Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:53

Өзбекстан “Хьюман Райтс Уочту” кубалоодо


Өзбекстандын бийликтери “Хьюман Райтс Уочт” уюмун Ташкенттеги өкүлчүлүгүн жабууда. Аталган эл аралык уюм бул тууралуу 14-марттагы билдирүүсүндө жарыялады. “Хьюман Райтс Уочтун” өкүлдөрү соңку бир нече жылдан бери Өзбекстанда каттоодон өтө албай келишкен.

“Хьюман Райтс Уочтун” билдиргенине караганда, Өзбекстандын Жогорку сотуна бул өлкөнүн юстиция министрлигинен уюмдун Ташкенттеги өкүлчүлүгүн жоюу боюнча доо-арыз берилгени тууралуу алар 10-мартта кабардар болушкан. Муну менен бул авторитардык өлкөдө “Хьюман Райтс Уочтун” он беш жылга созулган иши аяктап жатат.

Кеннет Росс
Буга байланыштуу аталган уюмдун аткаруучу директору Кеннет Росс “Хьюман Райтс Уочту” кубалоо менен Өзбекстандын өкмөтү адам укуктары жаатындагы кырдаалдын сынга алынышы менен келише албасын көргөздү. Бирок биз мындан улам унчукпай калбайбыз жана мурдагыдай эле Өзбекстандагы адам укугун бузуулар боюнча доклад даярдоону улантабыз”, - деп билдирди.

Буга чейин акыркы ирет өзбек бийликтери “Хьюман Райтс Уочтко” өкүлү каттодон өткөрүлбөгөнүн өткөн жылдын декабрь айында эскерткен болчу. Анда Өзбекстандын юстиция министринин орун басары Кайрат Хидоятовдун колу коюлган катта “Хьюман Райтс Уотчтун” Өзбекстандагы өкүлчүлүгүнүн ишмердигинде “улуттук мыйзамдардын талаптарын сактабоо боюнча туруктуу практика бар экендиги” байкалганы көргөзүлгөн.

Мындан сырткары ошондо өкүлчүлүктүн башчысы катары жөнөтүлгөн Стив Свердлоунун ( Steve Swerdlow) “Өзбекстан менен кызматташуу жана аймакта иштөө тажрыйбасы жоктугу” кошумчаланган эле.

Стив Свердлоу Ташкенттин соңку жаңылыгынан кийинки билдирүүсүндө Өзбекстанды дүйнөнүн эң репрессиячыл режимдеринин бири катары мүнөздөдү:

- Өзбекстан жарандык коомго дээрлик толук көзөмөл орноткон жана өлкөнү сырткы дүйнө үчүн дээрлик кулпулап койгон. Обочодо калганды борбор Ташкентке барсаңыз, абдан эле сезесиз. Жергиликтүү жарандык коом өзгөчө соңку алты жылда дээрлик жок кылынган.

Расмий Ташкент 2005-жылкы Анжиян окуяларынан кийин эл аралык айыптоого кабылган эле. Батыштык медиа жана бейөкмөт уюмдарга карата ал тараптан кысым ушундан кийин башталып, муну ишке ашыруу үчүн өзбек өкмөтү катоодон өткөрбөө, же виза бербөө ыкмасын колдоно баштаган. Анжиян окуяларынан кийин “Эркин Европа/Азаттык” радиосу, Би-Би-Си да өзүнүн Ташкенттеги бюролорун жабууга аргасыз болгон.

Расмий Ташкетти Батыш адам укуктарын системалуу түрдө бузганы, демократиялык реформалардын жоктугу үчүн айыптаганы менен Өзбекстандын НАТОнун Ооганстандагы аскерий операцияларын колдоодогу маанилүү ролун моюнга алат. “Хьюман Райтс Уочтун” акыркы өкүлү Стив Свердлоу мындай дейт:

- Өзбекстандын Ооганстандагы согуштагы стратегиялык ролу барган сайын күчөөдө. Оооганстандагы аскерлерге бара жаткан жүк ушул өлкөнүн аймагы менен транзиттелип жатат. Мына ушул жүйөөдөн улам Өзбекстанда аба базасы бар НАТО менен Германия жана анын аймагы аркылуу жүк ташыган АКШ менен Евробиримдик Өзбекстан менен мамилесин жакшыртып, өкмөтү менен карым-катнаш түзүүдө.

Ал эми сүргүндө жашаган өзбекстандык укук коргоочу Надежда Атаева “Азаттыктын” кабарчысы менен маегинде жакында президент Ислам Каримов Брюсселде болуп, Евробиримдиктин жетекчилери менен учурашып кеткенин эске салды. Анын пикиринде, Ташкенттин “Хьюман Райтс Уочтун” өкүлчүлүгүн жабуу чечимин кабыл алууга Батыш өлкөлөрү “даяр”. Надежда Атаева “Хьюман Райтс Уочтун” Өзбекстандагы буга чейинки ролу жөнүндө буларды айтат:

Надежда Атаева "Азаттык" радосунун Прагадагы студиясында
- Бул маалымат албетте бизди капалантат. Эл аралык коомчулук Өзбекстандагы кыйноо көйгөйү, практикасы, сотсуз жазалоолор тууралуу биринчи жолу “Хьюман Райтс Уочт” аркылуу билген. Андыктан бийликтин кыжырдануусу ушуга байланыштуу. Өзбекстанда “Хьюман Райтс Уочтун” болушу тактыктын жана укуктары бузулган адамдардын кайрылууларына ак ниеттен мамиле кылуунун кандайдыр бир деңгээлде кепили эле.

“Хьюман Райтс Уочтун” Ташкенттеги өкүлчүлүгү расмий жабылбаганы менен анын иши 2007-жылдан тарта эле токтоп калган болчу.

Стив Свердлоуга чейин 2008-жылы Орусиянын жараны Игорь Воронцов “Хьюман Райтс Уотчтун” Өзбекстандагы өкүлү катары беш айдай иштеп, бирок каттоодон өтө албай койгон. Анын алдында аккредитациясы узартылбаганына байланыштуу Ташкенттен ошол кездеги өкүл Андреа Берг кеткен.

Ошондон бери “Хьюман Райтс Уочтун” үч өкүлү каттала албады. Эми болсо өкүлчүлүктү биротоло жабуунун укуктук жол-жобосу гана ишке ашырылып жатат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG