Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:06

Жаштар жана саясий жоопкерчилик


Жаштардын кыргыз саясатындагы орду жана мүмкүнчүлүктөрү кандай? “Жаңы муун" саясий кыймылы уюштурган талкууда ушул маселе талкууланып, ага республиканын бардык аймактарынан келген жаштар катышты.

21-июнь күнү чакан бизнестен мамлекеттик чек арага чейинки көйгөйлөр көтөрүлгөн жаштардын бул талкуусу саясатка, тагыраагы, келе жаткан президенттик шайлоо маселесине такалды.

“Жаңы муун” кыймылынын мүчөсү Айбек Бусурманкулов жаштар саясий жоопкерчиликти өз колуна ала турган мезгил жеткенин белгиледи.

- Биздин чакырык – биз жоопкерчиликти алалы, коомдук саясий-иштерге аралашалы, өз позицияны билдирели. Ар бирибиздин тагдырыбыз өз колубузда, - деп айтса, жарандык активист Мавлян Аскарбеков жаштар саясий курал болуп жатканын белгиледи:

- 2005-жылы да, 2010-жылы да, андан кийин шайлоолордо да жаштар негизги курал болуп келе жатабыз. Бирок биз көз карандысыз саясий күчкө айлана албай жатабыз. Ошондуктан биригүү аракетин чогуу көрсөк деген ой.

25 жылдан бери элита алмашуу болгон жок. Жаштар арасында өсүп калган, кесипкөй, компетенттүү ресурс бар.
Марс Сариев

Саясат таануучу Марс Сариев жаштардын бул чакырыктарын негиздүү деп эсептейт. Саясий муун алмашып жаткан доордо мындай умтулуунун объективдүү себебин белгилеген талдоочу жаш саясатчылар арасында жеке кызыкчылыгын көздөгөндөр да бар деген пикирге кошуларын айтты:

- Эски саясатчылар кармап турушат. 25 жылдан бери элита алмашуу болгон жок. Жаштар арасында өсүп калган, кесипкөй, компетенттүү ресурс бар. Жаштар алданып каларын түшүнбөйт. Лидерлер “силер иштесеңер көтөрүлөсүңөр” деп айтат, бирок эч кандай көтөрүлүү болбогонун сезгенде ушинтип чыгып жатышат. Популист болуп калгандары да негиздүү. Себеби жаштар саясатка келгенде аларды пайдаланса, алар да ишенбей калат. Ошентип конъюктуралык психология сиңип, манипулятор болуп калышат. Бирок андайлар аз эле.

Шайлоо өнөктүгү башталганда талапкерлер же саясий партиялар "жаштар канаты" деп өзүнчө чакан уюмдарды түзүп, символикасын жайылтып, аларды үгүт иштерине активдүү тартары белгилүү. Ошону менен катар студенттер да добуш топтоодо чоң күч дейт шайлоолорго байкоо жүргүзгөн укук коргоочулар.

Миграциядан пайда бар деп айтканыбыз менен мунун экинчи жагы да бар – жаштарды республикадан кетирип жатабыз. Бийлик ачык эле кетирип жатат, себеби жумуш орундары жок, экономикабыз аксап жатат.
Амангелди Муралиев

Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Амангелди Муралиев жаштарды башкаруу системасына тартууну туура уюштурса болот деп ишенет:

- Жаштар бүгүнкү эле эмес, келечектин өзөгү, пайдубалы. Алардын үнүнө, сунуштарына өкмөт көңүл бурушу керек. Бирок бул иш системалуу түрдө жүргөнү жакшы. Ал үчүн ар бир мекемеде кадр өстүрүү программасын иштеп чыгып, анын жаштарга түшүнүктүү, ачык, жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу зарыл. Окуусун бүтүп, орто жолдо калып жатышат. Миграциядан пайда бар деп айтканыбыз менен мунун экинчи жагы да бар – жаштарды республикадан кетирип жатабыз. Бийлик ачык эле кетирип жатат, себеби жумуш орундары жок, экономикабыз аксап турат.

Экономиканы талкуулаган өкмөт жыйындарында, өлкө деңгээлинде чечим кабыл алынуучу башка маанилүү иш-чараларда соңку жылдары Жаш ишкерлер ассоциациясы деген ат менен таанымал уюмдун өкүлдөрүн көп көрүүгө болот. Уюмдун координатору Руслан Акматбек жаштар кантип сөз менен эмес, иш жүзүндө бийликке таасир этүү деңгээлине жеткенин айтып берүүдө:

Руслан Акматбек
Руслан Акматбек

- Бул туура эмес болушу мүмкүн, бирок патриоттук чакырыкка басым жасап, проблемаларды эле айтып, ошону менен тим болуп жатабыз. Конструктивдүү, концептуалдуу түрдө чечим сунуштоо керек. Андай сунуштар бар, бирок абдан аз болуп жатат. Жаштардын ортосундагы негизги проблема – биригүү. Бир адамдын эмес, бир идеянын тегерегинде биригүү. Биздин уюм бириккенден кийин институционалдык жана финансылык жактан бекемдөө иши бир аз оорчулукка турган, бирок ишкерлер биригип бул көйгөйдү чечкенбиз.

Кыргызстанда жаштардын укуктарын кепилдеген мыйзам 2009-жылы кабыл алынган. Ага ылайык жаш деп 14 жаштан 28 жашка чейинкилер аталат. Бул курактагылардын саны жалпы калктын 30% жакынын түзөт, алардын 60% көбү айыл жергесинде жашайт. Жаштардын ар бир сегизинчиси жумушсуз.

Шайлоо мыйзамдары боюнча Жогорку Кеңешке талапкелердин тизмесинде 15% жаштар деген талап бар. Ал эми президенттикке ат салышам дегендердин жашы 35тен төмөн болбошу керек.

Соңку жергиликтүү кеңештерге шайлоого көпчүлүгүн жаштар түзгөн "Тоскоолдуксуз жашоо үчүн" жана "Демократ" партиялары катышкан. Бирок алар көпчүлүктүн добушун топтой алган жок.

"Азаттыктын" архиви: Саясаттагы жаштардын орду жана салмагы. 7-апрель, 2017-жыл
Саясаттагы жаштардын орду жана салмагы
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:58 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG