Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:45

Жашыл экономиканы артка тарткан чечим


АКШ президенти Доналд Трамптын Париж келишиминен чыгуу чечими жана документти кайра карап чыгуу сунушу дүйнө лидерлеринин катуу сынына кабылды.

Климаттагы терс өзгөрүүлөрдү токтотууну көздөгөн протоколго 2015-жылы дүйнөнүн 195 мамлекети кошулган эле.

Франция, Германия жана Италия жетекчилери 1-июнда тараткан билдирүүдө президент Трамптын чечимине өкүнөрүн белгилешип, башка лидерлерди климаттагы өзгөрүүлөргө каршы күрөштү күч алдырууга үндөштү.

Франциянын мамлекет башчысы Эммануэл Макрон ошол эле күнү кечинде АКШ президентине телефон чалган. Маалыматтарга караганда, ал болочокто эки өлкөгө орток долбоорлорду чектөөгө туура келерин айткан.

- АКШ президентинин суверендүү чечимин урматтайм, бирок өкүнөм. Муну менен ал өз өлкөсүнүн, элинин кызыкчылыгына, биздин планетанын келечегине көлөкө түшүргөн чоң ката кетирди.

Европа комиссиясынын төрагасы Жан-Клод Юнкер Трамптын чечимин “олуттуу жаңылыштык” деп атаса, Вашингтондун жакын санаалаштары Британия менен Жапония да өкүнүч билдиришти.

- Мындай чечими менен АКШ президенти Дональд Трамп адам баласы буга чейин жараткан акылмандыкка толугу менен далысын салууга кадам таштады. Бул мени терең өкүндүрөт, - деди Жапониянын айлана-чөйрөнү коргоо министри Коичи Ямамото 2-июнда.

Кытайдын расмий өкүлдөрү Трамп келишимден чыгарын жарыялай электе эле, “макулдашуунун иштеши үчүн Европа Биримдиги менен кызматташарына” ишендиришкен.

Зыяндуу газдардын абага бөлүнүп чыгышы боюнча Кытай менен АКШ дүйнөдө алдыңкы эки орунда турат.

Орусия да Трамптын чечимин “урматтоо” менен бирге келишимден чыгууну караштырбаганын белгиледи.

- Орусия ушунча аракет көрүлүп жетишилген протоколду жактайт. Париж келишими бир тараптуу, эч кандай пайда алып келбейт же кайсы бир өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын гана эске алат деген сөздөр туура эмес, - деди тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков ТАСС агенттигине.

Ал эми Кошмо Штаттардын өзүндө Конгресстеги республикачылар президенттин өлкө үчүн “чийки келишимден” чыгуу чечимин кубатташса, демократтар бул кадамды “айлана-чөйрө үчүн трагедия” деп атап, муну менен АКШ дүйнөлүк сахнадагы “лидерликтен баш тартууда” деп айыпташууда.

Эсиңиздерге сала кетсек, 2015-жылдын декабрында жетишилген протоколго дүйнөнүн эки мамлекети – Сирия жана Никарагуа гана кошулган эмес.

Трамп болсо чечимин коргоп жатып, “мен Париждин эмес, Питсбургда жашаган жарандын өкүлү катары шайлангам” деди.

Бирок ошол эле Питсбургдун мэри Билл Педуто “шаар дүйнө менен бирге болорун жана Париж келишимине берилгендигин” Твиттерде жазып, Трамптын атаандашы Хиллари Клинтон калаада добуштардын 80 процентин алганын белгиледи.

20-кылымда болот өндүрүү менен атагы чыккан Питсбург жашыл шаар катары жарыяланып, айлана-чөйрөнү коргоо принциптерин жана технологиялык прогрессти жактап келет.

Билл Педуто сыңары эле көптөгөн штаттардын губернаторлору жана шаар башчылары Трамптын кадамына жооп иретинде газ эмиссиясын азайтуу аракеттерин күчөтүшөрүн билдиришти.

Мурдагы президент Барак Обаманын тушунда кол коюлган документ боюнча АКШ 2025-жылга чейин зыяндуу газдын абага бөлүнүп чыгарылышын 2005-жылга караганда 26-28 процентке кыскартуу милдетин алган.

Былтыркы шайлоодо көмүр көп казылган элет жерлеринин колдоосун алган Трамп келишим экономикага триллиондогон доллар зыян келтирип, миңдеген жумуш орундарын бошоторун айтып келген. Келишимдин АКШга пайдасы аз деген АКШ президенти шайлоо кампаниясы учурунда Париж протоколунан чыгууга убада берген.

Биз макулашуудан чыгып жатабыз, бирок сүйлөшүүлөрдү баштап, адилеттүү келишимге жетишүү аракетин көрөбүз. Мунаса тапсак, мыкты болот. Таппасак, андан жакшы.

Париж протоколу климаттагы глобалдуу өзгөрүүлөргө каршы күрөш боюнча аткарууга милдеттүү алгачкы документ. Ар бир мамлекет зыяндуу газдардын абага бөлүнүп чыгышын азайтуу үчүн керектүү кадамдарды жасоого макул болгон.

Көмүр кычкыл газын мунай, жаратылыш газы жана көмүр менен иштеген электростанциялар, машиналар бөлүп чыгарат. Окумуштуулар метан жана башка заттар атмосфераны булгап, Жер шарынын ысышына алып келүүдө дешет.

Арийне, Еврокомиссиянын төрагасы Юнкер белгилегендей, келишимден чыгуу процесси бир нече жылга созулмакчы.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG