Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:01

Мухаммад Салихтин иниси дагы беш жылга кесилди


Өзбекстандык белгилүү саясий бозгун Мухаммад Салихтин 12 жылдан бери түрмөдө отурган бир тууган иниси темир тор артында дагы беш жыл өткөрмөй болду. Террорчулукка аралашкан деген кине боюнча соттолгон Мухаммад Бекжон, мыйзам боюнча декабрда азаттык алмак.


Мухаммад Бекжон – 1991-жылы Өзбекстандагы президенттик шайлоодо азыркы өзбек лидери Ислам Каримовго атаандаштык кылган, Ташкендин саясатын ачык сындап келаткан белгилүү бозгун, өзбек акыны жана саясатчысы Мухаммад Салихтин бир тууган иниси.

“Эрк” оппозициячыл партиясынын лидери Салих өзү 1993-жылдан бери чет өлкөдө башкалкалап келатат. Анын иниси Мухаммад Бекжон 1999-жылы Ташкендеги жардырууларды уюштурууга катышы бар деп шектелип, террорчулук кылган деген берене боюнча 15 жылга эркинен ажыратылган.

Мухаммад Салих
Мухаммад Салих

Азыр эми 58 жаштагы Бекжондун түрмөдөгү мөөнөтү аяктап, декабрда бошотулат деп күткөн анын туугандары, жакындары бир айдан бери кабар алалбай, жакшылыктан үмүт үзбөй жашап жатышкан. Атүгүл анын аялы Нина Бекжон күйөөмдү үйдө өзүм тосуп алайын деп, саясий башпаанек алып жашап жүргөн АКШдан Өзбекстанга учуп барган.

- Күйөөм сөзсүз бошотулат деп ишенип алгам. Кайнагам 13-декабр күнү түрмөнүн дарбазасы алдына барып күтүп турду. Ал жерде кайтарып тургандар: “иниңиздин документтери жайында, сөзсүз бошотулат, эртең таң атпай келиңиз” деп узатышыптыр. Эртеси алар айткандай барса, мурунку күнү күзөттө тургандар жок, күйөөм ошол бойдон барымтада кала берди.

Мухаммад Бекжондун тагдырынан кабар алалбай бир нече апта бою бушайман болгон туугандары 23-январ күнү гана анын адвокатынан суук кабар алып отуруп калышты. Адвокатынын айтымында, 22-январ, жекшемби күнү түрмөнүн ичинде көчмө соттун чукул жыйыны болуп, Мухаммад Бекжон абакта отурган 3 кишиге кол көтөрүп урган деп айыпталып, анын түрмөдөгү мөөнөтү дагы беш жылга узартылыптыр.

Өзбекстандагы түрмөлөрдүн бири
Өзбекстандагы түрмөлөрдүн бири

Айласы куруган аялы Нина Бекжон ушу тапта Норвегияда башкалкалап жүргөн кайнагасы Мухаммад Салихке кайрылып, “үч кызым атасын тирүү көрүп калгысы бардыр, саясаттан баш тарттым деп жарыялаңызчы” деп суранганын айтат.

Инисинин түрмөдөгү жаза мөөнөтү дагы беш жылга узартылганын уккан Салих “өзбек бийликтеринин көп жылдардан берки карасанатай иштеринин уландысы” деп сыпаттады. Азыр да Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун башкы атаандашы эсептелген Мухаммад Салих чет өлкөдө туруп алып саясий ишмердигин уланта берээрин кайталады.

“Мен инимдин башына түшкөн мүшкүлдөн улам саясий көз карашымды өзгөртпөйм, - беп билдирди ал дүйшөмбү күнү. - Буга чейинки саясий ишмердигибизди уланта беребиз”.

Нина Бекжон абактагы күйөөсүнө жолугуу тууралуу өтүнүч арызын тапшырды, азырынча ага өзбек бийликтери жооп бере элек.

  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG