Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:45

Ишенбай Кадырбеков: КСДП президенттикке өз талапкерин праймериз аркылуу аныктаса алгылыктуу болмок


2005-жылы 24-мартта Кыргызстандын президентинин милдетин кыска убакыт аткарган саясатчы, мурдагы депутат Ишенбай Кадырбеков КСДПнын президентик шайлоого карата соңку туруму жөнүндө "Азаттыкка" маек курду.

"Азаттык": - Башкаруучу партиядан - КСДПдан президенттикке эки талапкер чыкты. Бул партиянын ичиндеги ажырымды көрсөтөбү же демократиялуу кырдаалдыбы, балким, бул саясий тактика болуп жүрбөсүн?

Ишенбай Кадырбеков: - Бул тактика да эмес, партиянын ичиндеги кырдаал деле эмес. Бул партиянын өзү туура эмес иш алып баргандан улам болуп жатат. Фарид Ниязов эгерде партиянын чечимине Чыныбай Турсунбеков макул болбой өз талапкерлигин койсо, анда партиядан кетип калышы керек деп эскертип, анан мисал катары Америкадагы президенттик шайлоону айтып калбадыбы. Ушунчалык айткандан кийин аягына чейин айтыш керек да. Ал жакта шайлоого чейин алдын-ала праймериз жасайт да.

(Бул термин тууралуу төмөндөгү маалыматты караңыз. - Азаттык.).

Бирөө болобу, экөө болобу, ону болобу, ошонун арасынан партиялар алдын-ала шайлоо өткөрүп, ким эң көп добуш алса, ошонун талапкерлигин колдойбуз деп чыгышат.

Мен маалыматтардан байкасам, жаштар канатынан Ренат Самудиновду курултайга киргизбей коюшуптур. Анын бир гана күнөөсү бар экен, ал эки-үч талапкер болсо, (партия ичинде) праймериз кылалы деп сунуштаган экен. Ошондуктан эгер 2-3 талапкер болгондон кийин, маселен, Чыныбай Турсунбеков талапкерлигимди коюшум мүмкүн деп атат, Иса Өмүркулов деген жигит бар. Ошондой жагдайда праймериз өткөрүш керек эле. Мына, Орусияда деле депутаттыкка талапкер коюп жатканда, элдик праймериз өткөрүп, эл тандагандарды депутат кылышат.

"Азаттык": - Кандай болсо да, бул партиянын 20 жылдык тарыхы бар. Ири партиянын кадр, мамлекеттик менежерлерди даярдоодогу орду ушундай кырдаалда билинип калып жаткан жокпу?

Ишенбай Кадырбеков: - Партиянын эң негизги милдети - кадрларды даярдоо. Бийликке келем дегенден кийин кадрларды даярдап, бийликке келгенден кийин аларды чогултуп, ордуна коюш керек да. Бул - чоң, системалуу иш.

Коммунисттер да, өзүңөр билесиңер, кадр маселесине келгенде кылдаттык менен тандап, бирөөнү кызматка койордо билимин, мүмкүнчүлүгүн карап туруп, ошого жараша тандаган, атайын резерв деген болгон.

20 жыл болгону менен Кыргызстандагы бардык эле партиялар "Шайлоо кодексине", Конституцияга өзгөртүү киргизип, көп партиялуу пропорционалдык системаны киргизип жана шайлоого партиянын тизмеси менен катыша баштагандан кийин, партиялар иштей баштады да.

Демек партиялык системанын - бийликке келе турган институттун ошондон кийин иштей баштаганын көрсөтөт. Ага 10 жыл болсо, бул - партиянын түзүлушүнө абдан кыска убакыт.

Экинчиден, КСДП дагы "Ак Жол", "Алга, Кыргызстан!" партияларына окшоп бир шордуу партия болуп калды. Алар бийликке келгенде ушул эски партиялардан КСДПга өтүп кеткендер көп болду. Алар дагы партиянын ички ишине өз салымын кошуп жатат.

Партияны түзгөн Алмаз Шаршеновичтин тегерегинде жүргөн, партияны түзгөндөн тартып жаманчылыкты-жакшылыкты башынан өткөргөн адамдардан беш-алтоо эле калды. Мисалы, Сооронбай Жээнбеков биринчи күндөн баштап партияда жүрөт. Ошол эле кезде Чыныбай Турсунбеков, Фарид Ниязов деле партияга жакында эле кирген инсандар да. Эми лидер болуп калды. Ушундай жүрүмдөр саясий партиянын ишине жолтоо боло турган шарт түзөт да.

"Азаттык": - Кыргызстанда партиялар өз мүмкүнчүлүгүн толук колдоно албайт деген сын бар. Ушул нерсеге эмне себеп болуп жатат?

Ишенбай Кадырбеков: - Бул - эволюциялык эле нерсе. Мен башында белгилегендей, 10 жылдык убакыт партиялык түзүлүш үчүн бир күндүк эле нерсе. Эмнеге коммунисттер батыраак бутуна туруп алды? Эмнеге дегенде, алар революциялык процессти башынан өткөрүп, талаада жүрүп, чыңалып, мындайча айтканда, экзаменде чоң тажрыйба алып калды.

Тынчтык болуп, шарттардын баары түз болуп турганда эволюциялык жүрүм абдан жай өтөт. Азыр бат өтө турганга дагы шарт түзүлө баштады. Азыр жергиликтүү кеңешке, жергиликтүү бийликке дагы партиянын тизмеси менен келе тургандай болуп, партиялар арасында атаандаштык башталып, ар бири өз ичиндеги адамдарды карап, айла жоктон тандоо шартына барышат. Бул - эволюциялык жүрүм, ага убакыт керек.

"Азаттык" үналгысынын шайлоо боюнча сөздүгүнөн.

Праймериз (англисче primaries, көптүк сандагы сөз; ал англисче "баштапкы шайлоо"- primary elections сөз айкашынан кыскартылган) - Батыштагы бир катар мамлекеттерде саясий партиянын атынан орток талапкерди аныктоо максатында тиешелүү партиянын ичинде, анын курултайында же жыйынында жүргүзүлгөн шайлоо. Бул тандоо усулунда жеңилген саясатчы көз карандысыз талапкер катары өз алдынча чыга берүүгө акылуу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG