Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:29

Исаков: “Таза коом” боюнча атайын трасттык фонду түзүлөт


Сапар Исаков
Сапар Исаков

“Таза коом” программасы боюнча атайын трасттык фонду түзүлөт. Бул тууралуу бүгүн президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков “Таза коом” улуттук долбоорун эл аралык коомчулукка тааныштырган учурда билдирди.

Анын айтымында, Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, АКШ, Орусия, Түштүк Корея, Жапония жана башка мамлекеттер жардам берүүгө даяр экенин айтышкан:

- Биз трасттык фонд түзөбүз. Ага каражаттын баары келип түшөт. Биз аны толугу менен инфраструктурага, долбоорлорду түзгөнгө жумшайбыз. “Таза коом” кеңешинин алдындагы аткаруу комитетинде иштеген балдарды иштеткенге да колдонобуз. “Таза коомго” тиешелүү акчанын баары траст фондго топтолот. Андан тышкары мамлекет дагы бюджеттен сөзсүз жыл сайын каражатты бөлүп турушу керек. Бир гана донорлорго эмес, өзүбүздүн күчүбүзгө дагы ишенишибиз керек. Жылына канча каражат бөлүү керектиги жарым жылдан кийин белгилүү болуп калат. Ал эми алгачкы этаптар боюнча натыйжаны эл 2018-жылдын башында сезет.

Кыргыз бийлиги мамлекетти жогорку технология аркылуу өнүктүрүүнү караган "Таза коом" улуттук долбоорун апрелдин башында жарыялаган. Бул долбоор 2040-жылга чейинки туруктуу өнүгүү боюнча улуттук стратегиянын бир бөлүгү экени маалымдалган. Бишкекте өтүп жаткан жыйынга Дүйнөлүк банктын, Түштүк Корея, Сингапур, Молдова, Орусиянын жана башка эл аралык уюмдардын, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, өнөктөштөрдүн өкүлдөрү чакырылган. (KE)

XS
SM
MD
LG