Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:06

БШК Текебаевдин арызын кабыл алды


Борбордук шайлоо комиссиясы өзүн президенттикке талапкер катары көрсөткөн камактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевдин арызын жана алдын ала кошумча документтерин кабыл алды.

Саясатчынын ишенимдүү өкүлү аны БШК талапкер катары каттоо же каттабоо тууралуу чечимин он күн аралыгында аныкташы керек деп эсептейт.

БШК болсо талапкер катары каттоо үчүн тапшырылган документтерден тышкары дагы бир топ мыйзамдык талаптарды аткаруу зарыл экенин айтууда.

Үстүнөн соттук териштирүү жүрүп жаткан адамды президентикке талапкер катары каттоонун тартиби мыйзамда кандай каралган?

Талапкерликке расмий көрсөтүү

18-июнда Борбордук шайлоо комиссиясы "Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевдин өзүн өзү президенттикке талапкер көрсөтүү тууралуу документтерин кабыл алды.

Өмүрбек Текебаевдин ишенимдүү өкүлү Канатбек Азиз анын арасында арыздан тышкары мыйзам талап кылган алдын ала берилүүчү документтер кошо тиркелгенине токтолду. Анын айтымында, Борбордук шайлоо комиссиясы эми Текебаевди талапкер катары каттоо же андан баш тартуу боюнча он күн аралыгында жооп берүүгө тийиш.

Президенттик жарышка расмий уруксат берилди

Президенттик жарышка расмий уруксат берилди

Жогорку Кеңеш президенттик шайлоону 15-октябрда өткөрүү тууралуу токтом кабыл алды. Ал эми президенттикке талапкерлерди көрсөтүү 15-июндан тарта башталды.

Шайлоо мыйзамы боюнча жаран соттун айыптоо өкүмү күчүнө киргенге чейин президенттикке талапкер болуп катталууга акысы бар. Бирок БШК мүчөлөрүнүн айтымында, шайлоо мыйзамы талапкер катары катталуу үчүн шайлоо фондун ачуу, шайлоо күрөөсүн коюу жана шайлоочулардын 30 миң колун топтоо сыяктуу бир катар эрежелерден өтүүнү талап кылат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрага орун басары Абдыжапар Бекматов талапкерликке каттоо маселеси мына ошондон кийин гана он күн аралыгында карала турганын айтты:

- Талапкерлик күбөлүгү тапшырылмайынча ага кол тийбестик укугу берилбейт. Талапкер катталгандан кийин гана ошондой мүмкүнчүлүккө ээ болот. Азыр эми ал өзүнүн талапкерлигин көрсөткөнүн жарыялап, арызын эле берди. Мыйзам боюнча жаран талапкерлиги көрсөтүлгөн күндөн тарта шайлоо башталганга 45 күн калганга чейин документтерин топтоп алып келип, тапшырса болот. Бул жерде арызы менен кошо маалымдама документтерин тапшырып, анан эле "10 күн аралыгында аны талапкер катары каттоо же каттабоо тууралуу чечим чыгарып берүү керек" деген эреже мыйзамда жок. Бул аралыкта соттун айыптоо өкүмү күчүнө кирип калган болсо, анда биз аны президенттикке талапкер катары каттоодон баш тартабыз. Ага чейин башка бир жагдайлар аны каттоодон баш тартууга негиз боло албайт. Талапкерлигин көрсөткөн адам тизмеде көрсөтүлгөн алты түрдүү документ тапшырышы кажет. Мына ошонун бардыгын бир учурда алып келип тапшыргандан кийин анан аны талапкер катары каттоо же каттабоо тууралуу чечим кабыл алабыз.

Баш мыйзамдын талабы

Анткен менен камактагы оппозициялык саясатчы Өмүрбек Текебаевдин юристтери шайлоо мыйзамынын аталган талаптарына карата башкача түшүндүрмө беришүүдө. Баш мыйзамга таянган юрист Канатбек Азиз жаранды президенттикке талапкер катары каттоо үчүн 30 миң шайлоочунун колун топтоо жана бир миллион сом өлчөмүндө шайлоо күрөөсүн төлөө мөөнөттөрү боюнча мыйзамда так эместиктер бар экенин мисал келтирди.

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт
Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт

Мындай жагдайда бардыгын бир учурда тапшыруу талабы мыйзамда жок экенин айткан Канатбек Азиз талапкер катары катталуу үчүн талап кылынган ырастамалар туурасында төмөндөгүдөй түшүндүрмө берди:

-Шайлоо мыйзамында "БШК президенттикке талапкер катары 10 күндүн ичинде каттайт же каттоодон баш тартуу чечимин чыгарат" деп турат. Баш мыйзамга таяна турган болсок, кол топтоо маселеси талапкерди каттоонун элементи болуп эсептелбейт. Анан дагы бир эле учурда БШК шайлоо күрөөсүн талап кыла албайт. Бирок биз күрөөнү да, топтоло турган колду да мыйзамда каралган мөөнөттө тапшырабыз. Бизде элүү күнгө чейин аны тапшыруу боюнча мөөнөтүбүз бар. БШКнын милдети 10 күндүн аралыгында президенттикке талапкер катары катталып жаткан адамдын мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныкташы кажет. Анан БШК каттоонун астында бизден шайлоо күрөөсүн талап кылат. Биз аны которуп берүүгө даярбыз. Мындан башка Текебаевди талапкер катары каттоого тоскоол боло турган жагдай жок. Анын шайлануу укугун чектей турган башка маселе азырынча жок. Ал талапкер болуп катталган күндөн тарта ага карата козголгон кылмыш ишинин негизинде жүрүп жаткан сот иши шайлоо бүткөнгө чейин токтоп турууга тийиш.

Ошол эле учурда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын башка бир орун басары Атыр Абдрахматова соттун айыптоо өкүмү күчүнө киргенге чейин жаран президенттикке талапкер болуу үчүн мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарды аткарып, документтерди толугу менен бир учурда тапшырса, аны каттоо тууралуу маселе карала турганын белгиледи.

Ал ошол эле кезде талапкер катары өзүн көрсөткөн жаран мамлекеттик тилден сынактан өткөнүн, күрөөнү төлөгөнүн, отуз миң шайлоочунун жарактуу колун топтой алганын жана соттуулугу жок экенин ырастаган документтерди бир эле учурда тапшырууга милдеттүү экенин билдирди.

Талапкердин кол тийбестиги

БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова талапкерге карата соттун айыптоо өкүмү чыгары менен ал шайлоо жарышынан алынып салынышы мүмкүн экенин буга чейин эскерткен болчу. БШК төрайымынын орун басары Атыр Абдрахматова бул тууралуу мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарга төмөндөгүдөй комментарий берди:

- Каттоодон өткөн талапкерлер кылмыш үстүнөн кармалган учурдан башка жагдайда шайлоонун расмий жыйынтыгы чыкканга чейин БШКнын макулдугусуз, кылмыш иши козголуп, камакка алууга же сот жообуна тартууга мыйзам жол бербейт. Анын шайлоо өнөктүгүнүн учурунда жазага тартууга болбойт. Кылмыш ишин козгоо талапкердин шайлануу укугун ишке ашыруусуна тыюу салууга негиз болуп бере албайт. Талапкерге карата айыптоо өкүмүн күчүнө кириши тууралуу. Биринчи инстанциядагы соттун айыптоо өкүмү даттануу арызы түшкөн учурда тез арада күчүнө кирбейт. Он күнгө чейин даттануу арызы түшөрү менен аны экинчи инстанцияда кароо мүмкүнчүлүгү пайда болот. Бул аралыкта соттун айыптоо өкүмү күчүнө кирбей турат. Мына ошол учурда талапкер шайлоочулардын колун топтоп, мамлекеттик тилден тапшырган сынактын жыйынтыгын алып, бардык документтерин толугу менен тапшырууга укугу бар. Мына ошондон кийин он күн аралыгында БШК аны талапкер катары каттоо же баш тартуу чечимин чыгарат.

Өмүрбек Текебаев быйыл 27-февралда чет мамлекеттен кайтып келе жатканда кармалган. Ага "Мегаком" компаниясын башкарууга байланыштуу коррупцияга аралашкан деген айып тагылган. Мына ошол кармлаган күндөн бери Текебаев УКМКнын тергөө абагында камакта отурат. Ал өзүнө коюлган дооматты саясий куугунтук катары четке кагууда.

Учурда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда саясатчы Текебаевдин жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн соттук териштирүү жүрүүдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG