Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:26

Президенттин божомолу сынга кабылды


Президент Алмазбек Атамбаев добуш берүүдө. 11-декабрь, 2016-жыл
Президент Алмазбек Атамбаев добуш берүүдө. 11-декабрь, 2016-жыл

Президент Атамбаев "КСДП менен “Республика – Ата-Журт” партиялары утат, “Өнүгүү-Прогресстин” өтүшү күмөндүү" деген сыяктуу шайлоо жыйынтыгын алдын ала айткан божомолу сынга кабылды.

Бул саясий чөйрөдө добуш берүүнүн жыйынтыгын президент каалагандай чыгарууга “белги” берүү катары кабыл алынууда. “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев президент Атамбаев кайсы бир партияга ачык жан тартканын ага импичмент жарыялоого кошумча далил деп билдирди. БШКнын төрага орун басары Абдыжапар Бекматов мыйзам алдын ала божомолду жарыялоого жол бербестигин айтып, бирок президенттин сөзү добуш берүүнүн жыйынтыгына таасирин тийгизбейт деп белгиледи.

Атамбаевдин астейдил “агитациясы”

Көз карандысыз байкоочулар Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумга жана жергиликтүү шайлоого добуш берүү учурунда президент Алмазбек Атамбаевдин айткандарын жалпы жыйынтыкка таасир этүү аракети катары баалашты. Ал өз сөзүндө Баш мыйзам өзгөртүлбөсө “анда Азимжан Аскаровду, андан кийин Кадыржан Батыровду жана Жаныш Бакиевди актоого туура келет” деп билдирди.

Андан соң президент Алмазбек Атамбаев эки партиянын утуп чыгарын айтып, үчүнчү партиянын өтүшүнөн күмөн санады:

- Мен КСДП менен "Республика" партиясы жергиликтүү кеңештерде жеңишке жетишет деп ойлойм. Бул менин божомолум. Башкаларын билбейм. “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын дагы бир топ шансы бар болчу. Бирок Текебаевдин колдоосу... алардын мүмкүнчүлүгүн төмөндөттүбү же жогорулаттыбы, азыр айтуу кыйын.

Атамбаев: Баш мыйзамдагы өзгөрүүлөр маанилүү
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:41 0:00

Ишарат импичментке кошумча болобу?

Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин кайсы бир партиялардын пайдасы үчүн шайлоо жыйынтыгын алдын ала божомолдогону коомчулукта кызуу талкууланууда.

Президентке импичмент жарыялоо демилгеси

Президентке импичмент жарыялоо демилгеси

“Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев президент Алмазбек Атамбаевге импичмент жарыялоо жол-жобосун баштоону сунуштады.

Саясатчы Равшан Жээнбеков президент Атамбаевдин алдын ала айтканы анын кол алдындагы мамлекеттик органдарга берилген түздөн-түз көрсөтмө катары кабыл алынаарын белгиледи:

- Демократиялуу коомдо президент минтип алдын ала шайлоо жыйынтыгын айтпайт. Анткени Атамбаевдин кол алдында иштеген мамлекеттик аткаминерлер анын КСДП менен “Республика” өтөт деген сөзү өзгөчө укук коргоо органдарына, мамлекеттик жетекчилерге “мына ошолорду шайлоодон өткөрөсүңөр, өткөрбөсөңөр көрөсүңөр” деген түздөн-түз буйрук катары кабыл алынышы мүмкүн. Бул туура эмес. Бул кыйыр түрдө ошону менен дагы бир ирет команда берди деп түшүнсөк болот. Бул үчүн демократиялуу өлкөлөрдө президентке импичмент жарыяланат.

Ошол эле кезде “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев президент Атамбаев Баш мыйзамда берилген ыйгарым укугунан аша чаап, дагы бир ирет өзүнүн арбитрдык милдетинен тайганын жар салды. Бул ага импичмент жарыялоого кошумча далил болорун айткан Өмүрбек Текебаев президентке шайлоонун жыйынтыгына таасир этүү үчүн көзү ачыктык кылууга мыйзам жол бербестигин эскертти:

- Президент ызасынын деңгээлинен көтөрүлө албай, өзүнүн жеке симпатиясын жана антипатиясын билдирип, көзү ачыктык кылып отурат. Кудай көзү ачыктыкты Атамбаевге берген эмес. Мыйзам дагы мына ошентип божомол айтып, шайлоо жыйынтыгына таасир этүүгө жол бербейт. Шайлоонун жыйынтыгын шайлоочулар – эл чечет. Азыр бардыгы президенттен көз каранды болуп турганда, Атамбаевдин каалоосун аткаралы деп бөрк ал десе, баш алгандар албетте болот. Бирок бул - мыйзамсыздык. Биз муну президентке карата импичмент жарыялоого дагы бир далил табылды деп эсептейбиз.

Өмүркулов менен Текебаев добуш берди
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:40 0:00

БШКнын түшүндүрмөсү

Айрым партиялардын ишенимдүү өкүлдөрү менен жарандык коомдун байкоочулары президент Алмазбек Атамбаевдин шайлоо жыйынтыгы боюнча алдын ала божомолун ачык жарыялаганы боюнча БШКга арыз менен кайрыла турган болушту. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрага орун басары Абдыжапар Бекматов шайлоого карата алдын ала божомолдун жарыяланышы боюнча мына буларга токтолду:

- Шайлоонун жыйынтыгы чыкканга чейин добуш берүүнүн жүрүшү боюнча ар кандай социологиялык изилдөөлөрдүн натыйжасын дагы жарыялаганга мыйзам жол бербейт. Ал туура эмес иш. Аны эми мен кандай формада айтылып, жарыяланганын өзүм уккан жокмун. Эми жарандар өзүнүн божомолун өз ара айтканга эч ким тыйуу салбайт. Бирок аны добуш берүү жүрүп жатканда расмий жарыялаганга болбойт. Анан эми божомолун айтуу ал кишинин өзүнүн эрки. Бул жерде эми ошол божомол шайлоонун жыйынтыгына кандайдыр бир деңгээлде таасир этти деп, андан кыйкым издөөгө болбойт.

Укук коргоочу Рита Карасартова сүрөттөгү студенттерди Медициналык академиядагы кошумча тилкеге алып бара жатканын Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Укук коргоочу Рита Карасартова сүрөттөгү студенттерди Медициналык академиядагы кошумча тилкеге алып бара жатканын Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Топ-тобу менен добуш берүү өнөкөтү

Мындан сырткары жергиликтүү шайлоого жана рефререндумга байкоо жүргүзгөн көз карандысыз байкоочулар административдик ресурсту колдонуу фактылары катталып жатканын жарыялашууда. Байкоочулар референдумдун өтүшүн камсыздоо үчүн мугалимдерди, студенттерди, жоокерлерди жана бюджеттик мекемелердин кызматкерлерин шайлоо участокторуна жапырт жөнөтүп, топ-тобу менен добуш бердиртүү көрүнүштөрүнө күбө болушкан. “Таза шайлоо” коомдук бирлигинин аткаруучу директору Тагир Осмоналиев мындай дейт: ​

- Референдумда көбүрөөк добушту камсыздоо үчүн студенттерди, жоокерлерди жана бюджеттик мекемелердин кызматкерлерин чогултуп алып барып, добуш берүүгө алып барган көрүнүштөр болду. Анан эми аларга өзү мыйзам боюнча эч ким көрсөтмө бере албайт. Бирок аларды жетекчилери, командирлери же мугалимдери коштоп алып барган көрүнүштөрдүн өзү эле туура эмес жагдай. Анан дагы шайлоо участокторунун астында атайын чегерилген адамдар алардын келишин тизме менен көзөмөлдөп жатканы дагы мыйзамда жок. Буга окшогон жагдайлар боюнча биз мыйзам бузуу фактылары катары актыларды түзүп жатабыз.

Ошол эле учурда Борбордук шайлоо комиссиясынан добуш берүүнүн жыйынтыктарына таасир эте турган одоно мыйзам бузуулар каттала элек деген жооп болду. Анткен менен ички иштер министрлиги шайлоочулардын добуштарын сатып алуу фактылары тууралуу билдирүү таратты. Бирок милиция кандай шайлоо участокторунда жана кайсы партиялардын пайдасы үчүн добуш сатып алуулар болгонун ачык жарыялай элек. Ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев учурда түшкөн материалдар текшерилип жатканын айтты:

- Бул окуялар шайлоого чейин, кечээ жана аркы күнү болгон. Добуштарды сатып алуу боюнча Чүй облусунан эки факты, Бишкекте үч факты катталды. Биз азыр материалдарды топтоп, текшерип жатабыз. Тиешелүү фактылар боюнча материалдарды топтоп туруп, БШКнын кароосуна жөнөтөбүз. Биз буга окшогон кылмыш фактыларына өз учурунда реакция кылганга аракет жасап жатабыз.

Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы аталган добуш сатып алуу фактылары тергөөдө далилденип, ал боюнча чара көрүү көрсөтмөлөрү боюнча даттануулар каттала электигин билдирди. Жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум биргеликте өткөрүлүүдө.

Референдум: жаштар кантип добуш берди?
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:41 0:00

XS
SM
MD
LG