Линктер

шаршемби, 26-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 21:33

Алиев: Мамлекеттик кызматтын кадыры кетти


Эсенкул Алиев

Эсенкул Алиев жарым кылымдан ашуун мамлекеттик, чарбалык кызматтарда иштеген. Мамлекеттик кызмат жоопкерчилигин терең сезген, узак жылдар Кыргызстандын түндүгүндө, түштүгүндө, батышы менен чыгышында бийлик койгон милдеттерди аткарган.

Эсенкул Алиев кепти социализм тушундагы мамлекеттик кызмат жайынан баштады.

Эсенкул Алиев: Мамлекеттик кызмат ар түрдүү да. Мисалы, саясий кызмат бар, өкмөттүк кызматтар бар. Ар бир кызматта негизинен эле пландуу тапшырмаларды аткаруу, экономиканы көтөрүү болгон.

Советтер союзу кезинде бардык мекеме, мейли колхоз болсун өндүрүштүк-каржылык план түзүлчү. Кандай болгондо канча каражат менен ошол деңгээлге жеткирүү аныкталчу. Ал реалдуу план болчу. Анан өзүңдүн билимиң, тажрыйбаң менен элди уюштура алсаң, материалдык ресурстар менен элди камсыз кылсаң - мамлекеттик кызматтан көтөрүлө бересиң, орден-медалга айланасың. Аны аткара албасаң - кызматтан түшөсүң, мамлекеттик кызмат ушундай болгон. Азыр дайыны жок эле коюп коюшуп, колунан келбесе кызматтан алып жатпайбы.

Өкмөт өкүлүнүн кадыры канча?

Өкмөт өкүлүнүн кадыры канча?

Кыргызстанда саясий адистер жергиликтүү бийлик жетекчилери айрыкча шайлоо алдында өзгөчө мааниге ээ болорун айтып келишет.

Ал кезде кызматка коюлган адам алдына коюлган планды аткарууга мүмкүнчүлүгү болгон. Райондо, облуста, республикада план түзүлөт. Ошонун баары кынтыксыз иштегенде республиканын планы жыл сайын толуп, Турдакун Усубалиев ошон үчүн 25 жыл иштеди да. Улам бир кишини Министрлер советинин төрагасы кылды.

Анан мамлекеттик кызматка талапкерди тандаганда колунан келе турган кишилер гана өтчү. Акча берип, тааныштык менен кызматка өтүү мүмкүн эмес эле. Себеби, бир кишини кызматка коюу үчүн бирге иштеген үч кишиден мүнөздөмө алат эле. Эгер туура эмес жазса ошол кол койгондор биринчи жооп беришчү. Азыр андай жок болуп жатпайбы.

Мамлекеттик кызмат абдан барктуу болгон. Мамлекеттик кызматка жетүү үчүн атайын даярдыктан өткөн, билимин өстүрүп, тажрыйбасын арттырып анан кызматтан-кызматка көтөрчү. Эми ачыгын айтуу керек ал кезде деле түндүк-түштүк, саяк, сарбагыш деген бөлүнүү болгон.

Таластан, тигил-бул жактан дегенде кадрларды регион боюнча тандашчу. Мисалы, мен Ысык-Көл облаткомдун төрагасы болуп турганымда Усубалиев чакырып: "жолдош Алиев, сизди башка жакка которуу жөнүндө сөз болуп атат. Бизди Москвадан сурап жатат. Ысык-Көл облусунда 33% орустар жашайт экен. Обком же облисполкомдун бирөөнө орустан коёсуңар деп жатат" деди. Менин ордума Пенкин деген бирөөнү алып барып мени башка жакка которду. Мамлекеттик кызматты да, Москваны да эске алуу керек болгон. Бул айта берсе түгөнбөс нерсе, өтө эле көп, суроо берсең мен айтып берем.

"Азаттык": Эсенкул аба, азыр мамлекеттик кызмат аябай кирешелүү бизнес болуп калды дешет. Сиз да ошондой ойдосузбу?

Эсенкул Алиев: Бизде азыр мамлекеттик кызмат деген жок, жөн эле жоголуп калды. Мунун баарын парламент бузду. Мен айыл чарба кызматкеримин, 50 жыл ушул тармакта иштедим. Айыл чарба министрине айыл чарбаны билбеген эле кишини коюп жатпайбы. Себеби тигил партияга ушул министрлик өтүп калыптыр. Анан таанышын же шайлоого каражат жагынан колдоо көрсөткөндү коюп коюшат экен. Бизнес болуп калганы чын, андай болчу эмес эч качан.

"Азаттык": Минтип мамлекеттик кызматка ат үстүнөн жөн салды мамиле кылуунун натыйжасы эмнеге алып барат?

Эсенкул Алиев: Натыйжасы экономика начарлайт, элдин турмушу ылдый кетет. Бекеринен айтышпайт, элине жараша парламент, парламентине жараша өкмөтү болот. Элдин да буга акылы жетпей жатпайбы.

Өткөндөгү шайлоодо мен гезитке жаздым. Жалаң ичкен-жегендер шайланып жатат дейсиңер. Мындан кутулуунун жолу бар. "Баарына каршы" деген турбайбы, ошону чийип салгыла дедим. 50% ошентип каршы чыгып койсо экинчи жолу талапкерлигин коюуга акысы жок. Жаңы муун кызматка келиши үчүн ушуну түшүндүргөн киши жок. Же элдин түшүнгүсү келбейби? "Мен ага убада берип койгом" дешет.

Нарында шайлоо болуп ал кездеги Оштун губернатору Накен Касиев менен "Дордойдун" чоңу Аскар Салымбеков атаандашып калышпадыбы. Экөө тең Ат-Башыдан. Мен бул жактан угуп атам да. Журналист келип Касиевди шайлайбыз дегенсиңер, эмнеге Салымбековду шайладыңар, десе. "Ооба, шайлайбыз дегенбиз. Бирок Салымбековду шайладык" деп жатышат. Бизнес деген ушул. Бул элдин аң-сезимин кантип оңолорун билбейм, журналисттер силер эле оңобосоңор. Элди өзгөрмөйүн муну өзгөртүү мүмкүн эмес экен.

Маекти толугу менен "Азаттыктан" уга аласыздар:

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG