Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 19:20

Бийлик Кыргызстанды Борбор Азияны Европа, Азия жана Жакынкы Чыгыш менен байланыштыруучу ай-ти хаб өлкөсүнө айланткысы келет.

Бул тууралуу 30-майда "Таза коом" улуттук долбоорун эл аралык коомчулукка, донор уюмдарга тааныштырган эл аралык конференцияда премьер-министр Сооронбай Жээнбеков билдирди.

"Таза коом". Көз караштар, глобалдык тенденциялар жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү” деген аталыштагы эл аралык конференцияда сөз сүйлөгөн премьер-министр Сооронбай Жээнбеков долбоор Кыргызстандын бардык аймактарында жайылтыларын жана жарандар үчүн тең мүмкүнчүлүктөр түзүлөрүн белгиледи:

- Кыргызстанды Борбор Азияны Европа, Азия жана Жакынкы Чыгыш менен байланыштыруучу маалыматтык хаб өлкөсү кылууга жетишүү керек. Мындай долбоорду ишке ашыруу даярдыкты, мобилдүү адамдык ресурстардын болушун талап кылат. Бул билим берүү ресурстары жана өлкөнүн интеллектуалдык күч-кубатын жогорулатуу боюнча күчтөрдү бириктирүү мүмкүнчүлүгүн талап кылат. Планда өлкөдөгү билим берүүнүн сапатын жаңы деңгээлге жогорулатуу каралган.

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Өкмөт башчы “Таза коом” долбоорун ишке ашыруу багытында инвестиция жана техникалык колдоо керектигин кошумчалады. Соңунда эл аралык конференциянын алкагында жаңы технологиялык мүмкүнчүлүктөрдү көрсөткөн ЭКСПО көргөзмөгө катышты.

Президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаковдун белгилешинче, улуттук долбоорду ишке ашырууга Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, АКШ, Орусия, Түштүк Корея, Жапония өңдүү мамлекеттер жардам берүүгө даяр экенин билдиришкен. Донор уюмдардан келчү каражаттар жаңы түзүлө турган ишеним фондунда топтолот:

- Биз ишеним фондун түзөбүз. Ага каражаттын баары келип түшөт. Биз аны толугу менен инфраструктурага, долбоорлорду түзгөнгө жумшайбыз. “Таза коом” кеңешинин алдындагы аткаруу комитетинде иштеген балдарды иштеткенге да колдонобуз. “Таза коомго” тиешелүү акчанын баары траст фондго топтолот. Андан тышкары мамлекет дагы бюджеттен сөзсүз жыл сайын каражат бөлүп турушу керек. Бир гана донорлорго эмес, өзүбүздүн күчүбүзгө дагы ишенишибиз керек. Жылына канча каражат бөлүнүшү керектиги жарым жылдан кийин белгилүү болуп калат. Ал эми алгачкы этаптар боюнча натыйжаны эл 2018-жылдын башында сезет. Негизи “Чайна телеком” деген компания долбоордун техникалык экономикалык негиздемесин жасаган. Анын негизинде 360 млн доллар деп айтылган. Андан бери көп технологиялар курулуп кетти. Биздин адистер дагы айтып жатат, жалпы долбоордун аткарылышына балким 250-300 млн долларга жакын каражат керек деп ойлоп жатабыз. Бирок биз буга билим берүү системасын киргизе элекпиз. Жаңы окуу системалары киргизилет, IT адистерди даярдаш керек, тиешелүү китептерди алып, IT академияны жасаш керек. Эң негизги жетишебиз деген максатыбыз - Кыргызстанда санариптик экономиканы куруу.

Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

Бишкекте өтүп жаткан жыйынга Дүйнөлүк банктын, Түштүк Корея, Сингапур, Молдова, Орусиянын жана башка эл аралык уюмдардын, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, өнөктөштөрдүн өкүлдөрү чакырылган. Жалпысынан 80ден ашуун эл аралык эксперттер катышты. Мисалы, Кореянын Улуттук маалыматтык байланыш технологиялар агенттигинин президенти Ёнг Лок Юн “Акылдуу Корея” долбоорунун башында турган адистердин бири:

- Борбор Азия маалыматтык байланыш технологияларынын өнүгүшү боюнча абдан динамикалуу аймак болуп эсептелет. Мен өткөн жылы ушул багытта Казакстандагы жыйынга катышкам. Корея бул долбоорго катышып жатканына кубанычтамын. Кыргызстанда туризмди өнүктүрүүгө жакшы шарт бар. Аны жаңы технологиялар менен айкалыштырса, өлкөнүн бюджетине чоң салымын кошот. Кыргызстан ички дүң продукциянын 30% ушул тармактан эле алса болот. Экинчиден, мындай долбоорду каржылоо негизги маселелерден. Бул жетекчиликтин деңгээлинде чечилиши керек. Мисалы, Кореянын тажрыйбасын айтсак, ички дүң өнүмдүн бир пайызын изилдөө иштерине жумшайт. Изилдөө иштери алдыга жылууга жардам берет. Мына ушул компоненттер долбоордун ишке ашуусуна роль ойнойт.

Конференциянын катышуучулары.
Конференциянын катышуучулары.

“Таза коом” долбоорунун координатору Талант Султановдун белгилешинче, Дүйнөлүк банк Digital CASA долбоорун каржылоо суммасын 20 млн доллардан 50 млнго көбөйтүүгө даяр экенин билдирген:

- Дүйнөлүк банк Digital CASA​ долбоорун каржылап жатат. Бул Орто Азияны жана Түштүк Азияны интернет аркылуу байланыштыруу. Ошонун ичинде Кыргызстандын компоненти негизги этабын 20 млн доллар деп эсептеп атат. Бул айылдарга интернет алып келүү жана маалыматтарды кайра иштеп чыгуу борборун куруу. Азыр дүйнөлүк банк аны 50 млн долларга чейин көбөйтүүнү карап жатат. Учурда ушул багытта талкуулар жүрүүдө.

Экономикалык серепчи Искендер Шаршеев Грузиянын, Эстониянын тажрыйбасын колдонуп, электрондук өкмөт түзүү, "Коопсуз шаар" долбоорлорун ишке ашырууну демилгелеп жүргөндөрдөн. Ал коррупцияны жок кылуучу электрондук коомду түзүүгө көптөр каршы болуп келгенин белгиледи:

- Эстониядан жаңы технология келди. Ал ишке кирип, бүт мамлекеттик органдар өздөрүнүн жалпы маалыматтык базасын ага киргизсе, анда электрондук башкаруу - "Таза коом" долбоору тез ишке ашып кетет. Албетте коррупциялык иштерге бөгөт койот. Кыргызстанда анын ишке ашуусуна көп эле каршылык болуп келатат. Ар каршылыкты жеңиш үчүн саясий эрк жана саясий колдоо керек.

Ошол эле кезде "Таза коомду" айтылып, бирок ишке ашпай калган мурдагы долбоорлордой болот деп сындап, күмөн санагандар жок эмес.

Коомдук ишмер Эдил Байсалов бийликтин долбоордогу иштерди аткарууга буга чейин эле мүмкүнчүлүгү болуп, бирок жасабаганын айтууда:

- IT академия деп атабыз, жети жылдан бери бийликте отурушту. Мектепке интернет өткөрө алышкан жок. Колдорунан келген жок, колдо болгон акчаны да колдоно алышкан жок. Көп убадалар аткарылбай калды. Он жыл мурун айтылган ойлорду ишке ашыруунун ордуна кайра эле пиар кылып, мактанып жатышат. Азырак сүйлөп, көбүрөөк иштеп коюш керек эле.

Кыргыз бийлиги мамлекетти жогорку технология аркылуу өнүктүрүүнү караган "Таза коом" улуттук долбоорун апрелдин башында жарыялаган. Бул 2040-жылга чейинки туруктуу өнүгүү боюнча улуттук стратегиянын бир бөлүгү экени айтылган.

Кыргызстанда документтерди электрондук түрдө жүргүзүү, электрондук өкмөт түзүү, милициянын ишинин ачыктыгын, ыкчамдыгын камсыз кыла турган “Коопсуз шаар” долбоор көп жылдан бери айтылып, ишке ашпай келет. Кыргыз бийлиги дал ушундай кырдаалды "Таза коом" долбоору аркылуу жөнгө салабыз деп үмүт артып турат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG