Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 05:28

15-июндан баштап Кыргызстанда президенттик шайлоого расмий уруксат берилди.

Быйылкы шайлоонун мурдагылардан кандай айырмасы бар, аны өткөрүүдө бийлик тарабынан кандай саясат, мамиле болушу керек, шайлоону таза, адилет өткөрүү үчүн эмне кылуу керек, акчага, аймакка байланган көрүнүштөрдөн кантип кутулабыз?

Ушул жана башка маселелердин тегерегинде “Арай көз, чарай” берүүбүздө кенен сөз кылабыз.

Талкууга Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев жана саясат таануучу Сейтек Качкынбаев катышты.

“Азаттык”: Урматтуу эксперттер, буйруса президенттик шайлоо 15-октябрда өтө турган болду. Быйылкы шайлоо мурдагылардан эмнеси менен айырмаланат, эмнеси менен өзгөчөлүү деп ойлойсуздар?

Акылбек Сариев: Биринчиси, президенттик шайлоо биринчи жолу автоматташтырылган электрондук урналар аркылуу өткөнү турат. Экинчиси, бул шайлоо мурдагыларга караганда эң кымбат шайлоо болгону турат, маалыматтарга таянсак 671 миллион сом жумшалганы турат.

“Азаттык”: Шайлоо эмне үчүн мынчалык кымбаттап кетти деп ойлойсуз?

Акылбек Сариев: Негизи бардык иштер автоматташтырылып жаткандан кийин каражат азайышы керек эле. Бизде тескерисинче көбөйүп кетти. Мунун негизги себептерин мен эмнеден көрөм? Азыр шайлоо иштеген адамдар көбөйүп кетти: каттоо кызматы өзүнчө, шайлоо комиссиялары өзүнчө бир топ болуп иштешет. Азыр өкмөттүн токтому менен шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн баарына тең айлык акы төлөнөт деп жатышат, бул дагы каражаттарды көбөйтсө керек.

Акылбек Сариев.
Акылбек Сариев.

“Азаттык”: Сиз БШКда жетекчи болуп турганда шайлоонун бюджети канча эле?

Акылбек Сариев: Мисалы, 2010-жылдагы парламенттик шайлоого 95-100 миллиондун тегерегинде акча жумшалган. Өзүңөр эсептеп көргүлө, шайлоонун чыгымы канча эселеп өскөнүн.

“Азаттык”: Сейтек мырза, Кыргызстанда шайлоонун натыйжасы талапкердин программасынын күчтүүлүгүнө же ынанымдуулугуна эмес, акчага байланып келатканы жашыруун эмес. Анын айынан Жогорку Кеңеш да акчалуулардын парламенти болуп калганын айтышат. Быйылкы президенттик шайлоодо ким утат десе эле акчалуу талапкерди айта башташты. Ушундай көйгөйдөн кантип кутулабыз, анын кандай жолдору бар?

Сейтек Качкынбаев: Биздеги бүгүнкү реалдуулукту алып карай турган болсок, статистика боюнча Кыргызстандагы элдин 32 пайызы жакыр жашайт, б.а. элдин үчтөн бир бөлүгү кедей деген сөз. Орто классты түзгөн калктын саны канча экендиги белгисиз. Кедейге жакын орто класс, же болбосо байга жакын орто класс деген болот. Калктын 70 пайызга жакыны орто класс болгон абалга жете элекпиз. Орто класс калыптанган жерде бирөөнүн акчасына көз каранды болбой, талапкердин программасы боюнча, өзүнүн ишеними, позициясы боюнча добуш бере башташат. Шайлоого негизинен жогоруда мен айткан 32 пайыз жакыр калк келип жатат. Аларды шайлоого чейин эле акчага азгырып, макулдашып, алардын добуштарын 500 сомдон миң сомго чейин сатып алып, чайкоочулук кылып жатышат. Бул жерде жакыр калктын эч күнөөсү жок. Бизде орто жана чакан бизнеске көңүл буруп, ал аркылуу элдин экономикасын өстүрүүгө шарт түзүп, салык төлөөчүлөрдүн санын көбөйтүп, оокаты тың орто классты калыптандырганда гана шайлоолор акчага сатылбай таза өтөт десек болот. Болбосо, бүгүн биз баарыбыз айтып жаткан ачуу чындык акчага азгырылмайдан кутула албайбыз, байлардын парламенти, байлардын бийлиги боюнча кала беребиз.

Сейтек Качкынбаев.
Сейтек Качкынбаев.

“Азаттык”: Акылбек мырза, азыркы электрондук шайлоо урналары канчалык ишенимдүү? Коомчулуктагы пикирлерге таянсак, шайлоо участкаларындагы эсептөөлөр туура, так болоруна баары эле ишенип жатат. Бирок, шайлоонун жыйынтыгы борбордук серверде эсептелгендиктен, ошол жерде бурмаланышы мүмкүн деп шек санагандар көп. Ушуга негиз барбы, болсо борбордук серверге кантип ишенип арттырып, шайлоонун тазалыгына кантип кепилдик бере алабыз?

Акылбек Сариев: Мындай шектенүү кайдан чыгыш мүмкүн? Ал шайлоодогу акыркы маалыматтардын, сандардын шайкеш келбегендигинен чыгышы мүмкүн. Менимче, азыркы серверлер борборлоштурулган эмес. Мисалы, алыстагы шайлоо участогунун маалыматы автоматтык түрдө борбордук серверге келип түшпөйт. Оператор кийин жөнөтөт. Мындай болгондон кийин борбордук серверде бурмаланат дегенден алыс болуш керек. Башка маселе, бизде адам буту баспаган, алыскы шайлоо участкалары бар. Ал жерлерге байкоочулар деле чанда барат. Ошол жерлердеги жыйынтыктар да күмөн санатышы мүмкүн. Ал эми борбордук сервер деген кайдан шек жаратышы мүмкүн? Мисалы, 2015-жылдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгында 3800 бюллетендин дайыны жок, жоголуп кеткен, баары билишет. Эмне үчүн мындай болгон? Эгерде автоматташтырылган система иштегенде шайлоонун жыйынтыгы кынтыксыз болмок. Ошондуктан ал шайлоонун жыйынтыгын чыгарууда автоматташтырган системага адамдын кийлигишүүсү болгон деп жыйынтык чыгарсак болот.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG