Линктер

шаршемби, 23-август, 2017 Бишкек убактысы 06:49

Жангарачева: Парламенттик башкаруунун бечелдигине партиялар себепкер


Мира Жангарачева.

Кезектеги коногубуз Мира Жангарачева 1990-жылдары вице-премьер-министр, парламент депутаты болуп, кийинчерээк эл аралык уюмдардын өнүктүрүү программалары менен иштешкен, социалдык тармакты өнүктүрүү жаатында тажрыйбасы мол адис.

Мурдагы вице-премьер Мира Жангарачева айым "Азаттыктын" студиясында конокто болуп, кыргызстандыктардын учурдагы социалдык абалы, Жогорку Кеңештин азыркы ишмердиги жана бүйүр кызыта талкууланып жаткан "Таза коом" долбоору жаатында өз ойлорун ортого салды.

“Азаттык”: Учурунда сиз вице-премьер болуп иштедиңиз, парламент депутаты болдуңуз, социалдык маселелерди чечүүгө тиешеңиз болду. 1990-жылдар менен азыркы учурдун окшоштугу менен айырмачылыгын жакшы билесиз. Азыркы социалдык өлчөмдөрдүн көрсөткүчтөрү тууралуу эмнелерди айта аласыз?

Мира Жангарачева: Ушу тапта коомдо болуп жаткан процесстердин эң маанилүүсү мына ушулар. Мага коомдук өнүгүүнүн кош деңгээли менен бул жылдарды салыштыруу алгач майнапсыз иштей көрүнгөн. Мен иштеген 1995-жыл эгемендиктин алгачкы мезгили болчу, советтик замандан калган опсуз чоң социалдык инфраструктура мурдагы күүсү менен эле иштеп жаткан. Мына ошол акыркы демине чейин токтолбой акырын кыймылдап жаткан тармак көз карандысыз мамлекеттердин, анын ичинде биз да барбыз, энчисине тийбедиби. Кедейликтин деңгээли да башкача болчу, ИДП көлөмү да азыркыдан айырмалуу эле.

Азыркы коомдуку таптакыр башкача. Бул тапта коомдун потенциалын камсыздап турчу социалдык ресурстар, адам ресурстары, такай бөлүнүп келчү бюджеттик каражаттар абдан оор, адам ыйларлык абалга туш келди. Мурда социалдык тармактын өнүгүшүнө 30–40% каражат бөлүнчү, ал акча жетиштүү болчу, мамлекет кепилдигин алгандардын баарын болбосо да бир тобун камсыз кылууга жетчү.

Өкмөттүн отчету: сын менен мактоо аралаш

Айрым депутаттар "Коопсуз шаар" долбоорун "Таза коом" долбоорунун алкагында ишке ашыруу аракетин сынга алышты жана сот иштерин күтпөй чукул арада ишке ашыруу керектиги айтылды.

“Азаттык”: Андай опсуз көп каражаттарды социалдык тармакка бөлүү ушул тапта өзүн актап жатабы?

Мира Жангарачева: Менимче, бул тармакка бөлүнгөн опсуз каражаттарды ойкелди жумшабашыбыз керек эле. Социалдык тармакты бюджеттештирүүгө багытталган каражаттар өнүктүрүүгө эмес, көмөктөшүүгө гана багытталышы керек. Кыязы, бул каражаттар базар-нарк мамилелерин орнотууга мүмкүндүк берип, ошону өнүктүрүүгө жумшалса болмок. Бизде болсо базар-нарк мамилелерине өтүү социалдык объекттерди, саламаттыкты сактоо, билим берүү секторлорун менчиктештирүү менен бүттү-бүттү болду. Бирок да толук реформалоо, көз карандылыкты четке кагып, калктын кайсы бир тобун бөлүп, алардын өз алдынча акча иштеп табышына, бул жүрүмгө таасир көрсөтүп, ага жеке секторду кошуп, бизнес-өнөктөштүк аркылуу социалдык программалар менен долбоорлорду колдоого алуу жагы бизде аткарылган жок

“Азаттык”: Ар кыл жыйындарда жаштар, жаштар саясаты тууралуу көп айтылат. Бирок, тилекке каршы, жаштардын көбү акча табыш үчүн чет жерлерде иштеп, башка өлкөлөрдө айласыздан жүрүшөт. Жаштар арасына жайылган кайсы тенденцияны сиз опурталдуу деп айтат элеңиз?

Абитуриент жаштар.
Абитуриент жаштар.

Мира Жангарачева: Өлкө алдындагы жоопкерчилигин ойлонгон, мамлекетин өзгөртүүгө кызыкдар ар бир адам үчүн бул өзү акыйкатта да аялуу тема. “Демографиялык терезе” деген принцип бар. Бизде демографиялык планда мындай мүмкүнчүлүктү, айталы, мындан он жыл илгери пайдалансак болмок. Биздеги калктын 42%ын 20 жаштан 24 жашка чейинки жаштар түзөт. Башка өлкөлөрдө - Сингапур, Түштүк Корея, Малайзия – мындай мүмкүнчүлүктү пайдалана алышты. Алар бул проблеманы жакшы иликтеп, жаштарга жумуш орундарын даярдашты, окуу системасын жолго коюшту, даярдоо, кайра даярдоону ишке ашырышты. Мына ушул адамдар, жетилген жаштар, жакшы билим алып, коомдук турмушка аралашып өздөрү жашаган өлкөнү өзгөртүүгө киришти. Биз мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып алдык. Азыр өлкөнү өзгөртө алар жыйырмадагы жаштар жумушу жок отурушат. Арасындагы тыңдары, аракетчилдери лицейлер менен кесиптик окуу жайлардан билим алууга жетишти.

Бактыга жараша бизде кесиптик-техникалык билим берүү системасы жакшы иштейт. Бирок андан чыккан кадрлар – фрезерчилер, сантехниктер, жыгач усталар, курулушчулар, шыбакчылар, кафель койчулар – Орусия менен Казакстанга иштөөчүлөрдү даярдайт. Бул жерде калып иштеген жаштар деле бир топ, бирок бул - башка жаштар. Айылдарда азыноолок жаштар калды. Шаарда адамдар кандайдыр бир айла-амалдар менен жашоо күнүн кечирүүдө. Ошон үчүн бул жакка агылып жатышпайбы. Бул жерде адамдар окуй алышат, ордун таба алат, кандайдыр бир иштерди таба алышат. Айылдардагы жаштардын проблемасы чечиле элек.

“Азаттык”: 2010-жылкы окуялардан кийин Кыргызстан башкаруунун парламенттик түрүнө өтөөрү жарыя кылынды. Ага улай 2010-жана 2016-жылдары Конституциянын эки жаңы редакциясы кабыл алынды. Анткен менен азыр башкаруунун парламенттик түрү тууралуу баштагыдай жалындуу сөздөр сүйлөнбөй калды, көпчүлүк аны аралаш система катары кабылдоодо. Азыр парламент чечүүчү сөздү айта алабы, сиз ушуга кандай карайсыз?

Мира Жангарачева: Чынында эле ошондой чечим кабыл алынганда, мен да аябай сүйүнгөм, коомчулук да парламенттик республика идеясын жакшы колдоп берди окшойт. Биз дүйнөлүк тажрыйба деп атпайбызбы. Парламенттик республикалар ушу тапта демократиялык өзгөрүүлөр, адам укугунун ишке ашырылышы жаатында ири ийгиликтерге жетишүүдө. Аны менен эле тим болбой, экономикалык, социалдык өнүгүү жагынан да алдыга озуп баратышат. Бизде да жакшы үмүт пайда болду эле. Бул эми болор жумуш.

Бирок да биздин өлкөдө буга чейин боло келгендей, жакшы идея биздин улуттук кыртышка келгенде, менимче, теңирден тескери жыйынтыкка алып келди. Шайлоону алалы, партиялык түзүмдөрдү алалы, партиялардын шайлоого таасирин айталы ... Менимче, мунун баары биз күткөндөгүдөй болбоду. Жемкорлук... Баары кантип партиядан депутат болууну билет, депутат болгондо да алдыңкы ондукка кимдер канча акчасы менен кошуларын баары жакшы билишет.

Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Коомдук турмуштагы эң негизги позицияны ээлеген Жогорку Кеңеш өзүнүн башкы милдетин унутта калтырбашы керек, ал – мыйзамдардын аткарылышына көзөмөл кылуу. Коомдо жүрүп жаткан процесстер менен түзүлгөн жагдайга жараша кабыл алынган мыйзамдардын аткарылышы көзөмөлдө турушу абзел. Биздеги мыйзамдарды жаман деп айтыш кыйын, бизди өксүткөн маселе - алардын иштебей жатышы. Парламенттик республика болсок эле мыйзамдар иштей баштайт деп ойлогом. Тилекке каршы, андай болгон жок. Парламенттик республика атын алгандан кийинки жагдайдын начар жагына ооп кетишине барып-келип эле партиялар себепкер болушту. Партиялар коомду демократиялык өзгөрүүлөргө багыттабастан, кайсы бир адамдардын гана байышына жол ачкан саясий түзүм болуп калды.

Менин тилегим аткарылбады. Азыр мен эски тасманы коюп, “легендарлуу парламентти” эстейм. Парламент мүчөсү катары мыкты инсандар, күчтүү адамдар менен чогуу иштештим. Азыркыдай айласыз парламент кайдан болсун. Бирөөлөргө катуу тийбесин, жумшагыраак айтайын, мындай "колхоз" дегеле болгон эмес. Оюн так түшүндүрүп бере албаган, бул жерге эмне үчүн келгенин билбеген адамдар отурушат. Мамлекеттик масштабда ой жүгүртө албаган, кокту-колоттон чыга албай калган тар түшүнүктөгү адамдар.

“Азаттык”: Эми шайлоого келсек. Шайлоодон чыккан кагылыш-сүрүлүштөрдү Кыргызстан бир нече ирет башынан кечирди. Быйыл өлкөнү үлкөн саясий окуя – президенттик шайлоо сынагы күтүп турат. Таза шайлоо өтөрүнө сиз ишенесизби?

Мира Жангарачева: Эми мен ишенбейин десем, кичине келишпей калчудай. Ушундай белгилүү айым, өлкөнүн таанымал кишиси ушинтип айтып турса, бизге эмне шам деши ыктымал. Ага карабай эле айтып коёюн: ИШЕНБЕЙМ!

Шайлоодогу добуш берүү учуру.
Шайлоодогу добуш берүү учуру.

“Азаттык”: Жуп президенттик шайлоонун алдында “Таза коом” долбоорун талкуулай башташты. Туруктуу өнүгүү маселелеринин көз карандысыз эксперти катары айтсаңыз, биздин аткаминерлер алдыга жайган долбоор аткарылабы?

Мира Жангарачева: 25 жыл ичинде кабыл алынган программалардын түгөл баарын бул жерден эсептеп, баарына баа берип отурсам, анымдын эч кимге кереги деле жок. Бул жаатта топтогон тажрыйбам бар го. Башында мен андай программалардын жөн гана аткаруучусу, кийин жогорку деңгээлдеги улуттук программалардын түзүүчүсү да болдум. БУУӨП (ПРООН) системасында, эл аралык уюмдарда 15 жыл иштеп, эксперт, бул процессти координациялап, колдоо көрсөтчү жергиликтүү офис жетекчилеринин бири болдум. Ушундан улам бул идея абдан керектүү, учурунда чыккан деп айтар элем.

Анын керектүүлүгүн айтып отурбайын, дүйнөдө аны алда качан эле киргизип алышкан. Андайлардын соңкусу Грузия болду окшойт. Биздикилер ал жакка барып келишкен. Үйрөнүп эле жатышчу, эмнеге үйрөнүшкөнүн билбейт экем. А бирок ал кандай ишке ашат, бул башка иш. Эң мыкты сунуш берилди, чоң жыйын чакырылды, ага келишкен адамдар. Гутерриш, эл аралык донорлордун келиши. Телекөрсөтүүдөн түшпөгөн маекти көргөн соң баары сонун болуптур деп ойлоп калдым.

Анан ойлонуп отурбаймбы, эми аны кантип ишке ашырышат? Буга чейин эчен ирет колдонулуп, сындан өткөн механизмдер бар, тепкичтери аныкталган, мындай программаларды ишке ашыруунун жолдору белгиленген.

Башында идея чыгат, идеяда кынтык жок, мыкты. Анан кереге-ууктары кетет – бул өзү эмне болот? Менин билишимде, тагыраагы, угушумда, программа түзүүчүлөр министрликтерге кайсы бир өтүнүчтөрдү жөнөтүшүптүр. Министрликте отургандар эмнени каалашарын ырастаган жоопторун беришиптир. Бул программага эмнелерди киргизүүнү сунушташыптыр. Бизде дайыма боло келгендей, "колхозчосунан" болуптур. Буга күлкүң гана келет да.

Айыл чарба министрлигин алалы. Ал жерде аткаминер отурат, опсуз чоң штат, 60ка жакын түзүмдөр. Баары иштеп отурушат да, эмне жасалып жатканын билишпейт. Айыл чарбасы жок болгон, эч нерсе жасалбайт. ЕАЭБге, бажы биримдигине киргенден бери проблемалар дагы татаалдашып, аткаминерлерге кыйын болуп калды.

Анан ушул кишилер “Таза коомду” таптаза аткарышты эле каалап отурат дейсизби? Аларга “Таза коомдун” деле, “Тынч коомдун” деле кереги жок, аткаминерлерге тынч отуруп, карынды кампайтып, түштө нык тоюп, кайра кайкалап ишке келип, карта чаап, соцжеледе убакыт өлтүрүп отуруу гана керек. Ушул...

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG