, жакшы турмуш курушат.

Аким Эргешов.
Аким Эргешов.

"Азаттык": Пайгамбардын да “Араптын арап эместен артыкчылыгы жок” деген сөзү да бар эмеспи.

Аким Эргешов: Албетте. Пайгамбар Меке шаарына акыркы ажылык кылуу үчүн барганда айткан сөздөрүнүн бири ушул болгон. “Эй адамдар, ушул турган Арафат тоосу кандай ыйык тоо болгон болсо, ушул ай кандай ыйык ай болгон болсо, ар бир момун мусулмандын каны, жаны, мүлкү башка мусулман үчүн да ошондой ыйык. Араптын үстүнөн арап эместин, арап эмес бирөөнүн араптын үстүнөн артыкчылыгы жок” деп сиз айткан сөздү айткан. Ошондуктан улуттардын ортосунда эч кандай артыкчылык жок.

"Азаттык": Санжарбек мырза, этностор аралык мамилени жакшыртууда дин факторун колдонуунун эл аралык тажрыйбасын изилдегенсиздерби? Негизи эле динди ар түрдүү этносторду бириктирүү үчүн кантип колдонсо болот?

Санжарбек Тажиматов: АКШны алып карасак, Мухаммед Али расалык бөлүнүп жарылуунун айынан ислам динин кабыл алган. Ислам дининде жалпы адамзаттык баалуулуктар болгондуктан расалык дискриминацияга каршы Мухаммед Али исламды кабыл алган. Ошол эле мезгилде Мартин Лютер Кинг христиан динин колдонуп расизмге каршы күрөшкөн. Нельсон Манделаны деле алып карасак болот. Ушуга окшогон лидерлер диндин универсалдуу баалуулуктарын колдонуп келишкен.

Мындан сырткары Улуттар Уюмунун уставы, декларациясы деле динден алынган. Себеби динде адамдар терисине, тилине, түсүнө карабай бирдей деп айтылат. Бардык мамлекеттердин башмыйзамдары, мыйзамдары динден келип чыккан. Ошондуктан биз светтик мамлекет деп, дин менен мамлекеттин ишмердүүлүгүн карама-каршы койбошубуз керек. Экөөнүн тең максаты, түбү бир.

"Азаттык": Диндин бириктирүүчү ролун колдонуу максатында Кыргызстанда системалуу түрдө иш жүрүп жатабы? Ушул маселеде президенттин саясаты кандай?

Санжарбек Тажиматов: Иш жүрүүдө. Элдик биримдикти негиздөө боюнча жана мамлекеттин дин чөйрөсүндөгү саясаты боюнча концепциялар даярдалган. Бул документтер Кыргызстандагы көп улуттуу, көп диндүү коомду жөнгө салуу үчүн иштелип чыккан.

  • 16x9 Image

    Маметбек Мырзабаев

    "Азаттык" менен кызматташкан авторлордун бири. Ислам изилдөө илимий институтунун директору, дин социологиясынын доктору.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG