Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:15

Экологдор борбордун абалына камтама


Жаратылышты коргоочулар Бишкектеги бак-дарактардын кыйылышына каршы нааразылык акциясын өткөрүштү. Алар учурда кеңейтилип жаткан шаар көчөлөрүнүн тегерегиндеги бактар мыйзамсыз кыйылып жатат деп эсептейт. Шаар бийлиги жана Башкы архитектура коомчулуктун пикирин эске алып, учурда сөз болуп жаткан долбоорду кайра карап чыкмай болду.

Экологдор соңку чейрек кылым ичинде Бишкектеги бак-дарактар азайып баратканын кайра-кайра айтып келишкен. Мындай маселе буга чейин парламентте, шаардык кеңеште да көтөрүлгөн.

Буга чейин Шаардык капиталдык курулуш башкармалыгы Токтоналиев көчөсү оңдоп-түзөөдөн өтүп, кеңейтиле баштагандан улам жол курууга тоскоолдук жараткан дарактар алынарын билдирген. Жергиликтүү тургундар башында эле дарактарды кыюуга нааразы экенин айтып келишкен эле.

Акцияга келгендердин бири Гүлнара Журабаева шаар бийлиги калаада жалпы эле курулуш эрежелерин жана адамдар жашаган аймактар үчүн белгиленген чен-өлчөмдөр сакталбай жатат деп эсептейт:

- Бийлик өкүлдөрү өздөрү тоого жакын, бак-шагы бар аймактарда жашап, жумушка ошол жактан келип жүрүшөт. Ал эми биз кайда барабыз? Ушундай зыяндуу абадан дем алып жашаганга туура келет. Биз ушуга каршы болуп чыгып атабыз. Анан да биз дарактарды кыюу боюнча түзүлгөн комиссияларга элдин өкүлдөрү кошулсун деп суранабыз. Ошол эле учурда бул маселе коомчулук аркылуу талкууланышы керек. Карап көрүңүзчү, көчөдө бактар дээрлик калбай калды. Жөө кишилер баса турган жолдор кыскарып жатат.

Көркү качкан Бишкегим...

Көркү качкан Бишкегим...

Кыргызстандын борбору Бишкекте акыркы жылдары курулуш күч алып, көк тиреген кабат-кабат үйлөр салынууда. Бирок курулуштарды бир багытка бурган архитектуралык-композициялык талап жок болгондуктан көз тайгылткан үйлөр менен өткөн кылымдын эстелиги катары калган жепирейген тамдар катар орун алып, борбор шаардын көркү бузулууда.

Журабаева өткөн кылымдын 80-жылдары шаардын бир тургунуна 30 чарчы метр жашыл аянт туура келсе, бүгүнкү күндө бул көрсөткүч 5 чарчы метрден ашпай калганын мисалга тартып, мындай абал шаар тургундарын ден соолугунан ажыратып жатат деген оюн билдирди.

Коомчулукта бир кезде жашыл шаар деп эсептелген калаанын азыркы абалы негизги көйгөлөрдүн бирине айланганы байма-бай айтылып келет. 25-майда борбордун экологиялык абалына байланыштуу көйгөйдү көтөрүп чыккан Жогорку Кеңеш депутаты Руслан Казакбаев парламент жыйынында Бишкектин абасында рак оорусун пайда кылуучу зыяндуу зат нормадан беш эсе жогору экенин кеп кылган:

- Бүгүнкү күндө Бишкек Кыргызстанда респиратордук илдеттер жана дем алуу органдарынын онкологиялык ооруларынын саны боюнча алдыңкы орунда турат. Шаардын абасындагы азот диоксидинин концентрациясы нормадан эки эсе жогору.

"Сугарбаса көчөт тиккенден пайда жок"

Анткен менен Бишкек шаарынын "Жашылдандыруу" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Токтобек Элгондиев калаадагы дарактар себепсиз кыйылып жатат деген пикирлерге таптакыр макул эмес. Адис шаарда чириген дарактар гана кесилерин айтып, антпесе ичи көңдөй болуп калган бак табияттын катаал шартында кулап түшүп, шаар тургундарынын коопсуздугуна коркунуч келтирген окуялар болгонун эске салды:

- Мисалы биз өткөн жылы эки миң дарак кыйсак, анын ордуна алты миң көчөт отургуздук. Бизден сырткары жеке үй-бүлөлөр, мекемелер да канчалаган көчөттөрдү тигишти. Бизди – жашылдандыруучуларды шаардын душманы катары карабаш керек да. Биз деле силер мененбиз. Бул биздин шаар, биздин борбор. Бизге эч ким жакшы калаасын бербейт да.

Элгондиев быйыл шаарда жыл аягына чейин 10 миң дарак жана 5900 бадал отургузуу пландалып, мындан тышкары, зыянкеч курт-кумурскаларды жок кылуу иштери жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

Бирок буга чейин эколог Алмагүл Кендирбаева "Азаттык" радиосуна көчөт отургузулганы менен аларга кам көрүлбөй жатканын айткан эле.

Ал шаар бийлигин көчө жээктей өскөн бактардын тегерегин асфальттап же брусчаткалап койгон учурларга бурууга чакырган. Экологдун айтымында, айланасы цемент менен курчалган дарактын тамыры дем албай ичтен чирип, көңдөй бакка айланат.

- Көчөт олтургузулду деген эле иш жүрүп жатат. Бирок сугарылбаса, жакшылап багылбаса эмгек талаага кетти дегенди эле түшүндүрөт. Эгерде жетекчилер жакшы иштесе, көчөттү сугарганга суу деле табылмак, - деген эле Алмагүл Кендирбаева​.

Кыйылган дарактарга ким жооптуу?
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:58 0:00

Ал эми Калаанын вице-мэри Эркинбек Исаков быйыл Бишкектеги үч ири сквер менен сейил бак жаңыланарын кеп кылып, жаратылыш коргоочулардын акциясын, коомчулуктун пикирин эске алуу менен сөз болуп жаткан Токтоналиев көчөсү боюнча долбоор кайра караларын билдирди:

- Башкы архитектор Асхар Тюлебердиев айткандай бул долбоорго өзгөртүү киргизилет. Элдин ой-пикирин эске алып, азыр жумуш башталды. Долбоор дарактарды максималдык түрдө сактап кала тургандай кылып өзгөрүлөт. Биз да буга макулбуз, - деди Эркинбек Исаков.

Буга улай мэрия өткөн жылы калаага 120 миң бак-дарак отургузганын билдирип, учурда Бишкекте жети миң бак кооптуу абалда экени аныкталганын айтып жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG