Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:45

Каримовго "атаандашам" деген калемгердин азабы


Өзбек жазуучусу Мамадали Махмудов. (Сүрөт качан тартылганы белгисиз.)
Өзбек жазуучусу Мамадали Махмудов. (Сүрөт качан тартылганы белгисиз.)

Өзбек жазуучу Мамадали Махмудов 14 жыл абакта отургандан кийин 19-апрелде эркиндикке чыкты.

Калемгер 1999-жылы президент Ислам Каримовго кол салууга тиешеси бар деп соттолгон. Эл аралык жана жергиликтүү адам укугун коргоочу уюмдар Мамадали Махмудов саясий жүйөдөн улам камалганын айтышып, жазуучуга эркиндик берүүнү өзбек өкмөтүнөн бир нече мертебе талап кылышкан.

72 жаштагы Мамадали Махмудов абактан бошонуп, азыр үйүндө экенин анын зайыбы Гүлсара Махмудова “Азаттыктын” өзбек кызматына жекшемби күнү ырастады:

- Жакшы. Эсен-аман чыгып келди. Азыр үйдө дем алууда. Абактан чыкканына баарыбыз кубанычтабыз.

Адам укугун коргоочу Дилорам Исхакованын айтышынча, Мамадали Махмудов мурдакы кайратынан тайып, таяк менен басып басып калыптыр:

- Ал аябай азып кеткен. Кичине гана болуп калыптыр. Көзү да жакшы көрбөйт. Таяк таянып жүрөт.

Махмудовду 2012-жылы декабрда абакка барып көргөн кызы атасынын башында терең жара бар экенин маалымдаган. Мындан улам жазуучу абакта уруп-сабалган болушу мүмкүн деген божомолдор айтылган.

Эврил Туран деген псевдоним менен белгилүү Мамадали Махмудов президент Ислам Каримовдун “эски жоолорунун” бири болуп саналат. Ал 1991-жылкы президентик шайлоодо Каримовго атаандаш болуп чыкмак болгондо, шайлоо комиссиясы аны талапкерликке каттабай койгон. Шайлоодогу Каримовдун жападан жалгыз атаандашы “Эрк” партиясынын негиздөөчүсү, акын Мухаммед Салих эки жылдан кийин “мамлекетке чыккынчылык кылды” деп айыпталып, камакка алынган. Салих эл аралык коомчулуктун кысымы астында түрмөдөн чыгып, кийин өлкөнү таштап кеткен. Азыр чет өлкөдө жашайт.

Эл аралык "Хьюман Райтс Уотч" уюмунун Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Стив Свердлов “Азаттыкка” берген интервьюда Махмудов тегин жерден соттолгонуна көңүл бурду:

- Өзбек өкмөтү бардык күнөөлөрдү көбүртүп-жабыртып жиберген. Анын баары негизсиз жана саясий мүнөзгө ээ. Мамадали Махмудовдун 14 жылдык өмүрү уурдалды. Анын абакта өткөргөн ар бир күнү жеткен адилетсиздик болду.

Свердлов ошондой эле Өзбек бийликтери башка да саясий туткундарды абактан чыгарыш керек экенине токтолду:

- Өзбек өкмөтү үчүн Мамадали Махмудовдон башка да саясий туткундарды абактан бошотуп, жарандык коомго чындап бурулганга жана Өзбекстанды тынчсыздандырган маселелерди эркин сындаганга мүмкүндүк берүү чоң маселе.

Маалыматтарга караганда, азыр Өзбекстанда кеминде он адам укугун коргоочу жана журналист абакта отурат. Алардын бири, 58 жаштагы саясий диссидент Мухаммад Бекжан он жылдык жаза мөөнөтүн өтөп, былтыр февралда эркиндикке чыкмак. Бирок анын жаза мөөнөтү дагы төрт жыл сегиз айга узартылган.

Мамадали Махмудовдун 14 жылдык жаза мөөнөтү февралда бүткөн. Бирок жазуучу бошотулбай, түрмөдөн Ташкендеги тергөө борборуна алып келинген. Анын аялы Гүлсара Махмудова март айында “Азаттыкка” күйөөсүнө жаза өтөөдө эреже бузган деген жаңы айып коюлганы жатканын жана 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экенин билдирген болчу.

Ушу жумада АКШ Мамкатчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Роберт Блейк Ташкенге сапарга барат. 72 жаштагы Махмудов америкалык мартабалуу дипломаттын келишине утурлай абактан чыгарылдыбы, беймаалым. Блейк Өзбекстандын расмий адамдары менен АКШ аскерлери 2014-жылы Ооганстандан чыгып кеткенден кийинки саясий стабилдүүлүктү камсыздоо маселесин сүйлөшөт деп боолголонууда.

XS
SM
MD
LG