Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:02

И.Кадырбеков: ”Эмне үчүн бул жерде отурам?”


12-январда Архитектура жана курулуш агенттигинин мурдагы башчысы И. Кадырбековдун соту уланып, анда 2007-жылкы зилзаладан кыйрап калган Кочкордогу мектептердин курулушун жүргүзгөн жетекчилер суралды.

Зилзаладан кыйрап калган мектептерди калыбына келтирүү иштери кысталыш жагдайга байланыштуу долбоорлоо жана курулуш иштери эриш-аркак жүргөн. 2007-жылдын 1-сентябрына карата мектептер бүтүп, окуучулар сабагын баштаган. Курулуштун чала бүткөн жерлерин жамап-жазгоо, сарпталган каражаттарды аныктап чыгуу дагы бир жылга жакын убакыт алып, өткөн жылдын октябрь айында соттук-курулуш экспертизасы курулуш уюмдары 18 миллион сомду артыкбаш чыгымдап жибергенин таап чыгышкан. Курулуштун заказчысы тарабынан аткарылган иштер үчүн 26 миллион сом төлөнүп бериле элек.

Ишенбай Кадырбековго коюлуп жаткан айыптардын эң орчуну мына ушул 18 миллион сом. Соттук териштирүүдө талаш маселе боюнча агенттиктин курулуш башкармалыгынын жетекчиси Өмүрбек Жээнбаев күбө катары экинчи ирет түшүндүрмө берди. Анын айтуусунда, курулуштун документтери Каржы полициясы тарабынан алынып, ошол себептүү Кочкор районундагы мектептердин канча акчага курулганы так аныктала элек.

Айыпталынып жаткан Ишенбай Кадырбеков күбөгө биртоп суроолорду берди.

- Мен бул жерде сиздин сөзүңүз менен мени да, сизди да, башка бирөөнү да айыптоо мүмкүн эмес экенин айткым келет. Мектептер толук бүтө элек. Алар сиздин баланста турат,- деп айтты И.Кадырбеков.

Өмүрбек Жээнбаев тактала элек сандар бухгалтердик эсепте турганын ырастады.

- Бухгалтерде турат.

Анын оюн улап И.Кадырбеков курулуштун эсеп-кысабы чыга электе калкып чыккан талаштуу сандардын чоо-жайын момундайча чечмеледи:

- 18 миллион сом ошол бухгалтерияда турат, туурабы? Туурабы, урматтуу сот, бухгалтерияда турат. Өз ара эсептешүү азырынча аягына чыга элек. Эч кимди айыптоо мүмкүн эмес, подрядчыга айып тага албайсың, ал кол койбойт. Сизге кине коюш да болбойт, кол койгон эмессиз. А мен эмне үчүн бул жерде отурам, муну да билбейм.

Кочкордогу мектептердин курулушун жүргүзгөн “Олдомор” жоопкерчилиги чектелген коомдун башкы эсепчиси Раиса Пикаленко сотто курулуш иштеринин көлөмү көбөйтүлдү деген бүтүмгө макул эместигин билдирди.

- Кайсы бир иштер боюнча 154 миң сомдук иш бүткөрүлгөн. Экспертизанын актысында болсо иштин көлөмү 500 миңге көбөйтүлгөн деп жазылып жүрөт. Муну кандай түшүнсө болот? Эгер пайыздык катышы 150 миң болсо көбөйтүлүп жазылганы 500 миң. Арифметикалык ката 975 миң. Бирок муну Мамлекеттик курулуш эсепке алып сандан чыккан катаны оңдоп, артыкбаш эсептерди алып салды. Мындан тышкары бул жерде дагы жазылып жүрөт. Аны ким жазганын билбейм. Электр системасы долбоор боюнча аткарылган эмес деп жүрөт. Анын негизинде 100% алып коюшуптур. Иш долбоор боюнча так аткарылган.

Соттук териштирүүдө мындан тышкары Бишкектеги 15-кичирайон эсептелген “Жал Артис” турак-жай комплексине жер бөлүү, кореялык компаниянын салык төлөмдөрү боюнча да кеп болду. Сотко чакырылган курулуш эксперти жаңы комплексте 1400 квартир үй курулуп, анын 400 жеңилдетилген кредит менен бюджеттик мекемеде иштегендерге бөлүнөрүн, карызды төлөө 15 жылга белгиленгенин маалымдады.

И.Кадырбековдун камакта олтурганына 9 айга жакын убакыт өттү. Бул аралыкта айрым парламент депутаттары, адвокаттар анын баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчтөрү менен сотко кайрылышкан. Бирок да Бишкектин Ленин райондук соту ал өтүнүчтөрдү четке кагып, Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин мурдагы башкы директору өткөн жылдын апрелинен тартып камакта олтурат. Анын соттук териштирүүсүндө мамлекеттик айыпты колдоп олтурган Бишкек шаарынын прокуратурасынын жооптуу кызматкери И.Шуганский сот жараяны өз калыбында өтүп жатканын айтуу менен чектелип, жыйынтыкты сот чыгара тургандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG