Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:48

Мектеп окуучусу таштандыны кайра иштетүү аракетинде


Бишкектеги №78 Көлмө орто мектебинин 11-классынын окуучусу Кадырбек Максатбаев шаардагы таштандыларды кайра иштетүү долбоорун иштеп чыкты.

PISA эл аралык иликтөө борбору жалпы дүйнөдөгү 65 өлкөнүн мектеп окуучуларынын деңгээлин аныктаган. Натыйжа кыргызстандык окуучулардын деңгээли өтө төмөн экенин көрсөттү, Кыргызстан иликтөөгө катышкан 65 өлкөнүн ичинен 65-орунду алды. 5-декабрда болсо Бишкекте жаштар арасындагы ишкерлик боюнча атайын долбоордун сынагы аяктап, анда жалаң мектеп окуучулары ийгиликке жетишти. Бул сынакта 1-орунга Бишкектеги №78 Көлмө орто мектебинин 11-классынын окуучусу Кадырбек Максатбаев шаардагы таштандыларды кайра иштетүү долбоору менен жетишкен.

- Кадырбек, сынакка алып чыккан долбооруңда сен таштандыны кайра иштетүүнү сунуш кылып жаткан экенсиң, ушул тууралуу кыскача айтып берсең?

- Биздин долбоор боюнча үйлөргө таштанды чогултуучу төрт челекче таратылат. Адамдар ал челектин ар бирине ар башка таштанды чогултушат, мисалы пластиктен жасалганын өзүнчө, кагазын башка, металлын дагы өзүнчө дегендей. Биз аларды алып кетип, мына ушуларды кайра иштетүүчү ишканаларга алпарып беребиз.

- Маселен кайсы ишканаларга?

-Негизинен азыр элден чогултуп алган таштандыларды өз-өзүнчө бөлүп алып, аларга өткөрүп беребиз да. Тагыраак айтсак даарат кагазын чыгарган ишканаларга макулатураларды тапшырабыз, металл чогулткандарга темир таштандыларды өткөрөбүз. Биздин өзүбүздүн долбоор боюнча мына ушуларды өзүбүз чыгарып, элден алган таштандыларды кайра жаңы буюм кылып иштетүүнү максат кылганбыз.

- Бул бизнес долбоор кагаз жүзүндө эле турабы, же ишке кирдиби?

-Азырынча кагаз жүзүндө эле турат. Себеби биздин бизнес планды азыр инвесторлор менен дагы талкуулап жатабыз, алар өздөрүнүн оңдоо-түзөөлөрүн киргизгенден кийин кудай буйруса, баштайбыз. Долбоор иштеп баштаганда анда он киши иштейт. Кийинчерээк иш алдыга жылганда дагы көбөйтөбүз.

-Таштандыларды ар бирин өз-өзүнчө бөлүп ыргытууга биздин жарандар көнгөн эмес. Көбүнчө эле таштандынын баарын эле бир чогултуп, ыргытып салышат. Мына ушул таштандыларды өз-өзүнчө бөлүштүрүп, иштетүү жагы да каралабы?

-Албетте, бул жагын да карадык, элди төрт челектин ар бирине бөлүп таштанды таштоого үйрөтүү башында кыйын болорун да эске алдык. Ошондуктан, биз азыр өзүм жашаган Көлмө жаңы конушунда жана Маевка айылындагы таштандыларды жыйнап кетип, аларды төгүп, кайра бөлүштүрүп чыгуу үчүн Маевка айылынын төмөн жагынан, шаардын сыртынан атайын жер алдык. Ошол жерге төгүп, өз колубуз менен бөлүштүрүп, ишканаларга өткөрөбүз. Кийинчерээк элдин көнүшү менен ишканаларга түз ташысак болот.

-Силердин долбоор боюнча жумуш орундары кимдерге берилет, өзүңдөй болгон мектеп окуучуларыбы, же алардын ата-энелери деле иштесе болобу?

-Бул долбоорго бардык эле адамдарды ала беребиз. Анткени биздин максатыбыз: шаарды тазалыкта кармоо менен бирге эле адамдарга жумуш ордун түзүп берүү. Ошондуктан, биз бардык эле жумушка ылайыктуу адамдарды иш орду менен камсыз кылууга аракет кылабыз. Анткени келечекте биз Көлмө менен Маевка айылдарынан да кеңейтип, жалпы Бишкек шаарын, анын сыртындагы айылдарды тазалыкта кармоого, андагы таштандыларды кайра иштетүүнү максат кылып жатабыз.

- Кыргызстанда ишкерлик кылуу оңойго турбаган иш деп айтылат, өзгөчө түрдүү бюрократиялык кагаз иштеринен өтүү. Мына бизнес план түзүп, ошол аркылуу максатыңды ишке ашырууга болот бекен?

-Башында ишкерлик тууралуу менде үстүртөн эле маалымат бар болчу. Ишкерлик десе жөн эле пайда көрүү деп ойлочумун. Мен ушул долбоор боюнча тренингдерге катышып, үйрөнө баштагандан кийин ишкерлик тууралуу кеңири түшүнүк пайда болуп, так маалыматтарды алдык. Биз жөн эле акча табууну эңсебей, мамлекетке салык төгүп, чоң-чоң уюмдар менен чогуу иштешүүнүн зарылдыгын түшүндүк.

- Кадырбек, сага чоң рахмат! Мындан аркы окууларыңа жана ишкерлигиңе ийгилик каалайбыз.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG