Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:35

Өкмөт башчы "Таза коом" эл аралык маалыматтык хаб багытын көздөрүн айтты


Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан Борбор Азия жана Жакынкы Чыгыш үчүн маалыматтык хаб болушу керектигин билдирди. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өтүп жаткан эл аралык "Таза коом" конференциясында билдирди.

Жыйын “Таза Коом. Глобалдык тенденциялар жана кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү" деп аталат. Өкмөт башчы долбоордун максаты - жогорку технологиялык инфраструктураны түзүү, бул үчүн маалыматтык тармакты уюштуруу экенин айтты.

Кыргыз бийлиги мамлекетти жогорку технология аркылуу өнүктүрүүнү караган "Таза коом" улуттук долбоорун апрелдин башында жарыялаган. Бул долбоор 2040-жылга чейинки туруктуу өнүгүү боюнча улуттук стратегиянын бир бөлүгү экени маалымдалган.

Бишкекте өтүп жаткан жыйынга Дүйнөлүк банктын, Түштүк Корея, Сингапур, Молдова, Орусиянын жана башка эл аралык уюмдардын, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, өнөктөштөрдүн өкүлдөрү чакырылган. (SE\KE)

XS
SM
MD
LG