Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:59

СОТ КАДЫРБЕКОВДУН БАШ КОРГОО ЧАРАСЫН ӨЗГӨРТКӨН ЖОК


Бишкек шаардык соту беш айдан бери камакта жаткан Ишенбай Кадырбековдун баш коргоо чарасыны байланышкан маселени карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Соттун мындай чечимин мыйзамсыз деп эсептеген Кадырбековдун адвокаттары шаардык соттун чечимин жокко чыгаруу арызы менен Жогорку сотко кайрылыша турган болушту. Ал эми каржы полициясынын тергөөчүсү И.Кадырбековго байланыштуу козголгон экономикалык кылмыш ишти он беш күндө тергеп бүтүп, сотко ашыраарын билдирди.

Сот жараяны жабык өтүп, беш айдан бери камакта жаткан архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы башчысы Ишенбай Кадырбековдун баш коргоо чарасын Бишкек шаардык соту өзгөртпөстөн, Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.

И.Кадырбековдун жактоочусу Кубаныч Калыков шаардык соттун бул чечимин мыйзамсыз деп эсептейт:

- Бишкек шаардык сот Ишенбай Кадырбековдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча биздин жеке арызыбызды канаатандырган жок. Муну мен мыйзамсыз деп эсептейм. Эч бир далилсиз эле чечим чыгарып койду. Биз эми даттанууга укуктуубуз. Ошондуктан көзөмөл тартибинде Жогорку сотко кайрылганы жатабыз.

Ишенбай Кадырбековдун дагы бир жактоочусу Азимбек Бекназаров бул маселе боюнча шаардык сот адилеттиктен тайып, бийликке көз каранды болуп жатат деген пикирде:

- Муну мен ак үйдүн чечими деп эсептейм. Себеби биз колдон келишинче бардык далилдерди сотко бердик. Мына Борбордук шайлоо комиссиясынын И.Кадырбековду камактан бошотуу чечимин дагы бердик. Жогорку Кеңештин Шайлоо кодексинин 28-беренесинин 5-бөлүгүн И.Кадырбековго колдонууга тийиш деген чечимин дагы бердик. Тергөөчү И.Боровдун БШКга жазган кыйыр түрүндө аны түрмөдө камаганга макулдук бергиле деген катты дагы далилдеп бердик. Бирок соттор бардыгын угуп-угуп туруп эле, кеңешүүчү бөлмөсүнө кирип чыккандан кийин жанагыдай чечим чыгарып койду.

Азимбек Бекназаров белгилегендей, Ишенбай Кадырбековго байланыштуу иш менен кыргыз бийлиги “кол баласындай” болгон соттор аркылуу мыйзамды көзүнө илбей, адам укугун одоно тебелеши Кыргызстандын дүйнөлүк аброюна доо кетирүүдө:

-Бул саясий кылмыш иши экендигин дагы бир жолу далилдеп жатпайбы. Кыргызстанда бийликке жакпаган адамдарды ушинтип камай берсе болот дегенди түшүндүрөт. Мыйзам турабы, Конституция турабы аларга тиешеси жок деген сөздү Кыргызстан тастыктап турат. Же болбосо Кыргызстан дүйнөлүк коомчулукка уят болуп жатат. И.Кадырбеков чыдаар, кудай кааласа камактан чыгаар. Бул күндөр да өтөт. Бирок Кыргызстан үчүн, кыргыз эли үчүн уят болуп жатпайбы.

Ал эми каржы полициясынын тергөөчүсү Ислам Боров болсо Кадырбековго байланыштуу иш мыйзамдын чегинде жүргүзүлүп жатканын, аны саясатка айландыруунун кажети жоктугун буга чейин билдирген эле:

- Бул жерде эч кандай саясий ишти көрүүгө болбойт. Бул экономикалык кылмыш иши. Азырынча тергөө толук бүткөнгө чейин андай-мындай деп айтууга болбойт.

Адвокат Азимбек Бекназаровдун айтымында, жабык өткөн сот жараянында тергөөчү Ислам Боров он беш күндүн аралыгында Кадырбековго байланыштуу тергөөнү аяктап сотко өткөрөрүн билдирген.

XS
SM
MD
LG