Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:12

Кабулду кайрадан кара түтүн каптады


Германия элчилигинин айланасы жардыруудан кийин. 31-май, 2017-жыл.
Германия элчилигинин айланасы жардыруудан кийин. 31-май, 2017-жыл.

Ооганстандын борборундагы бүгүнкү жардыруудан 80дей кишинин өмүрү кыйылып, 350дөн ашууну жаракат алды.

Ооганстандын Саламаттыкты сактоо, Ички иштер министрликтери Кабулдун тургундарын ириде жардыруудан жабыркагандар үчүн кан берүүгө чакырды.

- Бүгүнкү жардыруудан баарыбыз дүрбөлөңгө түштүк. Биздин душмандарды Кудай жазаласын! Бул жерге балдардын, аялдардын өмүрүн сактоо үчүн кан бергени келдик, - деди Кабулдун ооруканасында жүргөн тургундардын бири “Азаттыктын” ооган борборундагы кабарчысына.

Кубаттуу жана ири жардыруу эртең менен эл кымгуут учурда президенттик сарайга, чет өлкөлөрдүн элчиликтери жайгашкан аймакка жакын жерде болду.

Полициянын айтымында, бомба күйүүчү май тарткан унаага же автоцистернага катылган. Кан төгүүнүн айрым күбөлөрү болсо, “Азаттыктын” Кабулдагы кабарчысына төмөнкүлөрдү айтышты.

- Мен залдын ичинде элем. Бир убакта үстүбүзгө дубал кулап, мен өзүм телефонум колуман ыргып, жыгач устундун алдында калып, эмне болгонун ошондо гана түшүндүм. Жерге кулагандар арасында дене-башына кай жайыла баштагандар болду.

- Бул жанкечти эбегейсиз зыян алып келди. Карагыла кимдир бирөөнүн үйү, кимдир бирөөнүн дүкөнү талкаланды. Өмүрү кыйылгандардын көбү да жайкын тургундар, чиновниктер болсо жылуу-жумшак өз кабинеттеринде олтурушат. Мындай кырдаалда биз эмне кылышыбыз керек? Бул өлкөдөн качышыбыз же белибизге бомба байлап өзүбүздү-өзүбүз жардыруубуз керекпи?

Жардыруунун курмандыктары менен жаракат алгандардын көпчүлүгү жайкын тургундар.

Ооган борборунун жардыруу болгон Вазир Акбар Хан району эң коопсуз аймак деп саналчы.

Чет өлкөлөрдүн элчиликтери жайгашкандыктан, аймак тосмолор, бийиктиги үч метрлик дубалдар менен корголгон.

Ал жердеги өкмөттүк кеңселерди полиция жана улуттук коопсуздук күчтөрү кайтарат.

Жардыруу кубаттуу болгонунун белгиси - андан кеминде 50дөн ашуун унаа талкаланган.

Атүгүл жүз метр аралыктагы турак-жайлардын да айнектери күбүлүп, эшиктери бузулду. Жардыруудан кийин асманга кара түтүн уюлгуп чыкты.

Жардыруу жасалган жерге эң жакын Германия элчилиги жайгашкан экен. Немис тышкы иштер министри Зигмар Габриэл Берлинден буларга токтолду:

- Коркунучтуу теракт немис элчилигине тикелей канатташ жерде болду. Жаракат алгандар немис элчилиги ичинде да бар, бирок алар жеңил жаракат алгандар. Ал эми каза тапкандар арасында элчиликтин ооган сакчылары бардай. Биз курмандыктардын үй-бүлөлөрүнө жардам берүүгө аркеттенебиз. Бул террочулар Батыш институттарын бутага алууга умтулуп, бирок өз элин да кыйратып жатканын дагы бир жолу далилдеди.

Жараат алгандарды ооруканага жеткирүү. 31-май, 2017-жыл.
Жараат алгандарды ооруканага жеткирүү. 31-май, 2017-жыл.

Ирандын расмий ИРНА жаңылыктар агенттиги болсо алардын элчилигине караштуу имараттарга да олуттуу бузулганын кабарлады.

Жардыруудан Франция, Индия, Түркия, Кытай, Жапония, Казакстандын элчиликтеринин имараттарына да зыян тийген. Бирок, дипломаттардын жабыр тартканы тууралуу маалымат түшкөн жок. Казак тышкы иштер министрлиги алардын ошол аймакта жүргөн эки жараны жаракат алганын ырастады.

НАТОнун Ооганстандагы миссиясынын маалыматына караганда, ооган коопсуздук күчтөрү бомбаланган автоцистернанын чет өлкөлүк элчиликтер түздөн-түз жайгашкан Жашыл зонага киргизбей торой алган.

Бул жардыруу жасагандар көздөгөн бутасына жетпей калуусу мүмкүндүгүн ишара кылууда.

Германия элчилигинин жаны жардыруудан кийин. 31-май, 2017-жыл.
Германия элчилигинин жаны жардыруудан кийин. 31-май, 2017-жыл.

Ооган президенти Ашраф Гани 31-майдагы кан төгүүнү “коркоктук менен жасалган кол салуу”,- деп айыптады.

“Террорчулар Ыйык Орозо айында да биздин бейкүнөө жарандарды өлтүргөнүн токтотподу”,- деп айтылат Ганинин кеңсеси тараткан билдирүүдө.

НАТОнун башкатчысы Йенс Столтенберг жардырууну “үрөй учурган” деп атоо менен айыптады.

АКШнын Ооганстандагы башкы дипломаты Уго Льоренс “бул үрөй учурган жана уят кол салуу террорчулар адам өмүрүн толугу менен жээрип, Ооганстандын тынчтык келечеги тууралуу үмүттөргө ниглисттик менен каршылык көргөзүп жатканын ачыктаганын” белгиледи.

Эл аралык Мунапыс уюму болсо Ооганстандагы жаңжаалдын кунун жайкын тургундар төлөп, куралдуу топтор аларды атайлап бутага алып, өкмөт коргой албай жатканына көңүл бурду.

Кандуу окуя Талибан жазгы чабуулун баштаганын жарыялаганданкийинки учурга туш келди.

Бирок Талибандын басма сөз өкүлү алардын бул кол салууга тиешеси бардыгын четке какты.

Забихулла Мужахиддин билдирүүсүндө алар эч бир бутасы жок эле жайкын тургундарды жабыркаткан кол салууларды айыптай турганы белгиленет.

Ооган борборунда буга чейинки бир нече кубаттуу бомба чабуулдар, анын ичинде 3-майда НАТОнун кербеннин бутага алган жардыруу үчүн “Ислам мамлекети” тобу жоопкерчилик алган.

Өзү башкалаа да курамына кирген Кабул провинциясында быйылкы жылдын үч айында кол салуулардын өмүрү кыйылган же жаракат алган жайкын тургундардын саны өлкө боюнча эң көп болду.

Улуттар уюмунун гуманитардык жардамдарды координациялоо боюнча кеңсеси өткөн аптада жарыялаган баяндамада 2017-жылы Ооганстанда 103 229 адам жер которгону айтылат. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 36% аз дегенди билдирет.

БУУнун кеңсеси мунун бир нече себептерин да атады. Биринчиден, уруштар былтыркы аймактарда эле уланып жаткандыктан адамдар ал жактан эчак эле көчүп кетишкен. Экинчиден, жакырчылык күчөгөндүктөн чоң үй-бүлөлөрдүн башка жакка көчүшү кыйындады. Үчүнчүдөн, буга чейин коопсуз деп саналган шаарларда деле азыр абал жакшы эмес.

Жардыруудан кийинки көрүнүш. 31-май, 2017-жыл.
Жардыруудан кийинки көрүнүш. 31-май, 2017-жыл.

Быйылкы жер которуулардын 42% мурда тынч деп саналган түндүк аймактарга, 31% козголоңчулардын жана акыркы айлардагы айгышкан уруштардын очогу болгон түштүк райондордун үлүшүнө туура келет.

АКШнын Ооганстанды кайра куруу боюнча атайын башкы инспектору быйыл 1-майда Конгресске жолдогон докладда ооган өкмөтү өлкөдөгү 407 райондун 59,7% көзөмөлдөрү көргөзүлгөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG