Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 06:50

Бишкек шаардык кеңешине 11-декабрда өткөн шайлоодо КСДП жана “Республика Ата Журт” партиялары алдыда келе жатат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала маалыматына ылайык,

КСДП - 26 пайыздан көбүрөөк добуш алды,

“Республика – Ата-Журт” - 25 пайыздан ашуун,

“Өнүгүү-Прогресс” - 16,3%,

“Мекеним Кыргызстан” - 13,97%,

“Кыргызстан” партиясы - 10,03%.

Башка партиялар жети пайыздык босогодон өтүү үчүн жетиштүү добуш топтой алган жок.

Бишкек шаардык кеңешинде 45 депутаттык орун бар. Андыктан топтолгон добуштарын эске алганда:

СДПК — 13 мандат;

«Республика — Ата-Журт» — 12 мандат;

«Өнүгүү-Прогресс» — 8 мандат;

«Мекеним Кыргызстан» — 7 мандат;

«Кыргызстан» — 5 мандат алышы мүмкүн.

Алдын ала жана расмий эмес маалыматтарга караганда, партиялардын тизмесиндеги катар номуруна ылайык төмөнкү адамдар депутат болушу мүмкүн:

КСДП

1. Кененбаев Алмаз Муканович
2. Васильев Лев Алексеевич
3. Бердникова Евгения Александровна
4. Шүкүров Эмил Жапарович
5. Усубалиев Эрмек Сыргакович
6. Тынымсейитова Нуржан Мырзагуловна
7. Уланов Алмазбек Уланович
8. Докенов Эрнис Шарапидинович
9. Лисниченко Валентина Михайловна
10. Салымбеков Жумабек Мамытбаевич
11. Иманалиев Даниярбек Бейшенбекович
12. Имангазиева Адиса Асановна
13. Абиров Жаныбек Болотбекович

«Республика — Ата-Журт»

1. Мидин уулу Канатбек
2. Петрушевский Алексей Владимирович
3. Молдобаева Гүлнара Аскарбековна
4. Мүзүралиев Канатбек Байсарыевич
5. Исаков Толкунбек Маматович
6. Лурова Лейла Хияновна
7. Эргешов Казыбек Кочкорович
8. Ниязов Эрмек Тургунбекович
9. Байпакбаева Элүүбала Жуйрукбаевна
10. Эргешов Байсалбек Базарбекович
11. Абилдаев Амир Курманкулович
12. Бейшеева Назгүл Дүйшөнбековна

«Өнүгүү-Прогресс»

1. Абдылдаев Нурдин Туратбекович
2. Сариев Таалайбек Жолдошбаевич
3. Куламбаева Асел Мундузбаевна
4. Сыдыков Эмил Мурзабекович
5. Сариев Аликбай Токталиевич
6. Жолдошбаева Наргиза Камчыбековна
7. Аматов Рысбай Аматович
8. Досиев Эдик Шарипович

«Мекеним Кыргызстан»

1. Шабданов Марлис Нарыналиевич
2. Дашков Василий Анатольевич
3. Курманалиева Динара Таштанбековна
4. Алымов Жанарбек Жапарович
5. Абдраев Базарбек Кошоевич
6. Алымкулова Махабат Эсенбековна
7. Абдыкадыров Улан Эмилбекович

«Кыргызстан»

1. Сагынов Таалайбек Жолдошбекович
2. Конгантиев Куванычбек Камбаралыевич
3. Кулматова Наталья Анатольевна
4. Акматбаев Муратбек Таберикович
5. Адылбеков Увазарбек Есенаманович

Бишкек шаардык кеңешине 14 партия ат салышты.

Президент Алмазбек Атамбаев 11-декабрда өзү Бишкекте добуш бергенден кийин шайлоо жыйынтыгын божомолдоп, "КСДП менен “Республика – Ата-Журт” партиялары утат, “Өнүгүү-Прогресстин” өтүшү күмөндүү" деп алдын ала айтканы сынга кабылган.

Ал саясий чөйрөдө добуш берүүнүн жыйынтыгын президент каалагандай чыгарууга “белги” берүү катары кабыл алынат деген пикирлер айтылган. “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев болсо президент Атамбаев кайсы бир партияга ачык жан тартканын ага импичмент жарыялоого кошумча далил деп билдирген. Бирок БШКнын төрага орун басары Абдыжапар Бекматов мыйзам алдын ала божомолду жарыялоого жол бербестигин айтып, бирок президенттин сөзү добуш берүүнүн жыйынтыгына таасирин тийгизбейт деп ишендирген эле.

Деген менен жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоодо 17 шаарда бийликчил КСДП партиясы эң көп добуш алды. Ал эми Каракөл шаарында “Энергетиктер”, Орловкада “Республика - Ата Журт”, Чолпон-Ата шаарында “Табылга” партиясы жарандардын көбүрөөк колдоосуна ээ болгон. Бул шаарларда КСДПга көп добуш берилбесе да, жети пайыздык босогодон өтүп, мандат алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

Кыргызстанда 11-декабрда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо өттү. Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо 22 шаарда болду. Ага жалпысынан 35 саясий партия катышты. Ал эми 389 айылдык кеңешке 18 миңден ашуун талапкер катталган. 3938 талапкер саясий партиялардан, калганы өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлер.

Ушул эле күнү Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум да өттү. Баш мыйзамга президенттин, өкмөт башчынын, депутаттардын, соттордун ыйгарым милдеттерине жана адам укуктарына байланышкан 26 өзгөртүү киргизилди.

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого 44 пайыздай жаран катышканын маалымдады.

"Таза шайлоо": шайлоо салыштырмалуу таза өттү

11-декабрда өткөн жергиликтүү кеңештердеги шайлоого байкоо салган "Таза шайлоо" бирикмеси алгачкы жыйынтыктарын чыгарды.

Бирикмесинин аткаруучу директору Тагир Осмоналиев 11-декабрда өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоо боюнча маек курду.

"Азаттык": Тагир мырза, жекшемби күнкү референдум жана жергиликтүү кеңештерге шайлоого сиздердин уюм жалпысынан кандай баа берди? Кандай мыйзам бузуу же өзгөчөлүктөрдү байкадыңыздар?

Тагир Осмоналиев: Биздин байкоочулар референдумга эмес, жергиликтүү шайлоого гана көз салды. Кесиптештеримдин маалыматтары боюнча, бир катар шайлоо бекеттеринде бюллетень салган электрондук үкөктөр, биометрикалык маалыматты аныктаган жабдуулар жакшы иштебей, жарандарды бушайманга салды. Олуттуу мыйзам бузуулар жөнүндө айта турган болсом, Бишкектеги №1044 шайлоо тилкесинде автоматташтырылган урна иштебей калгандан кийин шайлоо комиссиялары кагаз кутуну урна катары пайдаланышты. Бул өтө чоң мыйзам бузуу. Фактыны биздин адистер камерага тартып алган. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына арыз жаздык. Аталган шайлоо тилкесиндеги добуш берүүнү мыйзамсыз деп табышы керек.

"Азаттык": Добуш сатып алуу сыяктуу мыйзам бузуулар боюнча Ички иштер министрлиги өлкө аймагында ондон ашуун факт болгонун билдирди. Күч органдары добуш берүү күнүндө өз милдеттерин канчалык аткара алышты?

Тагир Осмоналиев: Чынын айтсак, ондон ашуун мыйзам бузуунун аныкталышы Кыргызстан үчүн чоң сан. Буга чейинки шайлоодо такыр милиция мыйзам бузуу катталбагаганы жөнүндө маалымат да берчү эмес беле. Бул жагынан алганда, Ички иштер министрлиги өз милдетин жакшы аткарды деп бааласак болот. Эми ошол мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү чара көрүлөбү же жокпу - ошол жагын караш керек.

"Азаттык": Бийликчил КСДП партиясы көпчүлүк шаарларда эң көп добуш алды. Айрымдар муну административдик ресурска байлап жатышат. Мындай жоромол негиздүүбү?

Тагир Осмоналиев: Биздин байкоочулар түздөн түз административдик ресурстар колдонулганын байкаган жок. Бирок, жарандар жана талапкерлерден кайрылуулар болду. Мисалы, айыл өкмөт башчылары шайлоо тилкелерине келип, каттоону көзөмөлгө алган учурлар болуптур. Муну мыйзам бузуу деп атай албайбыз. Бирок, кызмат адамдары шайлоо бекетине келип турушу эрежеге жатпайт. Ал добуш берип гана кетиши керек. Көрсөтмө берүүгө акысы жок.

"Азаттык: Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат таратуу ишине кандай баа бердиңиздер? Мисалы, добуш берүү күнү түшкү саат бирден алтыга чейин мекеменин сайтында дээрлик маалыматтар жаңыртылган жок.

Тагир Осмоналиев: Чынында, сайттын жаңыртылышы начар болду. Көп маалыматтар эски бойдон калыптыр. Мисалы, кайсыл тилке каерде жайгашканы боюнча мурдагы бойдон турат. Айрым жерлерде аймактык шайлоо комиссиялары алмашкан, бирок сайтта эскилер турат. Кечээки шайлоо жыйынтыгынын жаңыртылбай турушу да түкшүмөл ойлорду жаратты. Бул жагдай журналисттердин жетиштүү маалымат алуусуна кедергизин тийгизди.

Биздин байкоочулар түздөн түз административдик ресурстар колдонулганын байкаган жок. Бирок, жарандар жана талапкерлерден кайрылуулар болду. Мисалы, айыл өкмөт башчылары шайлоо тилкелерине келип, каттоону көзөмөлгө алган учурлар болуптур.

"Азаттык": Айрым шайлоо бекеттеринде добуш берүүчүлөрдүн тизмеси боюнча алешемдик чыгып, нааразылыктар жаралды. Бул жаатта сиздердин байкоо кандай болду?

"Азаттык": Анын себептери эмнеде болду деп ойлойсуздар?Тагир Осмоналиев: Тизме боюнча кемчиликтер болду. Жарандар тизмеден өзүн таппай калышты. Айрымдары референдумга катышууга акылуу, бирок жергиликтүү шайлоого добуш бере албайт. Ушундай түшүнүксүз жагдайлардан улам нааразылыктар жаралды.

Тагир Осмоналиев: Былтыркы парламенттик шайлоодо адамдар ар кайсыл аймактарга көчүшкөн. Форма-2 деген тактаманын негизинде добуш берүү тилкесин алмаштырышкан. Мисалы, өзү жайгашкан аймакта жыйынтыкка шек санаса, башка жерден алдын ала арыздын негизинде шайлоо укугун алган. Балким, ошол бойдон алмаштырылбай, калып кеткен. Бул шайлоодо ошол ыкманын кедергиси тийди. Мындай маселени жаратпаш үчүн Мамлекеттик каттоо кызматы Борбордук шайлоо комиссиясы менен тыгыз иштешиши керек болчу.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG