Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:31

Күчтүү парламент демократиянын кепили


Сейтек Качкынбай, саясат таануучу
Сейтек Качкынбай, саясат таануучу

Конституцияны өзгөртүү боюнча бийлик тарабынан "сунушталган" долбоор коомчулукта үч түрдүү чочуулоону жаратты. Биринчиси - бул атуулдардын жүрүм-туруму, "жогорку баалуулуктар" же "улуттук дөөлөттөр" аркылуу жөнгө салчу маселеге, экинчиси - бул мыйзам үстөмдүгүнө түздөн-түз байланышкан соттордун көз карандысыздыгы жана алардын дайындалышы, же жумуштан алынуу укуктарына байланыштуу. Бул эки чочулаткан маселе көбүнесе укуктук-юридикалык аспектке тиешелүү болуп, анын кемчилик-кесепеттерин чечмелеп бир топ юристтер талдап, өз бааларын беришти. Бул жаатта "Прецедент" аттуу укуктук уюмдун, Тамерлан Ибраимов, Клара Сооронкулова жана башка юристтердин макалалары менен таанышсаңыздар болот.

Бул жерде мен, буга чейин айтыла элек нерсеге, политологиялык аспекттен чочулоонун үчүнчү себеби тууралуу токтоло кетейин. Анткени өткөөл доордогу мамлекеттер үчүн чыныгы демократиянын орношуна кандай башкаруу формасын кабыл алуу - парламентаризмби же президенттик башкаруу ыкмасыбы - бул өтө маанилүү маселе. Негизинен өткөөл жаш өлкөдө демократиянын орношуна парламенттик башкаруу эң жагымдуу система экени илимде далилденген. Ал үчүн эки күчтүү аргумент айтылып келатат. Биринчиден, буга статистика күбө. 1973-жылдан 1989-жылга чейин президенттик башкарууну кабыл алган 25 өлкөнүн ичинен беш (20%) гана өлкөдө демократия тамырын жайса, парламентаризмди кабыл алган 28 өлкөнүн ичинен 17 (61%) мамлекетте демократия орноду. Бул деген парламенттик системада президенттик башкарууга караганда демократиянын жашап кетиши үч эсе жогору экенин көрсөтөт. Экинчиден, посткоммунисттик Чыгыш Европа менен Борбор Азиянын 25 өлкөсүнүн тажрыйбасын карай турган болсок, парламенттик башкарууну кабыл алган өлкөлөрдүн баарында тең демократия (адилеттүү башкаруу аркылуу туруктуу өнүгүү) орногонуна бүгүн баарыбыз тең күбөбүз. Мисалы, Албания, Болгария, Хорватия, Чехия, Эстония, Венгрия, Латвия, Литва, Македония, Польша, Румыния, Словакия, Словения, Монголия...

Бул эки чоң аргументти карманып алып, бизге кандай парламент керек экенине токтоло кетейин.

Арийне, бизде күчтүү парламенттин болушу шарт. Ал эми парламенттин күчүн кантип аныктайбыз дегенде төмөндөгү парламенттик барометр (ПБ) менен парламенттин ыйгарым укуктарын ченеп, күчтүү же жетеленме экенин аныктап алсак болот. Бул жерде ачкыч боло турган чек бар, ал 60%. Эгер “сунушталган” жаңы Конституциянын долбоорундагы 32 суроонун 60%ына азыркы парламент “ооба” деп жооп берсе, анда парламент күчтүү эле экен деп кабатыр болбосок деле болот. Эгер андай болбосо келечекте кыргыз демократиясынын тагдырына кабатыр болууга негиз бар.

Күчтүү парламент кантип демократияны бекемдеши мүмкүн дегенде, биз горизонталдык көзөмөлдү (horizontal accountability) түшүнүшүбүз керек болот. Ага ылайык, өлкөдө сот, парламент жана президент бирдей деңгээлде өз ара бири бирин көзөмөл кылып турчу механизмдин болуусу кажет.

Парламент күчтүү учурда гана ал президенттин өзүмбилемдигин көзөмөлдөй алат. Көбүнесе өткөөл өлкөлөрдө көпчүлүк президенттер өздөрүн пайгамбар сезишип, популисттик ыкма менен бийликти бир колго топтоп алганга умтулчу тенденцияны көрсөтүп келишет. Карапайым калк эксперттик билимге ээ болбогондуктан көпчүлүк учурда “натыйжалуу бийлик” менен “бир колго топтолгон бийликтин” айырмасын биле бербегендиктен президенттердин популизмине алданып калышат. Дал ушундай көрүнүшкө парламенттин күчтүүлүгү бөгөт коюп, тең салмактуулукка кепилдик берет.

Конституциянын азыр өзгөрүшү керек (эмне үчүн 2020-жылдан эмес?), азыркы сунушталып жаткан вариантты алтернативасыз жана артка кайткыс деп, учурдагы бийликтин айткандары жогорудагы чочулап тынчсыздандырган үч себептен да көбүрөөк кабатыр кылуучу нерсе экени талашсыз.

Бирок, өткөндөн жетиштүү сабак ала албаган кыргыз реалдуулугун эске алып, тобокелчиликтерди болушунча азайтуу деген көз караштан карай турган болгондо гана шарттуу ой толгоо экенин эсиңизге салайын.

Парламенттик Барометр (Мыйзам чыгаруу бийлигинин ыйгарым укуктарынын индекси)

1. Парламент өз алдынча, кандайдыр бир агенттик же орган/мекемелердин катышуусуз президентке импичмент жарыялоого, аны жана премьер министрди кызматтан кетирүүгө укуктуу.

2. Министрлер бир элек убакта парламент мүчөсү катары да кызмат кыла алышат.

3. Парламент аткаруу бийлигинин мүчөлөрүн (министрлер кабинетин) жыйынга чакырып, аларга алдын ала маалымдалган мезгилдүүлүккө жараша суроо салып жооп алып, мамлекет үчүн маанилүү маселелер боюнча баяндамасын угуп талкуу жүргүзөт.

4. Парламент башкы аткаруу бийлигинин жана анын агенттиктеринин иш-аракеттерин көз карандысыз текшерип турууга укуктуу.

5. Парламент мажбурлоочу агенттиктерди (армия, мыйзам сакчылары, чалгындоо жана улуттук коопсуздук кызматтары) көзөмөлдөө укугуна ээ.

6. Парламент премьер-министрди дайындайт.

7. Парламенттин жактыруусу министрлердин дайындалуусунун далили болуп эсептелет, же парламент министрлерди өзү дайындайт.

8. Өлкөдө жалпысынан президенттик башкаруу институту жок, же президент парламент тарабынан шайланат.

9. Парламент өз ыйгарым укук мөөнөтүнө коркунуч келтирбестен өкмөткө ишенич көрсөтпөй коюуга укуктуу.

10. Парламент аткаруу бийлиги, же президент тарабынан таратылууга каршы иммунитетке ээ.

11. Мыйзам тууралуу бардык демилгелер күчүнө кирүүдөн мурда парламенттин жактыруусун же ратификациясын талап кылат, б.а. аткаруу бийлигинин жарлыктарды чыгаруу укугу жок.

12. Парламент тарабынан кабыл алынган мыйзамдарга вето коюлуусу милдеттүү эмес.

13. Парламенттин мыйзамдары кайра каралбай турган болуп, юридикалык жактан эч кандай субъект тарабынан кайра каралбайт.

14. Парламент бардык юрисдикцияларда мыйзам долбоорлорун демилге кылып чыгууга укуктуу, ошол эле убакта аткаруу бийлиги ага бөгөт койбоого тийиш.

15. Парламент тарабынан кабыл алынган чыгымдардын суммасы милдеттүү болуп эсептелет, аткаруу бийлигинин парламент тарабынан бөлүнгөн чыгымдардын суммасын конфискациялоо укугу жок.

16. Парламент өз алдынча өз ички финансылык операцияларын көзөмөлдөйт жана өз кызматкерлерине жеңилдиктерди берет.

17. Парламентарийлер камалууга жана/же кылмаш иши боюнча куугунтукталууга каршы иммунитетке ээ

18. Парламенттин бардык мүчөлөрү шайланат; аткаруу бийлиги парламенттин кайсы бир мүчөсүн дайындоо укугуна ээ эмес.

19. Парламент өз алдынча, кайсы бир агенттиктин катышуусусуз конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизет.

20. Согуш жарыялоо үчүн парламент тарабынан макулдук алынууга тийиш.

21. Башка өлкөлөр менен болгон мамилелер парламентте ратификацияланууга тийиш.

22. Парламент амнистия жарыялоого укуктуу.

23. Парламент ырайым кылуу укугуна ээ.

24. Парламент сотторду дайындоону кайра карап чыга алат жана ал дайындоолорду четке

1. Парламент өз алдынча, кандайдыр бир агенттик же органдардын катышуусусуз президентке импичмент жарыялоого, аны жана премьер министрди кызматтан кетирүүгө укуктуу.

2. Министрлер бир элек убакта парламент мүчөсү катары да кызмат көрсөтө алышат.

3. Парламент, аткаруу бийлигинин мүчөлөрүн (министрлер кабинетин) өзүнө чакырып, аларга алдын ала маалымдалган регулярдуулукта кайсы-бир суроолордун угууларын жана кароолорун жүргүзөт.

4. Парламент башкы аткаруу бийлигинин жана анын агеттиктеринин иш-аракеттерин көз карандысыз текшерет.

5. Парламент мажбурлоочу агенттиктерди (армия, мыйзамды сакчылары, чалгындоо жана улуттук коопсуздук кызматтары) көзөмөлдөө укугуна ээ.

6. Парламент премьер министрди дайындайт.

7. Парламенттин жактыруусу министрлердин дайындалуусунун далили болуп эсептелет, же парламент министрлерди өзү дайындайт.

8. Өлкөдө жалпысынан президентализм институту жок, же президент парламент тарабынан шайланат.

9. Парламент, өз ыйгарым укук мөөнөтүн коркунучка келтирбестен өкмөткө ишенич көрсөтпөй коюуга укуктуу.

10. Парламент аткаруу бийлиги же президент тарабынан таратылууга каршы иммунитетке ээ.

11. Мыйзам тууралуу бардык демилгелер күчүнө киргизилүүсүнөн мурда парламенттин жактыруусун же ратификациясын талап кылат б.а. аткаруу бийлигинин жарлыктарды чыгаруу укугу жок.

12. Парламент тарабынан кабыл алынган мыйзамдарга вето коюулуусу милдеттүү эмес., б.а. аткаруу бийлиги же президент ал мыйзамдарга вето коюу укугуна ээ эмес, эгер вето коюу укугуна ээ болсо, анда мындай вето парламенттин жөнөкөй көпчүлүгүнүн добушу менен четке кагылуусуу мүмкүн.

13. Парламенттин мыйзамдары кайра каралбай турган болуп, юридикалык жактан эч кандай субъект тарабынан кайра каралбайт.

14. Парламент бардык юрисдикцияларда мыйзам долбоорлорун сунуштоого укуктуу, ошол эле убакта аткаруу бийлиги ага бөгөт койбоого тийиш.

15. Парламент тарабынан кабыл алынган чыгымдардын суммасы милдеттүү болуп эсептелет, аткаруу бийлигинин парламент тарабынан бөлүнгөн чыгымдардын суммасын өзгөртүүгө укугу жок.

16. Парламент өз алдынча өз ички финансылык операцияларын көзөмөлдөйт жана өз кызматкерлерине жеңилдиктерди берет.

17. Парламентарийлер камалууга жана/же кылмыш иши боюнча куугунтукталууга каршы иммунитетке ээ.

18. Парламенттин бардык мүчөлөрү шайланат, аткаруу бийлиги парламенттин кайсы бир мүчөсүн дайындоо укугуна ээ эмес.

19. Парламент өз алдынча, кайсы бир агенттиктин катышуусусуз конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизет.

20. Согуш жарыялоо үчүн парламент тарабынан макулдук алынууга тийиш.

21. Башка өлкөлөр менен болгон мамилелер парламентте ратификацияланууга тийиш.

22. Парламент амнистия жарыялоого укуктуу.

23. Парламент ырайым кылуу укугуна ээ.

24. Парламент сотторду дайындоону кайра карап чыга алат жана ал дайындоолорду четке кагуу укугуна ээ; же парламент өзү сот мүчөлөрүн дайындайт.

25. Улуттук Банктын башчысын парламент дайындайт.

26. Парламент мамлекеттик ММК жана масс-медианы башкаруу жана координациялоодо маанилүү добушка (олуттуу беделге) ээ.

27. Парламент регулярдуу түрдө сессияларды өткөрөт.

28. Ар бир парламенттин өздүк катчысы болот.

29. Ар бир парламенттин катчылыкка карабаган эң аз дегенде бир саясий багыт боюнча эксперти (полиси эсперти) болот.

30. Парламентарийлер чектөөсүз кайра шайлана алат.

31. Парламеттик орун жетишээрлик деңгээлде жагымдуу жана депутаттын орду кайра шайланууга тете кызыкчылык жаратат.

32. Парламентте анын мүчөлөрүнүн чоң бөлүгүн кайра шайланган мүчөлөр түзөт, жана бул себептен парламент ар дайым өзүнө көп санда тажрыйбалуу мүчөлөрдү камтыйт.

Сейтек Качкынбай, саясат таануучу, "Демократ" партиясынын төрагасы

P/S. "Өзгөчө пикир" рубрикасына чыккан макалалар "Азаттыктын" көз карашын билдирбейт.

XS
SM
MD
LG