Линктер

шейшемби, 12-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 19:57

Кыргызстанда башкаруу системасын өзгөртмөйүн өнүгүү тууралуу кеп кылып деле кереги жок. Чакан өлкөгө жети облустун, кырктан ашуун район, шаар бийликтеринин кереги барбы?

Ушул жана башка суроолордун тегерегинде белгилүү коомдук ишмер Кемел Ашыралиев ой жүгүртөт.

“Азаттык”: Кемел ага, сиз өмүр бою мамлекеттик кызматта иштедиңиз. Анын учурдагы абалын кандай деп баалайт элеңиз?

Аким бир жылда бир алмаша берет, аким менен да, губернатор менен да элдин иши болбой калды. Ортодон ажырым чыгып, эл тынчтык болсо эле болду, бизге жолтоо болушпасын деп калышты.

Ашыралиев: 22 жашымдан тарта эл менен болуп, кызматка аралашып калдым. Финансы-экономикалык техникумду бүтүп барып бир чоң колхозго башкы экономист болдум. Ал жерде мени комсомолдук уюмдун секретары кылып шайлашты. Мен 18 жашымда партияга өттүм.

Бир ирет биздин комсомолдун борбордук комитетинин пленуму болот дешти, анда Исхак Раззаков сүйлөдү. Ошентип өтө жаш кезимен эл аралап калдым. “Уядан эмнени көрсөң учканда ошону аласың” дейт. Азыр мектепте тарбия болбой калды. Биз онунчуну бүтүп институтка келгенде жоопкерчиликти билип калчубуз.

Азыркы трагедия мында, азыр айылда канча бала окуп атат, канча бала окубай калды – муну эсепке алган эч ким жок. Тыйын санаганды гана билген балдар болбошу керек. Азыр эми эмне үчүн ажырым болуп жатат? Мурдагыны айта берсек, булар карып калган кишилер, өткөндү эңсеп жатат дешет. Өткөн өттү. Азыр айыл өкмөтпү, акимби кызматка келгенде бул жерде канча убакыт иштейм дегенди гана ойлойт. Эптеп бул жерден бирдеме алып калайын дегендер болуп жатат. Аким бир жылда бир алмаша берет, аким менен да, губернатор менен да элдин иши болбой калды. Ортодон ажырым чыгып, эл тынчтык болсо эле болду, бизге жолтоо болушпасын деп калышты. Эгер премьер-министр эл менен жолугуп калса, муну бүтүрүп беребиз, көпүрөңөрдү куруп беребиз, бала бакча ачып беребиз, муну карайбыз, бюджеттен акча бөлдүртүп берем деп кетет. Анан ал аткарылбай калгандан кийин элдин өкмөткө деле ишеними болбой калат. Ошон үчүн жетекчи аткарылбай турган нерсени айтпашы керек, айттыңбы – аткаруу керек.

“Азаттык”: Элдин үнү бийликке жетпей жатабы, деген да ой келип жатат. Мурда акыйкаттык издегендер Москвага чейин барышчу. Азыр эми акыйкатка жеткендер анчалык көп болбой жатат. Мунун таасири өлкөнүн келечегине тийбейби?

Айыл өкмөт болчу киши базарда эле байпак сатып жүргөн, анча-мынча тыйыны бар адам, 11 депутаттын көңүлүн алып коёт да шайланат. Тажрыйбасы жок, бирок кичине тыйыны бар адамдар келип жатат.

Ашыралиев: Система ушундай болчу. Мен көп райондордо иштедим. Районго жетекчи болсоң эл, мектеп, бала бакча дагы башкалар эмес, эгер бирөөнүн жалгыз эчкисинин улагы болсо ошого да жооп бересиң дешчү. Биз ошого жооп берчүбүз, намыстанып иштечүбүз.Эмне үчүн көп төл албайбыз, жүн, сүт албайбыз деп майда-чүйдөсүнө чейин көңүл бурчубуз. Сага бийликти берип, ошончолук сурачу.

Азыр айыл өкмөтүн алалы, аны эл шайлабайт, 11 депутат болсо ошолор шайлайт. Ал айыл өкмөт болчу киши базарда эле байпак сатып жүргөн, анча-мынча тыйыны бар адам, 11 депутаттын көңүлүн алып коёт да шайланат. Тажрыйбасы жок бирок кичине тыйыны бар адамдар келип жатат. Ошол айылда мисалы, 350 миң киши жашаса, бир жылдан кийин 350 адамы жок, 10% жок болуп калат. Минтип отурса төрт жылдын ичинде элинин 40% кетип калат экен, аны кайда кетирдиң деп сураган киши жок. Ага айыл өкмөт жооп бербейт, өкмөт сурабайт. Эки эле өкмөт бар, айыл өкмөтү, анан чоң өкмөт, районго кайрылсаң айыл өкмөткө шылташат. Облуска барса районго баргын дешет. Андан кийин эч жакка баргысы келбей калат.

“Азаттык”: Кемел ага, шайлоо кыргыздын социалдык кеселин ачып койду, түндүк-түштүк, жерге-жээк, тууган-урук, жердешчилик, иши кылып, жеке кызыкчылык алдыга чыгып кетти. Мына президенттик шайлоо да жакындап келатат. Президент баарын башкарат, тескейт, бирок жооп бербейт, ошон үчүн ага кызыккандар көп.

Эгер таза президент келсе, үй-бүлөсү тартиптүү болсо, колу таза, кыргыз элим дей турган болсо түндүк-түштүк маселеси жоголот.

Ашыралиев: Муну президент деле, өкмөт деле айтат, түндүк-түштүккө бөлүнбөйлү деп. Баары айтат. Бирок биздин система бөлүп койгон. Азыр жалаң түндүк-түштүк эмес, бир район да айыл-айылга бөлүнүп калган. "Өзүбүздүн улактан теке салабыз" деп азыр башка айылдан да шайлабай калышпадыбы. Райондор деле ошондой. 44-45 район шаар бар. Ал жердин акими өзүнөн гана болот. Ошентип бөлүнүп калды.

Мисалы, Сузак районунун акимине Ноокен районунун адамын шайлабайт. Ич ара бөлүп салдык, муну башында ойлошубуз керек эле. Мурда түндүктөн түштүккө, ал жерден бул жакка алып келинип коюлчу. Мына мен Нарын облусунда иштедим, ал жерде нарындык жетекчи жалгыз мен болдум да. Ага чейин башка жактан болуп келишти.

Азыр ар бир облуска өзүнөн чыккан гана кадрлар барып жатат. Анан өздөрү бөлүп алышып, эмне үчүн бөлүнөбүз дешет. Эми бул көпкө созулбайт. Эгер таза президент келсе, үй-бүлөсү тартиптүү болсо, колу таза, кыргыз элим дей турган болсо түндүк-түштүк маселеси жоголот. Жөндөмүнө карап кадрларды аралаштырып койсо, туруктуу болсо жана партияларга бөлүп алып, министрликтерди бөлүп алып, эч тажрыйбасы жок адамды кызматка коюп атабыз. Ал үйрөнгүчө эле эки жыл өтүп кетип атат. Туруктуулук министрлерде эле эмес, өкмөт башчысын коюуда да болбой жатат.

Маектин толук вариантын аудиодон угуңуздар

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" интернет-редактору, журналист, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG