Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:01

Ала-Букадагы окуя көп көйгөйдүн жүзүн ачты


Ала-Бука районунда башка диний агымды тутунган аялдын сөөгү жергиликтүү элдин, молдолордун каршылыгынан улам жерге берилбей келгени көп көйгөйдүн бетин ачууда.

Өлкөнүн Конституциясындагы дин тутуу эркиндиги кандай корголуп жатат? Диний ишеними боюнча бир улуттун ажырымдары эмнеге алып келет? Өлгөн адамды көмүүгө жер маселесин ким чечиш керек, молдобу же айыл өкмөтүбү?

"Арай көз чарай" талкуусуна Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бейшенбек Абдыразаков жана теолог Ниязалы Арипов Оштон телефон аркылуу катышты.

“Азаттык”: Бейшенбек мырза, төрт күндөн бери Ала-Бука районунда каза болгон аял жерге берилбей, жергиликтүү элдин каршылыгынан улам маселе созулуп кетти. Маркум мусулмандар кабырынан, христиандар мүрзөсүнөн жай таба албай, акыры райондун башка аймагына жашырылганы айтылууда. Бул көрүнүштү кантип баалап, кандай чечмелесек болот?

Ала-Букада маркум эки жолу жерге берилди

Ала-Букада маркум эки жолу жерге берилди

Ала-Бука районунун Сары-Талаа айылынын мүрзөсүнө жергиликтүү тургундар, имамдар башка динге өтүп кеткен деген жүйө менен Каныгүл Сатыбалдиеванын сөөгүн койдурбай, туугандары башка жерден жай табышты.

Бейшенбек Абдыразаков: Бул окуя Кыргызстанда болуп жаткан оору. Мындай окуя беш жыл мурда да болгон. Азыркы күндө башка секталарга кирип кеткен кыргыздардын саны он миңге жакындап калды. Анын ичинен баптисттердин саны үч миңден ашык. Ушунун баары улутубуздун келечегине залакасы тиет. Кыргыздын үрп-адат, каада-салтына, жалпы маданиятына балта чабат.

“Азаттык”: Кыргызстандын Конституциясы өлкөнүн ар бир жаранына дин тутуу эркиндигин берген. Биздин атуулдар ошондон пайдаланып жатышат, демек алар өлгөндөн кийин Кыргызстандын аймагында көмүлүүгө укугу бар да?

Бейшенбек Абдыразаков: Албетте, бул жерде адам укугу деген маселе бар. Бирок, бир адамдын укугуна караганда жалпы улуттун укугу жогору туруш керек. Ушинте берип алты миллион кыргыздын баары баптист болуп кетсе эмне болот? Ошондуктан биз жалпы улуттун, мамлекеттин кызыкчылыгын ойлошубуз керек.

Мындан 20 жыл илгери Бишкекте нарындык өлсө Нарынга, оштук өлсө Ошко барып эле көмүшчү. Азыр антпей баары эле Байтикке көмүлө баштады.

Эгерде биз ар кандай диндерге кирип кетсек эмне болот? Мындан башка да чоң көйгөйлөр көп. 16 миңден ашык бейөкмөт уюмдар деген бар. Ошонун баары эле кыргызды жок кылууга алып келет. Биз ансыз деле аз элбиз. Кытайдай болуп бир жарым миллиард эмеспиз. Ошондуктан Кыргызстан бир дин, бир Конституциянын негизинде жашашыбыз керек.

“Азаттык”: Ниязали мырза, ислам баалуулуктарында башка диндегилер каза болуп калганда же оор абалга туш болгондо аларга кандай мамиле кылуу керек, кантип жерге жашыруу керек, кандай айтылат?

Ниязали Арипов: Ала-Бука районундагы окуя шарияттык маселе болду. Себеби, ар бир дин өкүлү каза болгондо өздөрүнө тиешелүү, илгертен келаткан мазарына коюлушу шарт. Мусулмандар менен христиандар өз алдынча көмүлүшүп, мазарлары мурдатан эле эки башка жерде болгон. Ар бир мазарда ошол динге тиешелүү жөрөлгөлөр аткарылыш керек, исламда куран окулуш керек. Башка диний баалуулуктар менен аралашып, чаташып кетпеш керек. Ошондуктан башка диндегилердин өз алдынча мазары болгону жакшы, өз алдынча жер бөлүнгөнү жакшы. Буга мамлекет тарабынан камкордук болуп, ошол тараптан чечилиши керек.

“Азаттык”: Ниязали мырза, ушул окуя болгондо жергиликтүү молдолор ошол үй-бүлөгө келип, аларды кодулап, диниңерден кайткыла деп коркутканы айтылууда, буга эмне дейсиз?

Кытайдай болуп бир жарым миллиард эмеспиз. Ошондуктан Кыргызстан бир дин, бир Конституциянын негизинде жашашыбыз керек.

Ниязалы Арипов: Ислам - абдан толеранттуу, тынчтыкка, сабырдуулукка чакырган дин. Динге коркутуп, үркүтүү жолу менен чакыруу жүргүзүлбөйт. Бул жерде түшүнбөстүктөр болушу мүмкүн. Диний ишенимди эркин, ыктыярдуу тандоо жана каалоого негизделген жол менен гана жеткирүүгө болот. Мажбурлоо, коркутуу жолу болбош керек.

“Азаттык”: Азыр алыскы райондорду билбейм, Бишкектин айланасында, Чүй боорунда мүрзөгө адамды коюу бааланып, жергиликтүүлөр үчүн жана келгиндер үчүн деп тарифтер коюлуп сатылып жатканын кандай баалайсыздар? Бул маселе канчалык мыйзамдуу, моралдык жактан туура деп ойлойсуздар?

Бейшенбек Абдыразаков: Мамлекеттик көз караш менен караганда Бишкектин айланасындагы мүрзөлөр толуп калган. Ошондон улам мындан 5-10-жыл мурда Чүй облусунун аймагынан 150 гектардай жер берилген, бирок толук чечилген эмес. Ал жакта жол, электр энергиясын, суу алып барыш керек деген маселелер турат. Көрүстөн сатып бизнес кылып жатышат, келгиндерге мынча, жергиликтүүлөргө мынча деп баа коюп алышкан. Ал жерлерде киши көмө турган кызматтар, кишилер бар. Кол менен көмө турган, техника менен көмө турган кызматтар ачылган. Бир кишини көмүш үчүн керек болсо миң долларга чейин акы алгандар бар.

Негизи кыргыздын салты боюнча ата-энең кайда көмүлсө ошол жакка барып көмүлүш керек да. Илгери согушта Кытайда өлсө да этин шылып салып, сөөгүн алып келип туулуп-өскөн, ата-бабаларынын жанына коюшчу. Мындан 20 жыл илгери Бишкекте нарындык өлсө Нарынга, оштук өлсө Ошко барып эле көмүшчү. Азыр антпей баары эле Байтикке көмүлө баштады. Мамлекет тартипке салып, жер бөлүп бербесе чоң чатак чыгат.

“Азаттык”: Ата-бабаларыңардын жанына барып көмүлгүлө деп Жогорку Кеңештен мыйзам чыгарып койсо кандай болот?

Бейшенбек Абдыразаков: Эми андай мыйзам чыгара албайт, ар кимдин өз эрки деңизчи. Бирок, биз кыргыздын салтына баш ийишибиз керек.

«Азаттык»: Ниязали мырза, кыргыз коомунда эмне үчүн бир диндегилер экинчилерине кыргызча айтканда “сиркеси суу көтөрбөй мамиле кылышат”, мындай абалдын түзүлүшүнө эмне себеп болууда?

Динге коркутуп, үркүтүү жолу менен чакыруу жүргүзүлбөйт. Бул жерде түшүнбөстүктөр болушу мүмкүн.

Ниязалы Арипов: Негизи дүйнөлүк диндердин өзөгүндө сабырсыздык, көтөрүмсүздүк деген жок. Жаман иштерди жасап жаткандардын аракеттери динге болгон туура эмес түшүнүгүнөн келип чыгат. Мусулман адам өзүнүн дининин баалуулугун таңыркатып, сүйдүрүп, жакшылап туура түшүндүрүп жеткирсе ошол туура жол. Бүгүнкү күндө диний аң сезимди көтөрүү, диний билим берүүдө бир топ муктаждыктар бар. Биздеги айрым окуялар ушунун айынан болуп жатат.

“Азаттык”: Бизде башка диндер жөнүндө маалыматтар аз болуп жаткан жокпу?

Ниязалы Арипов: Кыргызстанда коомчулуктун калың катмарына башка диндер жөнүндө маалыматтарды жеткирсек жакшы болот эле. Ошондо диндерге карата мамиле өзгөрмөк. Ал эми өлкөнүн көпчүлүк бөлүгүн түзгөн момун мусулмандар өзүнүн үлгүлүүлүгү менен жалпы коомго жоопкерчиликтүү мамиле кылышы керек.

“Азаттык”: Бейшенбек мырза, Кыргызстан - көп улуттуу, көп диндерди туткан жарандардын өлкөсү. Бир акылман айткандай “Сенин маданиятың, каада-салтың, диниң жакпайт, бирок сыйлашыбыз керек” го?

Бейшенбек Абдыразаков: Негизи кыргыз – кудай жараткан, толеранттуу эл. Башка жерлерде мындай эмес. Прибалтикада же Кавказдагылар улутчулдар болушат, башка улуттагыларга үстөмдүк кылып турушат. Кыргыздар башка улуттарга эч убакта кордук көрсөтүшпөйт. Дайыма сыйлашат, урматташат. Ушундай эле баалуулук динде да бар, деп ойлойм. Мусулмандар, христиандар деле эркин эле жүрүшпөйбү.

Мен Жогорку Кенеште депутат болуп жүргөндө, Кыргызстанда ислам жана христиан диндерин калтырып, калган диндерге, секталарга тыюe салуу жөнүндө сунуш менен чыккам. Анда адам укугу бузулат экен дешип, менин сунушум өтпөй калган. Келечекте бир дин, бир куран болуш керек.

“Азаттык”: Өлгөн адамдын кайда коюлушун ким чечиш керек? Айылдын элиби, молдосубу же айыл өкмөт башчысыбы?

Бейшенбек Абыразаков: Биринчи, мыйзам негизинде мамлекет, айыл өкмөт чечиш керек. Азыр ар бир айылда өлүк кайда коюлуш керек, ошого жерлер бөлүнгөн. Керек болсо, ар бир уруунун коюла турган жерлери бар. Маселе, Бишкек шаары жана айланасындагы айылдар бар, ошону мамлекет чечиш керек. Мусулмандар бул жакка, христиандар тигил жакка көмүлөсүңөр деп жерлерди чектеп, чечип бериши зарыл. Эгер бул маселени мамлекет колго албаса, тартипке салбаса эл бири-бирин койдурбай, бири-бирин сабашып, бири-бирин өлтүрүп коюшу да ыктымал.

XS
SM
MD
LG