Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:53

Электрондук эсептин сыры


Шайлоо, референдум
Шайлоо, референдум

“Шайлоо” мамлекеттик автоматташтырылган тутуму үзгүлтүккө учурап, электрондук эсептөө урналарынын иштебей калган учурлары байкоочуларда чоң күмөн саноолорду жаратты.

Бул техникалык мүчүлүштүк катары айтылганы менен, добуш берүүгө көз карандысыз байкоо жүргүзгөндөр аны шайлоонун жыйынтыгына таасир этүүчү атайын иш-чара болушу мүмкүн деп шекшип жатышат.

Түштүк Кореядан келген инженер-программисттин борбордук серверде отурганы жана ага БШК төрайымы гана кирип-чыгып турган деген сыяктуу маалыматтар айрым комиссия мүчөлөрүндө дагы шек саноолорду жаратты. БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова мындай дооматты четке кагып, бардыгы мыйзам чегинде болгонун билдирди.

Техникалык мүчүлүштүктүн тескери жактары

Көз карандысыз байкоочулар Борбордук шайлоо комиссиясынын "Шайлоо” мамлекеттик автоматташтырылган тутуму 11-декабрда түшкү саат 1ден кечки саат 6га чейин үзгүлтүккө учураганын катташкан. Ага чейин жергиликтүү кеңештердин шайлоосу жана референдумга шайлоочулардын катышуу деңгээли 13 пайыздын айланасында болгон.

Электрондук тутумдун үзгүлтүккө учурашынын техникалык себептери түшүндүрүлгөн эмес. Кечке жуук ал кайра иштегенде электрондук тутум добуш бергендердин пайыздык катышында чукул секирик болгонун көрсөткөн.

Кыргызстанда референдум жана шайлоо өттү

Кыргызстанда референдум жана шайлоо өттү

“Интербилим” уюмунун өкүлү Гүлгаакы Мамасалиева “Азаттыкка” бул жагдай боюнча өзүнүн жеке байкоолору менен бөлүштү:

- Добуш берүүгө катышкандардын пайыздары чукулунан эле көбөйүп кеткени таңкалычтуу болду. Анткени катышуунун пайызын автоматтык түрдө көбөйтүү аркылуу шайлоочулардын саны бурмаланат окшойт деп ойлоп калдым. Бийликке ыңгайсыз партияларды иргеп салуу ушул жагдайда ишке ашабы деген күмөн саноо пайда болду. Мындан башка квитанция алуу үчүн идентификация кыла турган жабдуудан өтүүдө кээ бирөөнө кызыл белги күйүп калып жатты. Бул деген ал шайлоочу мурда добуш берген дегенди билдирет. Анан комиссия мүчөлөрү андай жарандарга добуш берүү үчүн бюллетень бербей коюп жатты. Ошондо ал жарандар “эч кайсы жерден добуш бербесем, анан каяктан ошентип “добуш берди” деп чыгат деп нааразы болуп кетип жатышты. Анан бул жабдуулар добуштарды бөлүштүрүүдө дагы катачылыктарга жол берет экен. Ушундай кемчиликтер болуп жатса участкалык шайлоо комиссиялары бюллеттендерди кол менен санабай коюп эле чыккан квитанция боюнча протоколго кол коюп жатышпайбы. Бул жалпы жыйынтыкка таасир эте турган өтө олуттуу маселе.

Добуш берүү күнү “Шайлоо” мамлекеттик автоматташтырылган тутумунун алты саат бою үзгүлтүккө учурашы жана шайлоо участокторундагы техникалык жабдуулардын иштебей калган учурлары айрым шайлоо комиссиялары үчүн дагы таңкалычтуу болгон. Анткени ошондой техникалык мүчүлүштүктөр болгон учурда деле аны өз учурунда оңдоого мүмкүнчүлүк болгон дешет алар.

Ошондой эле БШКнын борбордук серверинде Түштүк Кореядан келген инженер-программист иштегени жана ага БШК төрайымы гана кирип-чыгып турганы боюнча такталбаган маалыматтар чыкты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Назарали Арипов мындай сырдуу жагдайлар боюнча өзүнүн таң калуусун жашырган жок:

- БШК мүчөлөрүнүн баарына шайлоо участокторунан келген маалыматтар менен таанышууга кызматтык мүмкүнчүлүк болуш керек эле да. Ал жакка киргенге жалгыз төрайымга уруксат бар да, калгандарына эмнеге андай уруксат жок деген маселе турат. Борбордук серверде Түштүк Кореядан келген инженер-программист эмне кылып отурганын биз буга чейин билбейт элек. Жеке мен анын ал жакта отурганын билбейт элем. Кечинде көрдүм. Азыр эмнеге ошондой болду деген маселени тактап жатабыз. Анан ошондой кемчиликтер болду. Көрсө негизи эки линия бар экен эле. Ички жана тышкы деп коёт экен. Тышкы линияда жүктөм көп болуп токтоп калган экен. Ошол эле кезде ички сервердин бар экенин биз өзүбүз кийин билип калдык.

Программалар менен камсыздоо шарты

Анткен менен БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоонун жана референдумдун жыйынтыгына көлөкө түшүрө турган мындай дооматтарды четке какты. Анын айтымында, “Шайлоо” мамлекеттик автоматташтырылган тутуму берген маалыматтар салыштырма гана жыйынтык болуп саналат.

Нуржан Шайлдабекова добуштар кол менен эсептелгенден кийинки протоколдор гана мыйзамдуу болорун айтып, ал экөөнүн ортосунда чоң айырмачылыктар жок экенин белгиледи.

Ошондуктан БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоого катышуунун пайыздары алты саатка чукул көрсөтүлбөй турган жагдайдын себептерин мындайча түшүндүрдү:

- Алты саат бою эмнеге иштеген жок деген суроого жооп. Биз мына ушул жерде жүрдүк, иштеп эле жатты. Биз автоматтык түрдө эсептөөчү урналардан саат ондо, саат түшкү бирде, беште жана сегизде шайлоочулардын катышуусу боюнча маалыматтарды алып турдук. Бул эсептөөчү урналардын бардыгы добуш берүү аяктаганга чейин интернетке кошулбайт. Анткени бирөөлөр сырттан кирип, таасир этүү болбосун деген негизде шайлоо участкалары интернетке байланышкан эмес. Саат сегизден кийин добуш берүү боюнча маалыматтар модем аркылуу борбордук серверге жибериле баштайт. Ал жерге - борбордук серверге мен дагы кире албайм. Добуш берүү күнү дагы кирген жокмун. Бул такталбаган жалган маалымат.

Мындан сырткары БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова борбордук серверде иштеген инженер-программист Түштүк Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин колдоосунун алкагында келгенин белгиледи.

БШКнын башка бир мүчөсү Гүлнар Журабаева чет элдик адистер шайлоого жана референдумга байланыштуу программалык камсыздоону иштеп чыгышканын белгиледи:

- Программалык камсыздоого алар жардам берген. Ошону кийин алар биздин программисттер менен биргеликте референдумга карата кайра иштеп чыгышкан. Мен ал жактан канча техникалык адис келгенин так билбейм. Аны төрайым эле билет болушу керек. Биз келгенин билебиз. Мен кызыгып сураганда алар шайлоо системасын жана референдумга байланыштуу программалык камсыздоо менен иштеп жатышат дешкен. Бизде азыр ишке берилген торчодогу маалыматтарды талдап, жайгаштырган программаны дагы мына ошолор иштеп чыгышкан.

БШКнын алдын ала маалыматы боюнча, референдумга катышкан жарандардын саны жалпы шайлоочулардын 42,9 пайызын түздү. Анын ичинен 79,6 пайыз жарандар Баш мыйзамды өзгөртүүгө “макул” деп добуш берсе, 15 пайыздан ашууну ага каршы добуш берген.

Эл үнү: Сиз добуш бердиңизби?
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:58 0:00

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG