Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:36

"Таза коомдун" суроо жараткан тагдыры


Кыргызстандын Өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков "Таза коом" долбооруна арналган эл аралык жыйында. Бишкек. 30.5.2017.
Кыргызстандын Өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков "Таза коом" долбооруна арналган эл аралык жыйында. Бишкек. 30.5.2017.

Бул күндөрү сунуш кылынып жаткан мамлекетти өнүктүрүүнүн "Таза коом" долбоору бүгүнкү бийлик сүрөй турган президенттикке талапкердин программасы болору айтылууда. Бул - мурдагы программалардын уландысы дегендер да бар.

Кыргызстанда бүйүр кызыта талкуулап жатышкан "Таза коом" долбоорунун буга чейинки программалардан айырмасы эмнеде, аны ишке ашыруунун кандай жолдору бар, мөөнөтү бүтүп бараткан президенттин бул демилгесин кийинки бийлик улантарына канчалык ишеним бар?

"Азаттык" үналгысы уюштурган талкууга Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрага орун басары Мирлан Өмүралиев жана Кыргыз Республикасынын мурдагы вице-премьер министри Тынычбек Табалдиев катышты.

“Азаттык”: Мирлан мырза, “Таза коом” долбоорунун негизги төркүнү эмнеде кыскача айтып берсеңиз? Анткени буга чейинки өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы программасынан эмнеси менен айырмаланат?

Мирлан Өмүралиев: Мындай программалар өнүккөн Сингапур, Эстония ж.б. өлкөлөрдө бар, иштеп жатат. Мисалы, аларда “Ачык коом”, “Акылдуу өлкө” деп аталган долбоорлору бар. Бизде бир топтон бери талкуулар болду, ар кандай сунуштар айтылды, акыры биздин элге түшүнүктүү болот деп “Таза коом” деген аталышка токтогонбуз.

Негизи, “Таза коом” – жогорку технологиялар аркылуу ишке аша турган долбоор. Максат жаңы технологияларды колдонуу менен адамдарга жеңилдиктерди алып келүү, мамлекет менен жарандар ортосундагы кызматташтыкты, мамилени жөнөкөйлөтүү, оңойлотуу. Азыр жарандарыбыз бир мекемеден тактама алып, экинчисине алып барып, убаракерчиликти, ыңгайсыздыкты көп тартат. Эгер бул программа ишке аша баштаганда сиз мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү үйдө чыкпай эле портал аркылуу алсаңыз болот. Мисалы, быйыл күздөн баштап мектептерге балдарды кабыл алууну интернет аркылуу жүргүзсөкпү деп жатабыз.

Бул программа бүгүн эле чыга калган жок, электрондук өкмөт идеясын ишке ашыруу мурда эле башталган. Бул бүгүнкү күндүн талабы. Азыр ар бирибиз санариптик технологияларсыз күнүмдүк турмушубузду элестете албай калдык. Кичинекей балдарыбыздан бери телефон чукуп отурат.

“Азаттык”: Тынычбек мырза, сиз мурдагы эки бийликтин учурундагы бир топ программаларды иштеп чыгууга катышсаңыз керек, азыркы демилгеленип жаткан долбоор менен таанышсаңыз керек, мурункулар менен эмнеси менен айырмалуу, турмушка ашырууга канчалык реалдуу шарттар бар?

Тынычбек Табылдиев: Биринчиден, азыркы өкмөттүн мамлекеттик иштерде жаңы технологияларды колдонобуз, пайдаланабыз дегени - учур талабы. Бул жакшы ой, жакшы тилек. Жыйырма биринчи кылымда башкача болууга мүмкүн эмес. Экинчиден, 2040-жылга чейинки Улуттук стратегиялык программанын мазмуну жөнүндө толук маалымат жок.

Мисалы, баарыбыз үчүн биринчи суроо 2040-жылга экономика боюнча кандай программа бар, ачык көрүшүбүз керек. Аны ишке ашыруунун бир бөлүгү болгон “Таза коом” долбоору кандай ишке ашат, аны да ачык билишибиз керек, эл күтүп жатат. Келе турган президент кандай өзгөрүүлөрдү жасайт?

Азыркы бийлик ачык айтышы керек, бул КСДПнын программасы, демек партиянын платформасын анын талапкери жетекчиликке алат деп жарыялоо зарыл. Бул идеянын, долбоордун автору ким, жоопкерчилигин ким тартат, ачык эле айтылса жакшы болот эле. Илгери “Өнүгүүнүн комплексттүү программасы” баштаган көптөгөн долбоорлор болгон, алардын көбү ишке ашкан жок, ким жоопкер болгон, ким күнөөлүү - эч ким билбейт.

“Азаттык”: Мирлан мырза, “Таза коом” программасы президент Атамбаевдин демилге, сунушу болууда, көп амбициялуу, жакшы пландар коюлууда. Мындан сырткары президенттикке бийлик сүрөй турган талапкердин прогаммасы болот, деп жаткандар бар? Эгер бийлик сүрөгөн талапкер өтпөй калса, башка президент бул программаны ишке ашырууну колго албай койсо эмне болот, ал өз программасын ишке ашырууну көздөшү мүмкүн да?

"Таза коом" долбоору боюнча жыйындын катышуучулары.
"Таза коом" долбоору боюнча жыйындын катышуучулары.

Мирлан Өмүралиев: Мисалы, биз сентябрга чейин бир топ справкаларды (тактамаларды) жокко чыгарабыз деп пландап жатабыз. Ал кандай технологиялар менен ишке ашат? Бардык мамлекеттик органдарды электрондук байланыштар менен камсыз кылсак эл үчүн да бир топ жеңилдиктер боло баштайт, көп түйшүктөр азаят. Жарандар аларды өздөрү көргөндөн кийин, сезгенден кийин кайсы бийлик келбесин токтото албайт деп ойлойм. Коомдо колдонулуп, натыйжасын берип жаткандан кийин артка кайтаруу мүмкүн эмес.

“Азаттык”: Тынчыбек мырза, “Таза коом” долбоору эмне үчүн дал ушул күндөрү жалпыга жарыя болуп жатат деп ойлосуз, алдыда турган президенттик жарыш менен байланышы жокпу?

Тынычбек Табылдиев: Бул программа президенттик шайлоо менен түздөн-түз байланышы бар деп ойлойм. Аталган программа КСДПнын программасы, позициясы десек болот. Элге ачык эле айтылышы керек. Биз, шайлоодо кайсы бир адамдын фамилиясына эмес, конкреттүү программасына добуш бергенди үйрөнүшүбүз керек. Элге 200-500 барактан турган программанын кереги жок, элге он суроого жооп болушу керек. Мисалы, бир суроо Кумтөрдүн канча пайызы биздики болот? Буга жооп болушу керек...

(Талкуунун толук вариантын бул жерден угуңуз)
“Таза коом” болочок талапкердин долбоорубу?
please wait

No media source currently available

0:00 0:22:14 0:00
Түз линк
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG