Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 18:40

Өзбекстанды Ислам Каримов башкарып турган 26 жылда бир топ саясий ишмерлер бийлик менен келише албай, чет өлкөлөргө чыгып кетүүгө аргасыз болушту. Укук коргоочу уюмдар Каримов саясий оппоненттерин куугунтуктап, айрымдарын өлкөсүнөн качууга аргасыз кылса, көптөрүн камаганын айтып келишет.

Бозгундагы өзбек оппозициячыларынын эң белгилүүсү Мухаммед Салих.

Ошо кездеги Өзбекстан Олий Межлисинин депутаты, “Эрк” партиясынын негиздөөчүсү Мухаммед Салих 1991-жылкы президенттик шайлоодо Ислам Каримовдун жалгыз атаандашы болгон. Расмий маалыматта ал шайлоочулардын 12,7% добушун алганы айтылат, бирок Өзбекстандагы радиолор ага чейин 33% добушка ээ болгонун жарыялаган. Шайлоодон кийин Салихти колдогон студенттик демонстрацияга ок атылып, оппозициялык гезиттер жабылган, оппозиция лидерлери камакка алынган.

1992-жылы Салих репрессияга каршылык иретинде мандатын тапшырган. 1993-жылы апрель айында “мамлекетке чыккынчылык кылган" деген айып менен камалып, бирок дүйнө коомчулугунун басымынан улам Ташкенттен сыртка чыкпоо шарты менен бошотулган. Ошондон кийин Түркияга качып кетүүгө үлгүрүп, азыркыга чейин Стамбулда жашап келет. Өзбекстандын атайын кызматтары аны бир нече жолу өлтүрүүгө аракет кылып, эки инисин камаган.

“Азаттык” Стамбулдан 150 чакырым алыстагы шаарда жашаган Мухаммед Салихке жолукту. Анда кабарчыбыз “Өзбекстанда президент алмашты. Айрым саясий куугунтукка учурады делгендер боштондукка чыгып жатат. Маселен, сиздин партияны каржылаган, кийин саясий негизде камалды делген Самандар Куканов 23 жылдан кийин жакында боштондукка чыкты. Башка да андай адамдар бошотулушу ыктымалдыгы айтылып жатат. Ислам Каримов дүйнөдөн өткөндөн кийин сиз жана сиз сыяктуу куугунтукка кабылып, сыртка качкандар мекенине кайтуусуна жол ачылдыбы?” деген суроону узатты:

Кантсе да, эгемен Өзбекстандын кийинки шайлоолорунда Каримовдун башка атаандаштарынын бири да Салихчелик добуш топтой алышпады. Азыркы тапта Өзбекстанда чыныгы оппозициялык саясатчы, топ жок экени айтылып келет. Ал эми шайлоодо фаворит делген талапкерлерге атаандаш чыккан адамдарды Өзбекстанды жакшы билген талдоочулар демократиялуу, атаандаштык негизиндеги шайлоо болду деп көрсөтүү үчүн чыгарылган жасалма талапкерлер деп айтып келишет. Ушундан улам, “4-декабрда өткөн шайлоодо келишкис оппозициядабыз деген өзбекстандык саясий ишмерлер катышпаганына эмне себеп? Же өлкө сыртында жүрүп, өзбекстандык саясий качкындар атаандаша турган олуттуу саясий структураларды түзө алган жокпу?” деген суроо узатылды:

Шавкат Мирзиёев президенттин милдетин аткара баштагандан тарта айрым мамлекеттер менен мамиле оңолууда. Мухаммед Салихти баш калкалатканы үчүн Өзбекстан-Түркия алакасы 90-жылдардан тарта эле сууп кеткен эле. Ошончо убакыттан бери жакында түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Өзбекстанга келип, Мирзиёев менен жолугушуп кетти.

Ошондой эле Өзбекстандын Кыргызстан жана Тажикстан менен да мамилелери оңолуу жолуна түштү. Бул боюнча да пикирин сурадык:

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

  • 16x9 Image

    Али Токтакунов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти, 2011-2014-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кыргыз улуттук университетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG