Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:13

ИШЕНБАЙ КАДЫРБЕКОВ УБАКТЫЛУУ КАРМООЧУ ЖАЙДА


Кечээ 26-апрелде Бишкектин Ленин райондук соту өлкөнүн архитектура жана курулуш агенттигинин мурдагы жетекчиси, парламенттин мурдагы депутаты Ишенбай Кадырбековдун --> http://www.azattyk.kg/rubrics/politics/ky/2008/03/6B81EE6A-4EF5-4810-820C-9E31F5BD72B4.asp камакка алынышы боюнча санкцияны карап, аны убактылуу тергөө абагында 10 күн кармоо чечимин чыгарды. Ишенбай Кадырбеков камалганга чейин «Азаттык» үналгысына берген маегинде ага карата бийлик тарабынан кысым көрсөтүлүп жатканын белгилеп, бул иштин артында саясий коркутуп-үркүтүү жатканын билдирген. Аны камакка алган Каржы полициясы эч кандай саясий негиз жоктугун билдирген.

26-апрелде Бишкектин Ленин райондук соту Ишенбай Кадырбековдун камакка алынышы боюнча прокуратуранын санкциясын карап, аны убактылуу тергөө абагында 10 күн кармоо чечимин чыгарды. Ишенбай Кадырбековдун адвокаты Вячеслав Лужанскийдин айтымында, 10 күндүк тергөөдөн соң сот бул маселени кайра карайт.

- Тергөөчү а дегенде эле Ишенбай Кадырбековду эки айга камакка алууну суранды. Маселени кароодо сот Жогорку Кеңештин социал-демократтар жана коммунисттер фракциясынын Ишенбай Кадырбековду бошотуп, анан тергөө иштерин жургүзүүнү суранган кайрылуусунун жана башка партиялардын өтүнүчүн эске алуу менен аны 10 күндүк камакка алуу чечимин чыгарды. Ушул он күндүн ичинде тергөөчү тергеп, сот кайра бул ишти карайт. Негизинен бул саясый заказ экени айкын билинүүдө. Ага тагылган киненин бири Кочкор районундагы жер титирөөдөн кийин курулган мектептер боюнча болууда. Негизинен ал мектептерди мамлекеттик комиссия расмий түрдө кабыл ала электигин эске алсак, бул кине да негизсиз.

Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы башчысы Ишенбай Кадырбековго Каржы полициясы аталган кызматта тургандагы иштери боюнча Эсеп палатасынын иликтөөсүнүн негизинде кылмыш ишин козгогонун Каржы полициясынан кабарлашкан.

Ишенбай Кадырбеков 25-апрелде камакка алынган. Айрым саясий ишмерлер болсо анын камалышын саясий куугунтук катары баалап жатышат.

Жогорку Кеңештеги эки фракциянын депутаттары Бишкектин Ленин райондук сотунун төрайымы Максуда Омаровага жолдогон кайрылуусунда Ишенбай Кадырбековдун Каржы полициясы тарабынан камакка алынганын белгилеп, кандай күнөө коюлган чакта да аны камакка алуу жалпы коомчулукта ар кандай шектенүүлөрдү туудурбай койбостугун айтышкан.

Ошондой эле ал эгерде күнөөсү болсо мыйзам алдында жооп бериши керектиги белгиленип, аны камап коюунун зарылчылыгы барбы деген суроо коюлат. Кайрылуунун соңунда депутаттар мыйзам чегинде эч бир жакка качып кетпейм деген кепилдик менен Ишенбай Кадырбековду камактан бошотууну соттон суранышкан.

Социал-демократтар фракциясынан парламент депутаты Осмон Артыкбаев Ишенбай Кадырбековго коюлуп жаткан айыптын чын-төгүнүн соттук териштирүү гана аныктаарын, бирок да учурда бийлик тарабынан саясий куугунтук, кысым көрсөтүлүп жаткан анык деди.

- Ишенбай Кадырбеков өлкөдөгү көрүнүктүү саясатчылардын бири. Аны камоодо саясий негизи бар деп эсептейм. Кызматынан кыянаттык менен пайдаландыбы, же жокпу, аныгын сот териштирүүсү зарыл. Ишенбай Кадырбековду камабай эле, тергөөгө алышса болмок, бийлик бул жоругу менен өтө катуу кетип калды.

Ишенбай Кадырбеков өзү камалганга чейин «Азаттык» үналгысына Каржы полициясы тарабынан жасалып жаткан аракетти азыркы бийликтин көрсөтмөсү деген.

- Жумуштан себепсиз бошоткону аз келгенсип мага карата кылмыш иш козгогонун, Каржы полициясынын мыйзам тартибинде мага билдирбегенин азыркы бийликтин кезектеги саясий ыплас иши деп эсептейм. Мындай куугунтукка алуy, укугумду тебелеп, кордогону, мага жана менин туугандарыма, учурунда чогуу иштешкен айрым кесиптештериме көрсөтүлө баштаган куугунтуктоо өлкөнүн президентине кайчы пикир болгонунан, жакында болуп өткөн Элдик курултайга катышып, анын чечимдерин колдогонуман чыгып олтурат деп эсептейм.

Бирок да андай саясый заказ деген пикир менен Каржы полициясынын тергөө бөлүмүнүн башчысы Турарбек Масыбаев макул эмес.

- Жок, бул жакта эч кандай саясат жок. Кайдан болсун саясат. Биз саясат боюнча иштебейбиз. Эсеп палатасынын актысы бар. Бүт кылмышынын баарын тактап, кагаздарынын баарын адвокатынын көзүнчө көрсөттүк. 2007-жылдын 17-августунда бүткөн Эсеп палатасынын материалы түшкөндөн кийин иштеп жатабыз. Бул жерде саясаттын эч нерсеси жок.

Ишенбай Кадырбековдун саясий иш-аракети кызматтан алынгандан кийин кайра оппозициялык маанайда жанданганын «Ата мекен” партиясынын мүчөсү, мамлекеттик жана коомдук ишмер, экс-мамлекеттик катчы Накен Касиев да белгилеп, анын камакка алынышына мына ушул жагдай сөзсүз себепкер болду деген пикирде.

- Негизинен Ишенбай Кадырбековдун эгемендүү өлкө үчүн саясатчы катары салымы зор. Ал өтө кадыр-барктуу инсан, Кыргызстан үчүн көп кызмат өтөдү. Ал түгүл Аскар Акаевдин бийлигине да коркпой сын айткан, бетке айткан депутаттардын бири болчу. Ыңкылаптын ишке ашуусуна да салым кошконун танууга болбойт. Бакиевдин командасынын катарында дагы иштеп, кандай себептерге байланыштуу кызматтан алынганы да күмөн болуп калган. Чынында эле Ишенбай Кадырбековду мурда төрага кезинде камабай, мурда күнү камаганы кандайдыр бир шек туудурат. Себеп дегенде акыркы убакта Ишенбай Кадырбеков оппозицияга аралашып, биздин курултайыбызга келип катышып, активдүүлүгүн дагы көрсөтүп өз ой-пикирлерин ачык айта баштаган болчу. Ошон үчүн алдын алып: «Мына, Ишенбай Кадырбековду камадык, калганыңар көзүңөрдү ачкыла!» деп башка оппозициядагы саясатчылар да коркушсун деген мааниде болуп жаткан иш-чара го эсептейм. Анын камалышы саясатчыларды жана мени тынсыздандырат.

Каржы полициясы тарабынан күнөө коюлуп жаткан белгилүү саясатчы Ишенбай Кадырбеков мурда парламенттеги оппозициянын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири болчу. Ал 2005-жылдын 24-мартындагы бийлик алмашуусунан кийин аз убакыт парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы, мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу болуп иштеген.

Ыңкылаптан кийин бир аз убакыт өлкөнүн транспорт жана байланыштар министринин милдетин аткаруучу кызматында турган. Эки жылга жакын өлкөнүн архитектура жана курулуш агенттигинин жетекчилик кызматын аркалап, бирок быйыл жыл башында себеп-жөнү жарыя кылынбай туруп, башка ишке өткөндүгүнө байланышуу делип, төрагалыктан четтетилген.

Каржы полициясы ага жер титирөөдөн зыян тарткан айылдарга мектеп курууга деп бөлүнгөн акчаларды ысырап кылган, кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деп күнөө тагууда.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG