Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:57

М.Салих: Кыргызстандагы кырдаал – Борбор Азиядагы жагдайдын күзгүсү


Өзбекстандык белгилүү диссидент Мухаммад Салих
Өзбекстандык белгилүү диссидент Мухаммад Салих

Кыргызстандагы соңку окуялар, коңшулаш өлкөлөрдүн мамилеси туурасында Өзбекстандык белгилүү саясатчы, оппозициялык “Эрк” партиясынын лидери Мухаммад Салих ой бөлүштү. Чет өлкөдө баш калкалап жүргөн өзбек саясатчысын телефондон кепке тарттык.

- Мухаммад мырза, Кыргызстандагы бейстабилдүүлүктүн созулуп кетишинин башкы себеби эмнеде деп ойлойсуз?

Кыргызстандагы кырдаал – бул жалпы Борбор Азиядагы жагдайдын бир чакан көрүнүшү. Кыргызстан гана эмес, жалпы регион бейстабилдүү азыр. Өзбекстанга окшогон өлкөдөгү стабилдүүлүк - бул жасалма, сырткы гана көрүнүш, ал өзүңөр билгендей, куралдын күчүнө таянган.

Кыргызстандагы окуялар мыйзам ченемдүү өнүгүп баратат, ал жерде өсүш бар. Советтер Союзу кулагандан кийин жаңы көз карандысыз өлкөлөр ар ким колунан келгендей бутуна туруп келатат. Бул жагынан алганда, Кыргызстан андагы бардык көйгөйлөргө, бейстабилдүүлүк, элдин жакырлыгына карабастан, Борбор Азиядагы баарынан жолдуу мамлекет болду.

- Эмне үчүн дал Кыргызстанда эл улам көтөрүлүп, бийлик алмашуу жүрүп жатат?

Башка жол калбаса, эл көтөрүлөт да. Элдин көтөрүлүп чыкканга толук укугу бар. Америкалыктар муну 300 жыл илгери эле көрөгөчтүк кылып, конституциясына атайын параграф жазып алышкан: бийлик өз укуктарынан кыянат пайдаланса, анда эл көтөрүлүшкө чыгууга укуктуу деп турат ал жерде. Кыргыз эли да укуктары бузулуп басмырланса, бийликке каршы чыгууга укугу бар. Эл бийликтеги коррупцияга, өкмөттөгү өзүм билемчилдикке каршы көтөрүлүп чыкты.

- Кыргызстандагы ошол элдик көтөрүлүш болор замат коңшулаш Өзбекстан менен Казакстан чек араларын жапты. Анын айынан кыргыз экономикасы чоң зыян тартууда. Коңшулардын мындай саясаты эмненин белгиси?

Биринчиден, өзбек президенти Каримов Кыргызстандагы ыңкылаптын учкуну Өзбекстанга өтүп кетет деп коркот. Андан сырткары Каримов мындай ыңкылап, бийликти алмаштыруу элге зыян апкелет деп көрсөткүсү келет. “Кул болсоңор да, курсагыңар ток болсун” дегени. “Эгерде диктатор лидериңерге чыдасаңар бизден газ, энергия алмаксыңар” дегени. Өзбекстандын тышкы саясаты башынан эле коңшулар менен өтө чыңалган мамилелерге артыкчылык берет.

- Убактылуу өкмөт мүчөлөрү кандайдыр карасанатай күчтөр Кыргызстандын түштүгүндө улуттар аралык чыр-чатак чыгарууга аракет кылышы мүмкүн деп эскертүүдө. Өзбекстан Ошко газ берүүнү токтотту. Ушуга окшогон окуялар карапайым калк арасында чатактын чыгышына алып келиши мүмкүнбү?

Тилекке каршы, андай да болушу мүмкүн. Ар кандай бузукулук иштерге азгырыла турган адамдар бардык жерде табылат. Кыргызстандын түштүгүндө калктын жашоо-турмуш деңгээли төмөн, жумушсуз жаштар көп.
Далайы чет өлкөлөргө эмиграциялап кеткени менен, дале ишсиз жүргөн жаштар көп. Ошолор жаман иштерге аралашып кетиши мүмкүн.

- Убактылуу өкмөт андай чыр-чатактарга жол бербеш үчүн эмне кылышы керек?

Биринчи кезекте легитимдүү бийлик орнотуу зарыл. Убактылуу өкмөт шайлоону алты айдан кийинкиге белгилеп, стратегиялык ката кетирди. Эки ай ичинде шашылыш шайлоо өткөрүп, мыйзамдуу өкмөт орнотуш керек. Мен, мисалы, макул, кырдаал ушундай болуп калды, өлкө бийликсиз калды, азыркы өкмөт ушундай кадамга барууга аргасыз деп туура түшүнөм. Бирок башкалар легитимдүү бийлик жок деп ызы-чуу сала берет. Ошондуктан бекем стабилдүүлүктү орнотуш үчүн ушинтип мөөнөтүнөн мурда өткөрүү керек болуп калды деп элге түшүндүрүп, эми деле эки айдан кийин шайлоону уюштуруу керек.

- Кыргызстанда шайлоо өтүп, демократиялуу бийлик орноду дейли. Ошондо Өзбекстан, Казакстан жаңы кыргыз бийликтери менен кадимкидей кызматташтык орнотууга кызыкдар болобу?

Кыргызстанда кандай өкмөт орногон күндө да, Казакстан менен Өзбекстан ар дайым коңшусу менен жакшы мамиле түзгөнгө аракет кылышы керек. Өзбек өкмөтүнүн азыркы мамилеси – Кыргызстандагы стабилдүүлүккө динамит койгонго барабар. Дал ушул коңшулардын мамилесинен улам азыр да Кыргызстандагы кырдаалды туруктуу деп айтуу кыйын. Бирок келечекте баары бир Кыргызстанда кырдаал оңолуп, жакшы жагына бурулат деп ишенем. Анткени Казакстан да, Өзбекстан да, башка бардык Борбор Азия өлкөлөрүндөй эле Кыргызстан стабилдүү мамлекет болушуна абдан кызыкдар болушу керек. Коңшу өлкөдөгү туруксуздук аларга деле жакшылык алып келбейт.

Рахмат маегиңизге.


  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG