Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:55

И.Айтмаматов: Кадырбековго каршы козголгон иште саясий себеп бар


Ишенбай Кадырбековго каржы полициясы тарабынан кылмыш иши козголуп, 25-апрелден бери тергөө абагында кармалууда
Ишенбай Кадырбековго каржы полициясы тарабынан кылмыш иши козголуп, 25-апрелден бери тергөө абагында кармалууда

Бүгүн Бишкектин Ленин райондук соту коомдук-саясий ишмер Ишенбай Кадырбековго байланыштуу ишти карап баштамакчы. Мунун алдында Кадырбековдун жактоочуларынын бири Ишен Айтмаматов бул иштин тегерегинде «Азаттыктын» таңкы түз обосунда кеп салып берди.

- Сиздин оюңузча, Кабырбековго байланыштуу кылмыш ишинин козголушу анын чарбалык ишине байланыштуу болуп жатабы, же анын артында кандайдыр бир саясий оюндар болуп жатабы?

-Албетте, бул иш эмне себептен башталган деген суроо ар кандай жагдайда коюлуп келген. Муну саясий, чарбалык, экономикалык жана башка ар кандай жоромолдорого байланыштырып келишпедиби. Бирок Кыргызстан кичинекей, мындай чоң саясий деңгээлдеги адамдын айланасындагы сөздөр бат эле ар тараптан иликтенээри дагы белгилүү да. Саясий чөйрөдө баары бири-бири менен тааныш, тууган-алыш болуп кетишет эмеспи. Бул саясий иш.

- Ишен мырза, ал эми Ишенбай Кадырбековду тергөө абагында кармоо мөөнөтү 26-октябрда аяктаганы тууралуу маалымат бар. Эгер андай боло турган болсо Кадырбеков №1 убактылуу кармоо жайда мыйзамсыз отурабы?

-26сынан бери №1 СИЗОдо ал киши мыйзамсыз отурат. Анткени өзүңүздөргө белгилүү, Конституциянын 10-статьясында соттун чечимисиз бир дагы күн, бир дагы саат өлкө жаранынын абакта отурууга укугу жок. Ал кишинин мөөнөтү 26-октябрда бүткөн, ошондон бери мыйзамсыз отурат. Бирок тилекке каршы биздин соттор ар кандай иштерди бурмалоо менен, кагаздарды арткы мөөнөт менен жасоо менен, иш жасалмаланып кайра узартылышы маалым болуп атат, адвокаттын айтуусу боюнча.

- Демек бул жерде сотторго жогорку бийлик тарабынан кандайдыр бир кысымдар болуп жатат деп айтууга болобу?

-Албетте, жогорку жактан, Ак үйдөгү адамдар тарабынан, кошомат кылып аткан кызыкдар адамдар тарабынан сот ишине киришүү болуп жатат.

- Кадырбековду колдоочулар буга чейин ачкачылык жарыялап, ар кандай саясий акцяиларды уюштуруп келишти эле. Алардын дагы деми өчкөндөй?

Кадырбековдун өзүнүн теңиртоолук мурунку шайлоочуларына кайрылуусу бар. «Мен акмын, мейли соттун калыстыгын күтөлү, андан кийин эл кабыл алган чечимге мен макул болом» деген кайрылуусу бар.

XS
SM
MD
LG