Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:57

Апта: Конституция түтпөгөн Кыргызстан, өзгөргөн Өзбекстан...


11-декабрдагы добуш берүү.

Кыргызстан 11-декабрдагы референдумдан кийин жаңы Конституцияга ээ болушу мүмкүн. Ал кандай Конституция? Эмне өзгөрөт? Жергиликтүү кеңештерге шайлоодо Жалал-Абадда чыккан жаңжалдын себеби эмнеде? Түштүк Кореяда парламент президентке импичмент жарыялады.

Шайлоодо жаңжал

11-декабрда Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өтүп жатат. Узап бараткан жумада Кыргызстандагы саясий күрөш мына ушул эки өнөктүктүн айланасында болду. Бирок акыркы жумада жергиликтүү кеңештерге шайлоого көңүл көбүрөөк бурулуп, саясий күрөш күчөдү. Эң эле чырлуу жана талаштуу жагдай Жалал-Абад шаардык кеңеши үчүн күрөштө түзүлдү.

Бийликтеги КСДП партиясынын Жалал-Абад шаардык кеңешине талапкерлеринин тизмесинде гендердик жана башка мыйзам талаптары сакталбаганы аныкталып, атаандаш партиялардын арызынын негизинде жергиликтүү шайлоо комиссиясы КСДПнын талапкерлеринин каттоосун 2-декабрда жокко чыгарган. Бирок жогору жактын таасири менен аймактык шайлоо комиссиясы үч күндөн кийин өз чечимин өзү кайрадан өзгөртүп, КСДПнын каттоосун калыбына келтирген.

Бул көрүнүштү “Ата Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев кескин сынга алды:

- Булар (КСДП) ар бир үчүнчү эмес, бир жеринде 17 эркек кишиден кийин бир аялды тизмеге жазып коюшкан. Үчүнчү, төртүнчү же бешинчиден кийин жазылса да адашып калышы мүмкүн десе болот. Бирок булар мыйзамды да тоготпой, элди да тоготпой, эч кимден корпой туруп, 17 эркектен кийин гана аялды жазышкан. Биз мындайга каршы турушубуз керек. Ушундай кемчиликтерге байланыштуу буларды алып салса дагы, мыйзамды бузса дагы, мыйзамды бузуп туруп, кайрадан каттоосун калыбына келтирип алышты.

Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

Укук коргоочу Динара Ошурахунова бул жерде шайлоо комиссияларынын бардык партияларга бирдей мамиле жасабаганы көрүнүп жатат дейт:

- Шайлоо комиссиясы КСДПнын тизмесиндеги кемчиликтерди байкабай калганбы же байкаса деле көз жумуп койгонбу, айтор, каттоодон өткөргөн. Мисалы, былтыркы парламенттик шайлоодо айрым партияларды кенедей эле кемчилиги үчүн шайлоодон четтетип салышкан. Эгер талапкер талаптагыдай документтердин баарын чогултуп, өз убагында бербесе анда каттоодон өтпөшү керек эле. Бул баарына бирдей талап. БШК, АШК ушул баарына теңдик деген принципти сөзсүз карманышы керек. Эгер теңдик болбосо саясий атаандаштыкка доо кетет. Бул принцип азыр бузулуп жатат. Эгер КСДПнын ордунда оппозициялык партия болуп калса “кемчиликтериңерди оңдоп алгыла” деп убакыт бермектигине көзүм жетпейт. Эгер БШК теңдик принцибин бузса, анда саясий жаңжал чыгат.

КСДПнын тизмесине байланыштуу мындай карама-каршы чечимдерди “Өнүгүү - Прогресс” партиясы сотко берди. Партия жергиликтүү шайлоо комиссиясы өз чечимин өзү жокко чыгарып, кайра калыбына келтире албайт, бул жерде Борбордук шайлоо комиссиясы аралашууга тийиш эле деп эсептейт. “Ата Мекен” партиясы “Өнүгүүнүн” арызын колдоого алды.

"Ата Журт" партиясынын Жалал-Абаддагы жарнагы.
"Ата Журт" партиясынын Жалал-Абаддагы жарнагы.

КСДП өз кезегинде Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясы партиянын талапкерлеринин тизмесин өз убагында каттоого алганын, ал эми тизмени мыйзамга ылайык добуш берүүгө үч күн калганга чейин өзгөртүүгө болот деген жүйөнү келтирүүдө. Ал эми атаандаш партиялардын айыптоолорун жана сотко кайрылуусун “кара пиар” деп атады.

Конституцияга киргизиле турган өзгөртүүлөр

Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо менен бирге 11-декабрда Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өткөрүлөт. “Эркин тоо” гезитине жарыяланган салыштырмалуу долбоорго караганда, бийлик Конституциянын 24 беренесине, жалпысынан 38 өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган. Андагы айрым орчун өзгөрүүлөргө токтолсок, маселен, 26-беренеге “геноцид жана экоцид кылмыштарына эскирүү мөөнөтү болбойт” деген кошумча киргизилет, 36-беренеге “үй-бүлө аял менен эркектин” ортосунда куралары такталган. Бул өзгөртүүлөрдү бийлик өзгөчө баса белгилеп келе жатат.

Сот бийлигине таандык беренелердеги өзгөртүүлөргө ылайык сот системасында Тартип комиссиясы пайда болот. Анын курамынын 1/3 президент, дагы бир 1/3 парламент жана калган 1/3 Судьялар кеңеши түзөт. Бул комиссия судьялар кынтыксыз жүрүш-туруш талаптарын бузган учурда алардын маселесин карайт. Бирок ал азыркы кезде иштеп жаткан Судьялар кеңешинин курамында болот.

Аткаруу бийлигине келгенде, коалицияны таратуу же өкмөттү кызматтан кетирүүнүн жол-жобосу татаалданат. 70-беренеге киргизилген өзгөртүүгө ылайык, коалициядан чыгуу үчүн фракция мүчөлөрүнүн 2/3 добуш керек болот. Азыркы иштеп турган Конституция боюнча жөнөкөй көпчүлүк менен фракция коалициядан чыга алат. Фракциянын чыгуусу менен адатта көпчүлүк коалиция ыдырап, ал өкмөттүн кызматтан кетүүсүнө алып келет эмеспи.

Жаңыланган Баш мыйзамда өкмөт башчы жана биринчи вице-премьер-министр депутаттык мандатын жана парламенттин пленардык жыйынында добуш берүү укугун сактайт. Премьер-министр ошондой эле жергиликтүү администрация башчыларын дайындайт жана бошотот. Эгерде буга чейин коалиция куроого 15 жумушчу күн берилген болсо, ал 25 күнгө узартылат. Жалпысынан 11-декабрдагы референдумда Конституцияга мына ушундай өзгөртүү киргизүү сунушталган.

Референдумда эмнеге добуш беребиз?
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:52 0:00
Түз линк

Бул акыркы вариант экени белгилүү. Ал эми биринчи вариантында өкмөт башчысын парламент 2/3 добуш менен кызматтан ала алат, соттор чечим чыгарардан мурда парламент жана президент менен макулдашыш керек деген жоболору бар эле. Оппозиция жана жарандык коом мына ошондой өзгөртүүлөргө жана өзгөртүү киргизүү мөөнөтүнө каршы чыгып келатат.

Юрист Акылбек Ташбулатов 2020-жылга чейин Баш мыйзам өзгөрбөйт деген корутундуну эске салат:

- Парламенттин жана президенттин кароосуна жалпысынан жети ай берилиши керек эле. Булар эки айда үч окуудан өткөрүп салышты. Бул мыйзамсыз. Атамбаев өзү 2017-жылга чейинки жол картаны кабыл алып жатканда Конституцияга тийбейбиз деген. Ал сөзү президенттин расмий сайтында жарыяланган. Президент эмне үчүн өз сөзүнө өзү каршы чыкты?

Белгилүү болгондой азыркы Конституцияга 2020-жылга чейин парламент аркылуу өзгөртүү киргизүүгө чектөөлөр киргизилген. Бирок референдум аркылуу өзгөртүүгө жол калтырылганын юристтер белгилеп келатышат.

Өзгөрүүгө багыт алган Өзбекстан

Узап бараткан жумада Өзбекстан жаңы президенттүү болгону жарыяланды. 4-декабрда Өзбекстанда президенттик шайлоодо Ислам Каримов көз жумгандан кийин күтүлгөндөй эле “эки чылбыр бир тизгинди” колуна алган Шавкат Мирзиёев жеңип чыкты. Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, Мирзиёевге шайлоого катышкан 18 миллионго жакын калктын 88% ашууну добушун берди. Ошону менен ал эгемен Өзбекстандын экинчи президенти болуп шайланды.

Шавкат Мирзиёев шайлоодон кийин.
Шавкат Мирзиёев шайлоодон кийин.

Шавкат Мирзиёев Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун ички жана тышкы саясатын улантарын бекем билдирип келе жатат. Бирок иш жүзүндө расмий Ташкендин саясатында өтө олуттуу бурулуш жана өзгөрүүлөр болуп жатканы айкын.

Кыргызстанга тиешелүү жагын алганда, эки өлкө ортосундагы чыңалуу алынып, вице-премьер-министрлер жетектеген масштабдуу делегациялардын барыш-келиши болду. Чек араны аныктоодо олуттуу алдыга жылыштар байкалууда, 50 чукул талаштуу жерлер такталганы кабарланды. Чек ара маселесинин чечилиши менен эки коңшу өлкөнүн мамилесин “ууландырып” турган чек ара жаңжалдары чечилип, соода-экономикалык байланыштардын өрчүшүнө өбөлгө түзүлмөкчү. Албетте, кыргыз-өзбек мамилесинде суу-энергетикалык, тагыраак айтканда, Камбар-Ата-1 ГЭСине байланыштуу орчун маселе бар. Ислам Каримов Тажикстанда Рогун, Кыргызстанда Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна кескин каршы чыгып келген. Бирок Тажикстандын Рогун ГЭСин кура башташына карата Өзбекстандын жаңы президенти Шавкат Мирзиёев тарабынан эч кандай реакция жасала элек. Бул расмий Ташкендин саясатындагы өзгөрүүбү же күтүүбү, азырынча так айтуу кыйын. Ошентсе да ушул кезге чейин Ташкендин Рогун ГЭСинин курулушунун башталышына каршылык билдирбеши, Камбар-Ата-1 үчүн да ошондой реакция болот дегенге негиз берет. Ошондуктан Камбар-Ата-1 үчүн инвестор табылышы үчүн жакшы жагдай түзүлүүдө дегенге жүйө бар. Ал эми президент Алмазбек Атамбаев Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна Өзбекстанды тартууну жактады:

- Камбар-Ата-1 ГЭСин биз Өзбекстан менен бирге курганыбыз ылайыктуу болот. Бул эч кандай күмөн жана шек болбошу үчүн керек. Өзбекстанда шайлоодо жеңип чыга турган Шавкат Миромонович Мирзиёев менен ишенимге бөлөнгөн мамилебиз бар.

Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Негизи бул ГЭСтин курулушуна Өзбекстандын каршылыгы башкы геосаясий тоскоолдук болуп келгени да белгилүү. Орусиянын да ГЭСти курууга батына албашынын бир себеби кризис болсо, экинчи себеби Өзбекстандын каршылыгына барып такалганы маалым.

Өзбекстандын жаңы шайланган президенти коңшу мамлекеттер менен мамилени жакшыртуудан сырткары, эл аралык коомчулуктун көңүл бурдурган чечимдерди шайлоодон кийин удаа кабыл алды. Мирзиёев 6-декабрда жардык чыгарып, 27 өлкөгө Өзбекстанга визасыз келгенге жол ачты. Аталган 27 өлкө батыш жана чыгыштын өнүккөн өлкөлөрү. Ташкендин мындай чечими жалпы Борбор Азия регионунда туризмдин өнүгүшүнө жакшы өбөлгө түзөрү айтылууда.

7-декабрда Мирзиёев Өзбекстанда губернатор жана мэрлер эл тарабынан түз шайланышы керектигин билдирди. Бул чечимди ал жергиликтүү бийлик башчыларынын эл менен байланышы болуп, алардын эл алдында жоопкерчиликтүү болушу үчүн керек деп негиздеди. Айта кетүүчү нерсе, демократияны куруу жагынан алдыда делген Кыргызстан да жергиликтүү бийлик башчыларынын эл тарабынан түз шайлануусуна батына элек. Кыргызстанда Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери гана кыйыр түрдө эл тарабынан шайланат, тактап айтканда, шаардык кеңештердин депутаттарын эл шайлап, депутаттар мэрди шайлайт.

Өзбекстандагы мына ушундай орчун өзгөрүүлөргө скептикалык көз караш да жок эмес. Өзбекстандын оппозициялык “Эрк” партиясынын куугунтуктагы лидери Мухаммад Салих “Азаттыкка” берген интервьюсунда мына ошондой пикирде. Ал Өзбекстандын жаңы бийлиги адам укугу, эркиндигин камсыз кылууга багыт алса, анда биринчи кезекте 18 миң саясий туткунду бошотууга тийиш эле дейт ал.

Салих: Мирзиёев Өзбекстанды өзгөртөрүнө ишенбейм
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:57 0:00

Өзбекстандагы президенттик шайлоого баа эки түрдүү болду. КМШ жана ШКУ байкоочулар шайлоо мыйзам чегинде өткөнүн билдирсе, ЕККУ байкоочулары шайлоо Өзбекстан бардык тараптан өзгөрүүгө муктаж экенин дагы бир жолу айгинелегенин белгиледи. ЕККУнун байкоочулар миссиясынын башчысы Питер Тейлер 5-декабрда шайлоодон кийин мындай деди:

- Мамлекеттик субъекттердин үстөмдүгү жана чектелүү фундаменталдык эркиндиктер саясий плюрализмди бузду жана атаандашууну жокко чыгарды. Маалымат каражаттары шайлоону чектелген жана көзөмөлдөнгөн шартта чагылдырышты. Мамлекеттин мындай көзөмөлү шайлоочуларга альтернативдүү көз карашты алууга мүмкүндүк берген жок.

Өзбекстандагы президенттик шайлоодон кийин өлкөнүн ири мамлекеттер менен байланышы, тышкы саясаты кандай болот? Мирзиёев биринчи тышкы сапарын кайсы өлкөгө жасайт деген суроолор чыккан. Айрым маалыматтар боюнча Шавкат Мирзиёев биринчи сапарын Казакстанга же Орусияга жасайт. Бул логикага сыярлык көрүнүш десек жаңылышпайбыз. Бирок ошол эле учурда расмий Ташкен Өзбекстан Орусия жетектеген Евразия экономикалык биримдиги уюмуна кирбей турганын эскерткен жайы бар. Андай билдирүү менен биринчи орундагы эмес, бирок жетишерлик деңгээлдеги жогорку даражалуу кызматкер, Өзбекстан тышкы экономикалык байланыштар, инвестиция жана соода министринин орун басары Шавкат Толаганов чыкты.

Түштүк Корея, Италия, Сирия...

Узап бараткан жумада дүйнөлүк саясатта Алепподо Сирия күчтөрүнүн ийгиликке жетиши, Түштүк Кореяда президентке импичмент жарыяланышы жана Италияда өкмөт башчынын кетиши сыяктуу орчун окуялар болду.

Түштүк Корея президенти Пак Кын Хе “көзү ачык” делген курбусу Чхве Сун Сил менен мамлекеттик иштерди эриш-аркак жүргүзүүсү, ири корпорациялардан миллиондон долларларды опузалап алуусуна байланыштуу жаңжал импичментке алып келди. Түштүк Корея парламенти 9-декабрда президентке импичмент жарыялады. Эми Конституциялык сот 180 күндүн ичинде өз чечимин чыгарыш керек. Андай чечим чыкканга чейин өлкө башчысы милдетин премьер-министр аткармакчы.

Түштүк Корея президенти Пак Кын Хе “көзү ачык” делген курбусу Чхве Сун Сил менен.
Түштүк Корея президенти Пак Кын Хе “көзү ачык” делген курбусу Чхве Сун Сил менен.

Италияда өкмөт башчы Маттео Ренцинин кызматтан кетүүсүнө өзү сунуштаган референдумда колдоо таппай калышы себеп болду. Ренци референдум аркылуу Конституцияны өзгөртүп, сенат жана жергиликтүү бийлик органдарынын бийлигин чектөөнү, аткаруу бийлигин бекемдөөнү көздөгөн. Бирок ага жарандардын 59% каршы добуш берген. Референдумда колдоо таппаган Маттео Ренци кызматтан кетүүгө аргасыз болду. Италия президенти парламенттеги фракциялар менен жаңы өкмөт куроо боюнча сүйлөшүүнү баштаганы маалымдалды. Ренцинин кызматтан кетиши Италияда да Британия сыяктуу Европа Биримдигинен чыгууну көздөгөн күчтөрдүн күчөшүнө алып келиш мүмкүн деген чочулоо жаратууда.

Алеппо.
Алеппо.

Дүйнө көңүлү бурулуп турган Алепподо өкмөттүк аскерлер чабуулун улантып, шаардын чыгыш жагында козголоңчу күчтөр буга чейин ээлеп турган жердин 80% колуна алганы маалымдалды. Алепподо каршылык көрсөткөн куралдуу оппозиция жана батыш өлкөлөрү гуманитардык максатта ок атууну токтотууну, жарадарларды, тынч жарандарды чыгарууга жол берүүнү сунуштап чыгышты.

Бейшемби күнү андай чечим кабыл алынганын Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирсе, Сириянын Тышкы иштер министрлиги оппозиция менен эч кандай шарт койбостон сүйлөшүүнү баштоого даярдыгын билдирди. Бирок Алеппонун айланасында согуштук аракеттер уланып жатканын башка маалымат булактары кабарлоодо. Сирия президенти Башар Асад Алеппону өкмөттүк күчтөр толук көзөмөлүнө алышы менен согуш токтобосун, бирок ал бурулуш учур болуп калары "Ватан" гезитине берген интервьюсунда билдирген. Ошондуктан Сирияда 2011-жылы башталган жарандык согуштун аягы азырынча көрүнбөйт.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG