Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:58

Президентке импичмент жарыялоо демилгеси


Өмүрбек Текебаев менен Алмазбек Атамбаев.
Өмүрбек Текебаев менен Алмазбек Атамбаев.

“Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев президент Алмазбек Атамбаевге импичмент жарыялоо жол-жобосун баштоону сунуштады.

"Ата Мекендин" лидери буга президенттин Баш мыйзамдагы ыйгарым укугунан аша чапкан бир топ жагдайлар негиз болгонун айтып, анын чөйрөсү мамлекеттик бийликти өзүм билемдик менен ээлеп алды деп айыптады.

КСДП фрациясынын жетекчиси Иса Өмүркулов бул дооматты четке кагып, президент Атамбаев журт башчысы катары бардыгына калыс мамиле жасайт деп билдирди.

Сырткы оппозициялык күчтөр азыркы парламент президентке импичмент жарыялоого батынбастыгын айтып, ага коомдук басым көрсөтүүнү демилгелешүүдө.

Импичментке даярдык

“Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев Баш мыйзамдын 67-беренесин жетекчиликке алып, президент Алмазбек Атамбаевге импичмент жарыялоо демилгесин көтөрдү.

Текебаев Конституциянын 63-беренесиндеги президенттин партиялык кызыкчылыкты алып жүрүшүнө тыюу салган талапты Атамбаев одоно бузганын айтты. Буга КСДП партиясынын саясий кеңешине кирген Фарид Ниязов, Сапар Исаков, Албек Ибраимов, Икрамжан Илмиянов жана Кубанычбек Кулматов сыяктуу адамдардын тобу жогорку мамлекеттик кызматтарды ээлеп келе жатканы мисалга алынды.

Өмүрбек Текебаев президенттин конституциялык ыйгарым укуктарынан аша чапкан учурлары ага импичмент жарыялоого негиз болот деп билдирди:

- Президент өзүнө ыйгарылган калыстык, арбитрдик милдетинен тайып, бир саясий күчкө гана жан тартып келе жатканы белгилүү. Негизгиси өзү жана анын айланасындагылар конституциялык ыйгарым укугунун чегинен ашып, башка мамлекеттик бийликтин иштерине аралашып алганы тууралуу буга чейин дагы айтып келгем. Түштүк Кореянын президентине анын жардамчысы болгон курбусу мамлекеттик иштерге аралашкан деп айып коюлуп, иш козголуп жатат. Бизде болсо ким сотту башкарууда? Ким бажыны көзөмөлдөп, кимдер акимдерди дайындап жатат? Кимдер ири тендерлердин өтүшүн карап, кимдер чечим кабыл алдырып жатышат? Бул азыр элдин бардыгына белгилүү. Бул тууралуу тиешелүү материалдарды биз жыйнай алабыз. Импичмент тууралуу айтсам, бүгүн парламенттен 60 депутат ага добуш бербесе, тиешелүү саясий кырдаал түзүлсө 60 эмес, 70 добуш берилет деп ишенем.

Күчтүү парламент демократиянын кепили

Күчтүү парламент демократиянын кепили

Ошол эле кезде Текебаев парламентте мамлекет башчысына айып коюуга байланыштуу жол-жобо 2-3 айга созулушу мүмкүн экенин белгиледи. Ошондой эле Өмүрбек Текебаев Баш мыйзамдагы азыркы укуктук жана саясий реалдуулуктун шартында президентке импичмент жарыялоо ишке ашарына ишенет.

КСДП фракциясынан депутат Анвар Артыков муну Текебаевдин саясаттагы коргонуу тактикасы катары гана мүнөздөдү:

- Соңку мезгилде Текебаев жана анын партиялаштары туурасында бир топ сөздөр чыгып, чуулгандуу документтер түштү. Анын бардыгы тастыкталды деп айта албайм. Иликтеп чыккан соң жыйынтыгы жарыяланат го. Бирок эми ушундай жагдайда Текебаев коомдук пикирге таасир этүү үчүн коргонуу аракеттерин көрүп жатат. Мына ошол чыккан документтердеги фактылар ырасталып калса, аны кылмыш ишин козгоого жеткирбөө үчүн ал ушундай кадамга барып жатат окшойт. Атамбаевди эмне деп айткан менен анын эл ичиндеги кадыры жогору. Ага импичмент жарыялоо үчүн мындай бир негиз болушу керек да. Кандай негиз бар? Ал коркунучтуу мамлекеттик кылмыш жасадыбы? Жок. Салып жаткан тамын эле айтып жатышат. Ал өз акчасына сатып алган жерге үй салууга акысы бар да. Анын эмнеси бар экен?

Конституцияда жок “журт атасы”

Мындан сырткары КСДП фракциясынын жетекчиси Иса Өмүркулов президентти бийликтен четтетүү жол-жобосу Башкы прокуратуранын корутундусунун негизинде ага айып коюлгандан кийин гана ишке ашары Баш мыйзамда так көрсөтүлгөнүн айтты.

Азыр президентти мамлекеттик оор кылмышка айыптоого негиз жоктугун айткан Иса Өмүркулов Алмазбек Атамбаевди журт атасы жана Баш мыйзамдын кепили деп атады:

- Президент бардыгына эле калыс мамиле жасап келе жатат. Анткени президент журт атасы болуп жатат. Президент Конституциянын кепили. Конституциялык мөөнөтү бүткөн соң кызматынан кетем деп жатат. Эгерде ал “дагы бийликте калам” деп мөөнөтүн узартып жатса бир жөн. Президент кайсы партияга жан тартып жатат? Эң жогорку кызмат бул - премьер-министрдин кызматы. Сооронбай Жээнбековго чейинки өкмөт башчыларынын бардыгы ар кайсы партиянын өкүлдөрү болгон. Анын ичинде “Ата Мекендин” да талапкери болгон. Жогорку кызматтагы адамдардын биздин саясий кеңешке мүчө болгону чын. Бирок алар кызмат учурунда партиялык иштер менен алектенбей эле турушат. Эмгек өргүүсүндө же эс алуу күндөрү эле болбосо...

"Парламенттен майнап чыкпайт"

2010-жылы учурдагы Баш мыйзамдан “президент анын гаранты” деген жери алынып салынган. Ошондой эле президент жогорку саясий кызмат адамы деп гана көрсөтүлгөн. Бирок анда Тажикстандагыдай “Журт атасы” же Казакстандагыдай “Эл башы” деген макамдар киргизилген эмес.

Импичмент жарыялоо үчүн негиз болушу керек да. Кандай негиз бар? Атамбаев коркунучтуу мамлекеттик кылмыш жасадыбы? Жок.
Анвар Артыков

Баш мыйзамда президентке импичмент жарыялоо үчүн атайын комиссия түзүүнү парламент депутаттарынын үчтөн бири колдоп, демилге көтөрө алат. Бирок “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров азыркы парламент президентке импичмент жарыялоого батына албай турганын айтты:

- Президентке импичмент жарыялоого толук негиз бар. Бирок азыркы чабал парламент аны жүзөгө ашыра албайт. Бул парламент өзүнүн кара курсагынан башка эч кандай мамлекет кызыкчылыгы үчүн иш-аракет жасай албайт. Парламент президентке импичмент жарыялагандан мурун коомчулук, эл өзү ойгонуп, ошол жактан көбүрөөк жыйынтык чыгышы мүмкүн. Биз бул багытта бир топ саясий күчтөр менен сүйлөшүп, иш алып барып жатабыз.

Текебаев “Ата Мекен” фракциясы президентке импичмент жарыялоого документтерди чогулта баштаганын расмий билдирди. Ал буга президенттин өзүнүн расмий билдирүүлөрү, көрсөтмөлөрү жана буга байланыштуу анын атынан оозеки жана жазуу түрүндө берилген буйруктары негиз боло аларын кошумчалады. Баш мыйзам боюнча президентке коюлган айыптоо үч айдын ичинде ырасталбаса, анда импичмент жарыялоо четке кагылат.

Текебаевдин импичмент демилгеси
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:41 0:00

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG