Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:31

Депутат беделин беш миллион сомго баалады


Бакыт Төрөбаев.
Бакыт Төрөбаев.

Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев "Де-факто" гезитин сотко берди.

Буга аталган басылмадагы Төрөбаев "Максим Бакиевдин долбоору" деген аталыштагы макала негиз болду. Гезиттин редактору Амантур Мусагул уулу мындай арыз тууралуу кабары жок экенин айтып жатат.

Байкоочулар президенттик шайлоо алдында саясий оппоненттердин бири-бирин жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу каралаган, жамандаган учурлары көбөйөрүн белгилешет.

"Өнүгүү - Прогресс" фракциясынын катчылыгы "Де-факто" гезитинин 21-апрелдеги санындагы "Бакыт Төрөбаев - Максим Бакиевдин долбоору" деген аталыштагы макаласы үчүн Бишкектеги Ленин райондук сотко кайрылышканын кабарлады. Анда бул макала "чындыкка коошпой турганы, инсандык кадыр-баркка шек келтирери" айтылат.

Бакыт Төрөбаевдин жактоочулары сот аркылуу "Де-факто" бул макаланы жокко чыгарып, моралдык компенсация катары беш миллион сом төлөп беришин талап кылып жатат.

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Исхак Масалиев Төрөбаевди мурдагы бийлик менен байланыштырып каралоону сынга алды:

- Гезиттер божомолдорду, болбогон нерселерди жазганга уста болуп калышты. Калпты жазышат, кээ бир сайттарды көргүң да келбейт. Төрөбаев, Мадумаров, Келдибеков, кыскасы баары эле жаман. Бирок чек болушу керек. Бири-бирин "бакиевчил, акаевчил" деп жатышат, алардын кеткенине канча жыл болду? Ошол мезгилде чогуу иштешкен деп айтса болот, бирок бир эле Төрөбаев эле иштеген эмес да. Андан башка деле талапкер болчулар деле ошол учурда ийгиликтүү, жакшынакай иштеп, Максим Бакиев менен кызматташып жаткан. Азыркы президентибиз деле ошол учурда премьер-министр болгон.

"Де-фактонун" башкы редактору Амантур Мусагул уулу "Азаттыкка" комментарий берип жатып, Бакыт Төрөбаевдин арызын биринчи жолу угуп жатканын айтты. Аталган басылма соңку кездери Төрөбаевди жамандаган материалдарды жазбай калганын билдирди:

- Бул боюнча маалыматым жок. Бакыт Төрөбаев тууралуу кайсы күнү кандай материал чыкканы эсимде жок. Бирок дал ушул Төрөбаев боюнча кайсы бир кишилердин кийлигишүүсү менен эч кандай терс материал жазбайлы деп мен эки-үч сандан бери тыюу салгам. Төрөбаев мырза да ушуну эске алса болмок сотко берерде.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков болсо бийлик саясий оппоненттерин ар кандай басылмалар аркылуу жамандап жатат деп эсептейт:

- Айрыкча бийликте отурган саясатчылардын ЖМКны сотко бергени жакшы көрүнүш эмес. Колунан келишинче жаман сөзгө, туура эмес айтылса да чыдаганга аракет кылышы керек. Бирок бул негизинен көз карандысыз, эгемен ЖМКларга тиешелүү көз караш. Эгерде бийлик "Де-фактого" окшогон гезиттер аркылуу өздөрүнө жакпаган адамдарды жамандаганда Бакыт Төрөбаевдей фракция лидерлери, эгемендүү саясатчылар сотко берсе, бул кандайдыр бир деңгээлде акталган аракет деп айтаар элем. Буга окшогон саясий гезиттер кандайдыр бир деңгээлде ЖМКнын катарына кирбейт деп айтат элем. Бийлик атайын түзүп алып, ошол аркылуу жамандайлы деп максат кылган.

Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын мурдагы депутаты Мээрбек Мискенбаев мындай дооматты негизсиз деп билдирди. Анын пикиринде, Бакыт Төрөбаев бийликке саясий оппонент боло албайт:

- Азыр тескерисинче баары эле бийликти жамандап жатпайбы. Баарын эле бийлик кылып жатат деп жатышпайбы. Өздөрү ийгиликке жетпей калса же иши болбой калса деле бийлик күнөөлүү деп жатышат. Баарын эле бийликке шылтай берген болбойт да. Бакыт Төрөбаев оппонент деле эмес го. Анын деңгээли башка да эми. Бийлик оппонент кылгандай анча деле чоң фигура эмес. Ал өзүнүн ар-намысын беш миллион сомго баалаганына таң калып жатам. Мен муну туура эмес түшүнөм. Мени деле жамандап жазып жатышат, эми бул журналисттердин иши да. Барып эле такташып алса болот. Бакыт мырзанын сотко кайрылганын туура эмес деп эсептейм. Президент болом деген саясатчылар сын-пикирди көтөрө билиши керек. Баарына жооп берүүгө тийиш. Эми алардын баары "аппак, жумшак" эмес да. Кыргызстан кичинекей эле, президенттикке бараткандардын ким экенин билебиз да.

- Айрыкча бийликте отурган саясатчылардын ЖМКны сотко бергени жакшы көрүнүш эмес. Колунан келишинче жаман сөзгө, туура эмес айтылса да чыдаганга аракет кылышы керек.
Равшан Жээнбеков.

Анткен менен саясий каршылаштардын жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу бири-бирин каралаган аракетин сынга алгандар бар. Социал-демократтар партиясынын мүчөсү Ренат Самудинов шайлоо өңдүү саясий жараяндарда план-программалардын кармашы болбой жатканына өкүнөрүн айтты:

- Бул саясий элитанын эле чабалдыгы. Шайлоо астында бири-бирин жамандап, каралап күрөшпөй программалардын, идеялардын, мамлекетти чындап, оңдоочу нерселердин талашы болсо жакшы болмок. Бүгүнкү күндө саясий элита программа иштеп чыкканга, идея сунуштаганга, көйгөйлөрдү чечүүнүн жолун тапканга чабал болуп жатат.

Бакыт Төрөбаев, азыркы өкмөт-башчы Сооронбай Жээнбековдон сырткары парламенттеги "Республика-Ата-Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов менен мурдагы премьер-министр Темир Сариевдин да президенттик шайлоого катышары маалым болгон. Буга чейин Бабанов менен Сариев жол оңдоо маселелери боюнча кайым айтышканы белгилүү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG