Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:54

Арифов: Өзбек оппозициясы аткарчу иш мекенинде


Бүгүн-эртең Прагада өзбек оппозициясынын “Өзбекстан элдик кыймылынын” курултайы өтүп жатат. “Азаттыктын” Прагадагы баш кеңсесинде “Эрк” оппозициялык партиясынын баш катчысы Атаназар Арифов жыйындын максаты жөнүндө кеп курду.

Төрөкул Дооров: Оппозициянын Европада өтө турган жыйынына жөнөгөнүңүздө эч кандай проблема болбодубу?

Атаназар Арифов: Жеке менин өзүмдө проблема болгон жок, бирок мени менен кошо жолго чыккан жолдошторума түрдүү тоскоолдуктар жасалганы чын. Бир эле нерсени айтайын. Аэропортко чыкканда “ар кимибиз өз алдынча ар башка убакытта барабыз жана учакка отурганга чейин такыр бири-бирибиз менен сүйлөшпөйбүз” деп макулдашканбыз. Анткени бизге түрдүү провокация жасалып, жолго чыгарбай коюшу да мүмкүн деген коркунуч бар эле.

Төрт адам жолго чыккан болсок, үчөөбүздүн үйлөрүбүздө тинтүү да болду, эшигибиздин алдында аңдып тургандар да болгон. Менин үйүмө эч ким келген жок деңизчи, бирок жолдошторума дурус эле түрдүү сигналдар берилиптир. Ошондо да биздин негизги максатыбыз – эптеп өзүбүздү Прагага жеткириш болчу. Ошентип келип калдык.

Төрөкул Дооров: Сиз көп жылдардан бери оппозициялык иш-аракеттер менен жүргөнүңүз белгилүү, бирок түрмөгө түшүп, куугунтуктарга кабылганыңызга карабай, дале Ташкенде жашап жатасыз. Бүгүн Өзбекстанда оппозиционер үчүн жашоо кандай?

Атаназар Арифов: Биз такай көзөмөл астында жүрөбүз. Азыр өзүнчө чогулуп, кандайдыр бир жыйындарды өткөрүүгө мүмкүнчүлүгүбүз жок. Үй-бүлө мүчөлөрүбүз, тууган-уруктарыбыз да баары көзөмөлдө турушат. Менин үч уулум тең Канадага көчүп кетишкен. Жалгыз гана кенже баламды азыр эч жакка чыгарбай кармап отурабыз. Үйүмдө мен, жубайым, уулум болуп калдык. Үй-бүлөбүз ошентип чачырап кеткен... Жаштарга жумуш жок. Уулум иши болбосо да, аны үйлөндүрүп койгон элек. Мына, бир апта мурда ал перзенттүү болду.

Төрөкул Дооров: Неберелүү болгон турбайсызбы?

Атаназар Арифов: Ооба, ошентип, үй-бүлөбүз бир аз толуп калды. Анан бул жакка жөнөп калдык. Алгач курултай Швецияда болот деп айтылган. Бирок Өзбекстандан жөнөгөндөргө Германиянын элчилиги виза бербей койду. Ошондо уюштуруучулар курултайды бир айга артка жылдырып, Прагага көчүрүштү. Чехиянын элчилигине жети адам арыз берген элек, бирок үч кишинин арызын четке кагышты. Ошентип, төртөөбүз гана Прагага келип отурабыз.

Төрөкул Дооров: Прагадагы курултайда эми Өзбекстандан сиздер келип, дүйнөнүн башка өлкөлөрүнөн да өзбек оппозиционерлери чогулуп жатасыздар. Курултайдагы негизги талкуулана турган маселе кайсыл? Кантип Ислам Каримовду бийликтен кетирүүнү сүйлөшөсүздөрбү?

Атаназар Арифов: Бул, негизи, экинчи курултай. Былтыр Берлинде алгачкы жыйыныбыз өткөн. Биз ошол Берлиндеги жыйында коюлган максаттар бир жыл ичинде кандай аткарылганын карап, алдыга иш-пландарыбызды аныктайбыз. Эң башкысы мен өзүм жана Өзбекстан элдик кыймылы диний жана саясий экстремизмге каршыбыз, аны менен күрөшөбүз. Биз ошол күрөштүн жолун сүйлөшөбүз. Баарыбыз, сырттагылар да, анан өлкөнүн ичиндеги оппозиционерлер да, өзүбүздү “саясий экстремизмдин курмандыктары” деп билебиз жана мекенибизде жүргүзүлүп жаткан саясат “экстремисттик саясат” деп түшүнөбүз.

Төрөкул Дооров: Ислам Каримовдун экстремисттик саясатыбы?

Атаназар Арифов: Ошондой, анын себептери көп. Өлкөдө тынч жол менен бийликти алмаштыруу механизми жоготулган. Калк азыр жетекчиликти өз ыктыяры менен тынч жолдо алмаштыра албайт. Себеби ошол бийликти алмаштыруу жолу – шайлоо институту - азыр добуш берүүчүлөрдүн колунда эмес. Эң оболу ал механизм кайрадан Конституцияга киргизилип, элдин бул укугу анын өзүнө берилиши зарыл. Андай механизм азыркы Конституцияда жок.

Төрөкул Дооров: Атаназар аке, алыска кетпейли, 2005-жылкы Анжиян окуяларында эл өз ыктыяры менен бийликке нааразылыгын билдиргени эмне менен аяктаганын билебиз. Эл азыр эми коркуп калган. Сырттагы оппозиционерлерден айырмаланып, сиз өлкөнүн өзүндө жашайсыз. Өзбек элинде азыр да нааразылыгын ачык билдиргенге каалоосу барбы?

Атаназар Арифов: Элди ошого даярдоо – биздин максат. Элдеги нааразылык маанай күчтүү, бирок адамдар көчөгө аны ачык айтып чыга албай турушат. Биздин өлкөнүн ичиндеги милдетибиз – элди өз талабын ачык айтканга үйрөтүү. “Азыр кимдир бирөө сырттан келип, өлкөдө жетекчиликти алмаштырып берет” деп отура албайбыз. Элдин негизги бөлүгү өлкөнүн ичинде.

Азыр, түрдүү маалыматтарга караганда, 5-7 миллиондой ишке жарамдуу калкыбыз өз мекенинде нан таппай, сыртта түрдүү иштер менен мигрант болуп жүрөт. Биз өлкөдөгү элге азыркы чыныгы кырдаал канчалык оор болуп кеткенин айтышыбыз керек.

Биздин Өзбекстан Элдик кыймылыбыздын да башкы максаты – жумурияттын ичиндеги адамдарга баруу, аларды нааразылыгын ачык билдирүүгө үйрөтүү. Ошондуктан негизги ишибиз сыртта болбойт, ал өлкөнүн ичинде.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG