Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:00

Төрөбаевди партиясы президенттикке чыгарды


Бакыт Төрөбаев.
Бакыт Төрөбаев.

Буга чейин президенттик жарышка чыгары белгилүү болгон "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын лидери, депутат Бакыт Төрөбаев талапкер катары расмий көрсөтүлдү.

Тиешелүү чечим аталган партиянын 27-июнда Бишкекте өткөн курултайында кабыл алынды. Төрөбаев курултайда алдыда кандай гана кырдаал болбосун президенттик жарыштын аягына чейин бараарын билдирди.

Кыргызстанга президенттик башкаруу ыкмасы ылайыктуу деп, өлкөдөгү парламенттик системаны сынга алды.

- Биздин мамлекет парламенттик демократия түзүүгө көп күч-аракет жумшады. Бирок Кыргызстандын коалициялык өкмөт боюнча эксперименти ишке ашпай калганын моюнга алуу керек. Бүгүнкү күндө өкмөт башчы иш менен эмес, саясат менен алек болуп калды. Өз жумушун эмес, кызматын сактап калууну ойлойт. Анткени ал депутаттардан көз каранды, - деген Төрөбаев президенттик бийликтин күчтүү болушун колдой турганын кошумчалады.

Курултайдын коноктору жана катышуучулары.
Курултайдын коноктору жана катышуучулары.

Ошондой эле учкай тааныштырган шайлоо программасына караганда, талапкер катары ал айыл чарбасын өнүктүрүүгө артыкчылык берет, Евразия экономикалык биримдиктин алкагындагы кызматташтыкты колдойт. Төрөбаев андан тышкары ар кандай тоскоолдуктарга карабай, президенттик жарышта жеңишке жетүүгө аракет кыларын кошумчалады.

- Административдик ресурс колдонууну жеңсе болот. Биздин күчүбүз жетет. Эл дагы уюшуп, эл дагы көтөрүлүп көзөмөл кылышы керек, - деди Төрөбаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

Төрөбаев президенттик жарышка кошулду
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:24 0:00

Курултайга партия мүчөлөрүнөн тышкары Досбол Нур уулу, Медеткан Шеримкулов, Абдыганы Эркебаев, Камчыбек Ташиев, Акматбек Келдибеков, Нурлан Шакиев сыяктуу саясатчылар, коомдук ишмерлер, Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев конок катары катышып, сөз сүйлөштү. Курултайда сүйлөгөндөрдүн басымдуу бөлүгү учурдагы бийликке сын айтышты. Эркин депутат Жанар Акаев:

- Бизде азыр бийликке сын айткан оппоненттер менен күрөшүү, алардын оозун жабууну биринчи орунга коюп жаткан учурда башка эл өзү башкарылган машине ойлоп таап жатышат. Дүйнө кайда баратат, биз кайда баратабыз? Ушундай маселеде олуттуу пландарыңыз бар деп ойлойм. Азыркы бийликтин кыргыз элине эң чоң салымы - президенттик шайлоону таза өткөрүп бериши керек.

"Өнүгүү-Прогресс" партиясы айыл чарбасын колдоо боюнча программалары аркылуу таанылып, 2012-жылдан бери бир катар райондордо жергиликтүү кеңештерде жеңишке жетип, ал эми 2015-жылы парламентке келген.

Бакыт Төрөбаев парламентке келген алгачкы жылдары президенттикке ат салышуу ниети жоктугун билдирчү. Саясий серепчилер азыр аны алдыдагы президенттик шайлоодо негизги талапкерлердин катарына кошуп жатышат. Партиясын кыска мөөнөттө күчтөнтүүгө жетишкени менен, аны колдогон олуттуу саясий күч жок дегендер да бар. Саясий серепчи Эмил Жураев буларга токтолду:

- Салыштырмалуу жашыраак талапкер. Анын аткаруу бийлигинде салыштырмалуу тажрыйбасы аз. Коомчулук аны депутаттык ишмердигинен улам гана тааный алды. Башка талапкерлерге салыштырмалуу мамлекеттик кызматтагы иштери аз айтылышы мүмкүн. Бул бир жагынан жакшы болсо, экинчи жагынан артка тартат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, бүгүнкү күнгө карата саясий партиялардан бир жана өзүн өзү көрсөткөн төрт адамдан арыз түштү.

Кыргызстанда президенттик шайлоо быйыл 15-октябрда өтөт. Талапкер болууну каалагандардан арыздар 1-августка чейин кабыл алынат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG