Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:17

Жарандык коом БШКнын ишин сындады


Жарандык коом өкүлдөрү Борбордук шайлоо комиссиясы ачык-айкын иш алып барбай жатканына кабатыр. Укук коргоочулардын жүйөсүндө, БШК шайлоо эрежелерине улам өзгөртүү киргизип, ал тууралуу коомчулукка маалымат жетпей жатат. Шайлоо комиссиясы болсо мындай жүйөлөрдү четке кагып, кемчиликтерди жоюуга убакыт бар экенин билдирүүдө. Президенттик шайлоодо талапкер болууну каалаган саясатчылар 16-июндан тарта документтерин тапшырып жатышат.

Борбордук шайлоо комиссиясын ачык-айкын иш алып барбай жатат деп Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы сындап чыкты. Коалиция өкүлү Динара Ошурахунованын айтымында, БШК шайлоо эрежелерин аныктаган жоболорду улам-улам өзгөртүп, коомчулукка кеңири маалымат жетпей жатат.

- БШК мүчөлөрү деле айтып жатат. Биринчиден, токтом, жобонун долбоорлору жыйын алдында гана таратылып жатат. Анан БШК мүчөлөрү жакшы таанышканга жетишпей калып, негизинен деп эле кабыл алынууда. Документ кайра иштелип чыгып, ага эмне өзгөртүүлөр киргизилгени, ким киргизгени белгисиз бойдон калууда. БШК тактап туруп жобонун акыркы текстин кабыл алышы керек эле.

Ошурахунова буга мисал катары президенттикке аттангандардын талапкер катары катталышы үчүн жарандардан кол топтоо жобосунун үч ирет өзгөртүлгөнүн айтууда. Шайлоо мыйзамында талапкерликке катталуу үчүн 30 миңден кем эмес адамдын колун топтоо каралган. Бирок БШК алгач 40 миңге чейин кол топтоо керек деген чек койгон. Бир катар жарандык активисттер, юристтер бул жобонун мыйзамга шайкештигинен күмөн санаган соң бул чек алынды.

Динара Ошурахунова
Динара Ошурахунова

Динара Ошурахунова БШК бекиткен кол топтоо бланктарында да бир катар түшүнүксүз жагдайлар бар экенин кошумчалады:

- Кол топтоо боюнча формаларды абдан курчутуп, татаалдатып коюшту. Мындай татаалдыкка негиз жок болчу. Негизгиси, чогултулган кол тамгаларды текшерүү маанилүү. "Бул коюлган кол сиздикиби же башка бирөө штабда отуруп алып эле коюп койдубу?" деген суроону гана текшерүу керек. Азыр болсо абдан көп маалыматтарды өздөрү киргизип алып, татаалдатып жатышат.

Укук коргоочу мындай чара айрым талапкерлерге бут тосуу иретинде колдонулушу мүмкүн деген чочулоосун билдирди.

Борбордук шайлоо комиссиясынын айрым мүчөлөрү укук коргоочулар көтөрүп чыккан маселе орундуу экенин айтса, айрымдар аны четке кагууда. Маселен, БШКнын төрайымынын орун басары Атыр Абдрахматова бир катар документтер жыйын алдында гана таратылып, таанышууга мүмкүнчүлүк болбой жатканын ырастады:

- Документтер алдын ала таркатылбай, жыйынга жарым саат калганда же жыйын маалында берилген учурлар арбын. Мисалы, президенттик шайлоого байланыштуу жол-жоболордун көпчүлүгүн кечинде алып, эртең менен бекитип бердик.

Абдрахматова бул боюнча БШКда бир нече жолу маселе көтөрүлүп, бирок абал оңолбой жатканын белгиледи.

Ал эми Шайлоо комиссиясынын дагы бир мүчөсү Назарали Арипов кабыл алынган ар бир документти талкуулоого жетиштүү убакыт болуп жатканын айтууда:

- БШК мүчөлөрү документтерди карабай туруп эле негиз катары баарын кабыл алып жатат деген туура эмес. Ар бир БШКнын мүчөсүнө убакыт берилет, өз пикирин айтууга мүмкүнчүлүгү бар. Экинчиден, "40 миңге чейин эле кол топтосо болот деген чектөө киргизди" деп жатышат. Аны жакшылап окуш керек. Анда милдеттүү эмес, сунуш иретинде деп айтылган болчу.

Ошол эле кезде жарандык коом өкүлдөрү шайлоочулардын тизмесин тактоо, талапкерлердин шайлоо фондуна байланыштуу бир катар маселелер суроолорду жаратып жатканын айтышууда.

Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Мирлан Жээнчороев шайлоодогу кемчиликтерди жоюуга БШК баш болуп бардык күчтөр кызыкдар болушу керек дейт:

- Албетте, айрым жерде мүчүлүштүк болуп калышы мүмкүн. Ошол эле кол топтоого байланыштуу ар кандай ойлор болуп, кол коюуга келгенде оңолду. Бул жерде жарандык коомдун ролу чоң. Себеби, ушул сыяктуу маселелерди убагында айтып турсак, аны оңдоого да мүмкүнчүлүк болот.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. 15-июндан тарта талапкерлерди көрсөтүү жараяны башталган. Бүгүнкү күнгө чейин "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана "Лига-антикризис" борборунун төрагасы Назарбек Нышанов өзүн-өзү көрсөтсө, "Ак шумкар" партиясы Темир Сариевди талапкер катары расмий көрсөттү.

"Азаттыктын" архиви: БШК төрайымы Нуржан Шайылдабекованын маеги. 10-июнь, 2017-жыл
Шайлдабекова: Шайлоо акыйкат өтөрүнө кепилдик берем
please wait

No media source currently available

0:00 0:19:58 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG