Линктер

шейшемби, 27-июнь, 2017 Бишкек убактысы 20:19

Кесип тандоо көйгөйү тууралуу замандашыбыз Нуркамил Абдуллаевдин баяны.

Кээде түштөнүүдө чайханага бармай адатым бар. Азыр биздин райборбордо оо илгертен аксакалдар чай ичишип, сухбат курган ушул эле чайхана калды. Калгандары заман талабына ылайык кафеге айланып кеткени ырас. Акыбалы мактангыдай болбогону менен кайнаткан чайы, жапкан наны, бышырган тамагы түзүк. Тоюмдуу, анан арзан. Бул жерге көбүнчө мага окшоп акыйып айлык караган интеллигенция өкүлдөрү көп баш багышат.

Бүгүн мында кире калсам, беш жыл студенттик күндөрдүн ачуу-таттуусун бир таткан мугалим досум отуруптур. Ал терең ойго чөмүлгөн. Ал жай сурашкан соң, чай чайпаганча өткөн-кеткендерден сүйлөштүк.

"Жыл сайын май айынын этегинде жалпы республикалык тест өткөрүлгөн сайын өзүмдүн башымдан өткөн окуя кыялыма кылт эте берет",- деп кеп баштады мугалим досум.

"Шаардан айылга келип, ошол эле жылы мектепке ишке кирдим. Мектеп жамааты “койгула, колумдан келбейт” дегениме койбостон “жашсың, эптейсиң” дешип, анча-мынча эжекелерге баш бербеген 8-класстын тентек балдарына класс жетекчи кылып “дайындап” коюшту. Өзүң билесиң, биздин айылда башка улуттун өкүлдөрү да жашашат эмеспи. Иши кылса, балдарды башкаруу бир топ кыйынга турду.

Антип-минтип классымды ынтымакка алып келгиче, арадан эки-үч жыл көз ачып жумганча өттү. Анан эле баягы мадыра баш окуучуларым 11-класстын астанасын атташты. Ошондон баштап кесип тандамай “кесели” менен оорушту. Тарбиялык саатыбыз жалаң ушул тема менен өтөт. Баары кайсы кесиптин ээлери болорун билишпейт. Ар нерсени бир айтышат. Дегеним менен дымактары күчтүү. Класстагы эркек балдардын жарымынан көбү юрист, милиция болгулары келет. Калгандары “эй, Россия, бир боор энем” деген саптарды көбүрөөк айтышат. Орусияга барышып, акча иштеп, машина алышарын, заңгыратып үй салышарын кыялданышат. Кыздарыбыздын арасында Гиппократтын антын ичкен дарыгер болобуз дегендери басымдуу. Калгандары артист, анан көгүлтүр экрандан түшпөгөн дикторлукка “ашык” болгонун айтышат. Иши кылса ушундай..."

Анан эле бир күнү ушул тема дагы козголуп калды. Классыбыздагы окуучулардын катарына жаңыдан кошулган Зафардан: “Сен кайсын окуу жайына тапшырасың?”,- деп сурап калдым. Ал ордунан туруп:

"Мен атамдын жолун жолдоп өтүкчү болом",- деп жооп берди. Анын оозунан ушул сөз чыгары менен балдар “дуу” күлүп жиберишти. Ананчы, биздин балдар үчүн жайы-кышы бир буткада өтүк тигип отурганды элестетүү чындыгында кыйын... Күлкү келээрлик көрүнүш.

Бирок Зафардын жүзүн алардын күлкүсү кызартпады. Каршысынча ал болочоктогу кесибинин артыкчылыгы менен сыймыктанды. Класста талаш-тартыш күч алгандыктан, кеп тизгинин өз колума алдым.

"Балдар, мына бул эмне?" - деп жерди тептим.

Окуучулар баары таң калган түр менен:

"Жер", - деп жооп беришти бир ооздон.

"Кимдин жери?" - деген суроону кайрадан узаттым.

"Биздин жер",- деп божурашып жиберишти.

"Туура айтасыңар, бул - биздин жер. Билесиңерби, биздин жер тоолорго, ал эми тоолорубуз кен байлыктарга аябай бай. Өкүндүргөнү, ошол тоолордогу кен байлыктарды биздин эмес, чет элдиктердин геологдору изилдеп жатпайбы. Эмне өз тоолорубуздун коен жатагына чейин билген силердин араңардан геологодор чыкса болбойбу? Ушул жөнүндө ойлонуп көрбөйлүбү? Айтмат, сенин канча коюң бар?"

"Жыйырма беш!"

"Нурбек, силердин канча малыңар бар?"

"Беш!"

"Адыл, билем сен, атка аябай кызыгасың. Канча жылкыңар бар?"

"Бээлерди кошкондо он эки".

"Карагыла, айылыбыздагы ар бир үйдө мал кармалат. Бирок кыштагыбызда бир да мал доктур жок. Мисалы, мен Адылдан күчтүү ветеринар чыгарына ишенем. Бахадыр чачтарач болом деп жолун туура тандаптыр, менимче". Анан:

"Мына бул эмне?", - деп колумдагы телефонумду көрсөттүм.

"Телефон".

Балдар жооп беришти.

"Азыр айылдагы ар бир үйдө жок дегенде экиден телефон бар. Ал эми айылыбызда бир да телефон оңдогон киши жок. Бузулса баарыбыз райборбордогу телефон оңдогон бирин-экин күркөлөрдү “сагалайбыз”. Буга эмне дейсиңер?... Канаттын балдардын чачын алып жүргөнүнөн кабарым бар. Ушунуңду улантсаң жакшы болмок. Үй-бүлөңө да жардамың тиймек. А сен юрист болом деп жатасың. Азыр таш ыргытсаң юристке, экономистке тиет. Айрымдарынын дипломдору саргайып сандыкта жатат. Өздөрү болсо чет өлкөлөрдө кара жумуш менен жан багышууда. Мен мындайлардын канчасын билемин.

Тимур, сен темирге жакынсың. Айланабызда машина алгандар күн сайын көбөйүүдө. Бирок бизде бир да автоунаанын тетиктерин оңдой турган жайыбыз жок. Ал үчүн да саргайып, райборбордо кезек күтүшүң керек. Мисалы, Замирадан мыкты чебер, Гүлмирадан мыкты ашпозчу чыкса керек. Зафар туура айтат, ар ким шыгына жараша иш тутуусу керек. Ооба, жогорку билимдүү болгон жакшы. Ошол эле учурда элдин кызматын кылып, өнөр үйрөнгөн андан жакшы".

Ушинтип балдарга жан дилим менен кеңеш берип, сөзүбүз аябай кызыганда, танапис болуп калды. Кийин акыркы коңгуроо, бүтүрүү экзамендери сыяктуулар менен алаксып, бул темага кайрылганыбыз жок.

Ошентип, ал жылы окуучулар бүтүп кетишти. Айткандай эле классыбыздан беш бала юристикке, үчөө экономисттикке, кыздарыбыздын көбү мугалимдикке, бирөө гана мединститутка окууга кирди. Сураштырсам, ата-энелеринин каалоолору менен ошентишиптир.

Андан бери далай суулар агып, кеч-кирип, таң атты. Азыр ЖОЖдорду бүткөн окуучуларымдын дээрлик бардыгы Орусияда. Айрымдары курулушта, кээ бирөөлөрү жүк ташуучу, дагы бирлери күзөтчү - иши кылса кара жумушта. Кээде жолугушуп калабыз. Айтор, мени менен кабарлашып турушат. Ошондо айрымдары университетте беш жыл убактысы кеткенине кейисе, кээ бирлери “бешенеге ушундай жазылыптыр да” деп тагдырга там беришет. Арасында контрактка, сессияга кеткен акчасын санап, баштарын чайкап, “ушунун ордуна өнөр үйрөнбөппүз” деп өкүнгөндөрү да жок эмес.

Кечээ 25-майдын арапасында чачымды алдырайын деп Бахадырдын чачтарачканасына баш бактым. Кирсем кезек күткөн жаштар толтура. Баары бүтүрүүчүлөр. Бахадыр жана анын үч шакирти колу-колуна тийбей кызматта...

Ал эми Зафар болсо өз алдынча иш баштаган. Ал бир нече балдарды иштетет. Быйыл эрте жазда Канат менен Тимур Иркутскийден келип, ден соолугубуз кыйынап жатат деп, дарыланышып кетишти чамасы.

Быйыл да он биринчи классты жетектедим. Алар азыр мектептен учканы калышты. Кесип тандоо боюнча атайын ата-энелер менен баарлашсам, жарымынан көбү балдарын Орусияга, болгондо да кесип-өнөрү жок кара жумушка жөнөтө тургандыгы маалым болду. Кээ бирлери болсо балдарын жогорку окуу жайларына окутарын, алардын чиновник болуусуна кызыкдар экенин байкадым.

Мен түшүнбөймүн, досум. Мынча биз балдарыбыздын папке кучактаганына аябай кызыкдарбыз. Ага абдан талпынабыз, акча каражат сарптайбыз. Анан аныбыз дипломго ээ болгон соң, иштегенге иш таппайт. “Бар, эми кеткен чыгашаны акта дегенсип, мигрант катары чет өлкөгө айдайбыз”.

Башкалар башкача иш тутушат. Балдары бешиктен бели чыгары менен өнөргө, кесипке багыт беришет. Акчага сарамжалдуу мамиле кылууну үйрөтүшөт. Ишенесиңби, классымда мотор жасай турган таланттуу бала бар. Эй, ошонун атасына айттым: “Балаңыз темир-тезекке кызыгат. Машина оңдогон бирөөгө шакирттикке бериңиз. Кепилдик берем, беш айда эң күчтүү моторист болуп чыгат”.

Атасы болсо: “Жок, уулум юрист болушу керек. Өзүм юрист боло албай калдым. Жалгыз уулум болсо, аны окутпай кимди окутам?" деди. Канча каражат кетсе да ушунумду юрист кылам”,- деп маанайды бузат. Мындайлар канча дейсиң. Ушундай ата-энелер балдарын кызыкпаган тармакка окутуп, майып кылышат, таланттарын өчүрөт.

Мугалим досум чын жүрөгүнөн кейип алыптыр. Мен да ага кошулуп кейидим, сөзүн кубаттадым. “Жетелеген ит ууга жарабайт”,- дегендей, ата-эненин каалоосун аткарам деп, өздөрүн “курмандыкка” чалган жаштарды аядым. Экөөбүз көпкө чейин кейип-кепчип отурдук. Ким билет, балким биз туура эмес кейип жаткандырбыз...

Нуркамил Абдуллаев

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG