Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:18

Бишкек: Суу ичкен кудугуңа түкүрбө


26-март түнү борбор калаадагы “Ата Түрк” паркынан быйыл отургузулган 60 түп балатынын көчөтүн белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкен.

Андан тышкары жаңы орнотулган шамчырактарды талкалап жатышат. Ал эми жайкысын болсо гүлдөрдү жулуп кетүү башталат деп шаар мэриясы жүрөк заада. “Арай көз чарай” талкуусунда ушул маселе ортого салынды.

Талкууга Бишкек мэриясына караштуу “Жашылдандыруу” ишканасынын бак-дарактар бөлүмүнүн башчысы Жаныбек Жумалиев менен Мурас Ордо жаңы конушунун жашоочусу, БГУнун окутуучусу Нурзат Казакова катышты.

“Азаттык”: Шаар бийлиги жаңы тигилген көчөттөрдү, гүлдөрдү, атүгүл карапасы менен кошо уурдап кетүүлөр жыл сайын эле кайталанарын айтып келе жатат. Жаныбек мырза, жылына канча бак-дарак отургузулат жана ошонун канчасы көктөйт?

Жумалиев: Бишкекте беш ири парк бар. Аларга быйыл 750 балаты отургузулган. 26-марттан 27-мартка оогон түнү "Ата-Түрк" паркынан 61 түп балатыны белгисиз бирөөлөр казып кетишкен. Ийне жалбырактуу көчөттөр кыш мезгилинде отургузулган, эми аларды түбүндөгү топурагы менен казбаган соң, аларды жаңы жерге алып барып тиккен күндө да бул көчөттөр андан ары көктөп кете албайт, куурап калат.

Биздин ишканага жыл сайын Бишкектин ар бир районунан жашылдандырууга керектүү бак-дарактардын көчөттөргө, гүлдөргө суроо-талап түшөт. Мисалы, быйыл 46 миң түп көчөт райондук акимчиликтерге акысыз берилет, алар аны тиешелүү жерге отургузууга тийиш.

“Азаттык”: Нурзат айым, биздин борбор калааны 47 жаңы конуш курчап турат. Сиз өзүңүз да Мурас-Ордо жаңы конушунда жашайт экенсиз. Ошол жаңы конуштардын тазалыгы, аларды жашылдандыруу кимдин колунда деп эсептейсиз?

Казакова: Шаардагы тазалык ар бир адамдын маданиятсыздыгынан, табиятка жасаган мамилесинен, таштандыны туш келди ыргытканынан көз каранды. Жаңы конуштар тууралуу айтсам, аны калыбына келтирүү, жашылдандыруу мэриянын колунда.

Мен жашаган конуштун шаарга кошулганына беш жыл болсо да, чынында шаардык бийлик тарабынан көңүл бурулбайт. Качан эл көчөгө чыгып, жолду тоскондо гана райондук же шаардык бийликтен өкүлдөр келип, көңүл бөлүмүш этет, убадаларын берет, бирок натыйжада эч кандай жыйынтык жок.

Биздин конуш Биринчи Май районуна карайт, бирок жетекчиликтен келишип, “бизге мынча көчөт бөлүндү, аны бул жерлерге отургузалы” деген сунуштарын айтканын көрө элекмин.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Жаныбек мырза, быйыл шаардагы көчөлөрдүн боюндагы күркөлөр алынып атат, бирок алардын орду ошол бетондолгон, казылган боюнча калып жатканын байкап атабыз. Мына ошол жерлерди жашылдандыруу маселеси да каралганбы?

Жумалиев: Албетте каралган. Жашылдандырылат. Бирок шаардагы тазалык, жашылдандыруу маселесине ар бир аймак, тиешелүү кызматтар да жооп бериши керек. Ошондой эле кафе-дүкөндөргө, ишканаларга да өздөрүнүн айланасын тазалап, жашылдандырып туруу милдеттендирилген.

“Азаттык”: Нурзат айым, сиз жашаган конушта тургундар чогулуп, көчөт тигели, жашылдандыралы деп демилге көтөрсөңүз кошуналарыңыз колдойбу?

Казакова: Азырынча айталбайм. Анткени конуш жаңы орноп, үйлөр курулуп жатат, бирок көпчүлүгүнүн короолору тосулган эмес, мал жайылып жүрөт, тиккен көчөттөрдү кемирип жеп кетет. Ошондуктан бизде азырынча бир нерсе деп так жооп берүүгө кыйын болуп турат, болбосо ишембилик кылалы, тазалайлы, көчөт отургузалы, жашаган жерибизди жакшы кылып алалы дегенге эмне жетсин?
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG