Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:54

Көз карандысыз байкоочулар укуктарын коргоп чыкты


Бейөкмөт уюмдар шайлоо жараянына көз карандысыз байкоо жүргүзүүнү чектеген ченемдин киргизилишине каршы нааразылык акциясына чыкты.

Ошол эле учурда Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети байкоочулардын укуктары боюнча ченемдерди ичине камтыган "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү үчүнчү окуудан добуш берүүгө жөнөтүү чечимин кабыл алды.

Укук коргоочулар көз карандысыз байкоочуларды саясий партиялардын байкоочуларынан бөлүп, шайлоодогу мыйзам бузуулар боюнча алардын сотко кайрылуусун чектөөнү одоно укук бузуу катары кабыл алышууда.

Укук сураган ураандар

Укук коргоочулар менен бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү 30-майда "Көз карандысыз байкоочу шайлоочулардын укугун коргоочу", "Шайлоолордун айкындуулугун талап кылабыз" жана "Көз карандысыз байкоочулардын укугун кайтарып бергиле" деген сыяктуу ураандар менен Ак үйдүн алдына нааразылык акцияга чыгышты.

"Жарандык платформа" бейөкмөт уюмунун жетекчиси Айнура Усупбекова байкоочулардын макамы боюнча мыйзамга кирип жаткан ченемдер коомдук кызыкчылыкка каршы келет деп эсептейт:

- Бул мыйзам аркылуу көз карандысыз байкоочулардын шайлоого байкоо жүргүзүүсүнө тоскоолдук жасалганы жатат. Буга чейинки мыйзам боюнча биздин укуктар бир топ кеңири болчу. Анда биз шайлоо комиссияларына катышып, алардын чечимдеринин мыйзамдуулугу боюнча сотко кайрылууга мүмкүнчүлүк бар эле. Биз бул жерде шайлоочулардын кызыкчылыгын коргоп, алардын бузулган укуктарын калыбына келтирүүгө өбөлгө түзүп келдик. Жаңы укуктук ченем боюнча, ал күчүнө кирсе биздин шайлоо жараянын көзөмөлгө алуу укугубуз чектелгени турат. Анан шайлоодогу мыйзам бузуулар боюнча соттук териштирүү үчүн даттануу укугубузду дагы алып салышыптыр.

Шайлоо мыйзамын өзгөртүүгө каршы акциядан бир көрүнүш
Шайлоо мыйзамын өзгөртүүгө каршы акциядан бир көрүнүш

Жогорку Кеңештеги мыйзам долбоорунун авторлору долбоордо бейөкмөт уюмдардын жана саясий партиялардын байкоочуларын экиге бөлүп карап, алардын ыйгарым укуктарын ажыраткан.

Шайлоо мыйзамынын 9-беренесиндеги көз карандысыз байкоочулардын шайлоо комиссияларынын жыйындарына эркин катышуу жана алардын чечимдерин сотко даттануу укугу алып салынган. Мындай укук эми саясий партиялардын же талапкерлердин байкоочуларында гана болот. Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешов бул укуктук ченемди төмөндөгүчө түшүндүрдү:

- Байкоочулардын макамына киргизилген бул өзгөртүүлөр туура эле болду. Анткени бейөкмөт уюмдардын байкоочулары менен саясий пратиялардын байкоочуларынын ортосунда айырмачылык бар. Бул саясий партиялардын жана талапкерлердин укугу. Ал эми бейөкмөт уюмдардын саясатка тиешеси жок. Эми алардын байкоочуларында эркин байкоо жүргүзүүгө укуктары калды. Алар видео-фото тартууга, мыйзам бузууларды каттоого алууга акысы бар. Бирок ошолордун негизинде сотко кайрылууга гана укугу жок. Бул мыйзам ченемдүү эле көрүнүш.

Үчүнчү тараптын катышуусу

Ошол эле кезде көз карандысыз байкоочулардын укугун чектөө - алар шайлоонун өтүшүнө тоскоолдук жаратат деген себеп менен сунушталганы белгилүү болду.

Бирок Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Атыр Абдрахматова бейөкмөт уюмдардын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүгө кошкон салымын айтып, алардын атынан шайлоого көз карандысыз байкоо жүргүзүүнү чектөө оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн деп эскертти. Анткени анын айтымында, бейөкмөт уюмдардын байкоочулары үчүнчү тарап катары шайлоодогу мүчүлүштүктөрдү айтып турганы кырдаалды өз учурунда жөнгө салууга өбөлгө түзүп келген:

- Мына ошол бейөкмөт уюмдардын арты менен шайлоочулардын тизмеси жаңыланып, тазаланган. Шайлоо тутуму дагы мына ошолордун берген сунуштарынын негизинде оңдолуп жатат. Шайлоодо болгон мүчүлүштүктөрдү дагы мына ошол көз карандысыз байкоочулар айтып турушат. Анан шайлоо учурунда талапкерлердин ортосунда талаш-тартыш болгондо же алардын бири шайлоо комиссиясы менен кайсы бир маселени тактай албай жаткан учурда мына ошол байкоочулар үчүнчү бир калыс тарап катары көз карандысыз пикирин айтканы дагы чоң нерсе. Жакында алдыда президенттик шайлоо күтүлүп жатканда шайлоонун канчалык ачык-айкын өткөнүн белгилөө үчүн дагы бейөкмөт уюмдардын берген баасы маанилүү. Эгерде алардын укугун чектесек, мына ошол мүмкүнчүлүк жокко чыгарылат.

Авторлордун айрымдары каршы

Бейөкмөт уюмдардын атынан көз карандысыз байкоо жүргүзгөн байкоочулардын укугун чектөөнү караган ченемге бул мыйзам долбоорунун айрым авторлору дагы каршы чыкты.

11-декабрь, 2016-жыл
11-декабрь, 2016-жыл

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Мирлан Бакиров көз карандысыз байкоочулардын ишмердигин жана шайлоодогу мыйзам бузуулар боюнча алардын сотко даттануу укугун чектөө жобосу тууралуу пикирин билдирди:

- Шайлоо жараянына эл аралык жана жергиликтүү байкоочулар көз салып турганы абдан маанилүү. Анан алардын көз карандысыз байкоо жүргүзүү жана сотко даттануу укугун чектөө бул шайлоонун мыйзам чегинде өтүшүнө жасалган тоскоолдук катары кабыл алынышы мүмкүн.

Укук коргоочулар мыйзам долбоорунун авторлору менен жолугушуп, бул ченемди артына кайтаруу боюнча өз жүйөлөрүн келтирген. Бирок Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети долбоорду өзгөртүүсүз калтырып, аны үчүнчү окуудан добуш берүүгө жөнөтүү чечимин кабыл алды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG